ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДҮ ПЛИТКА МЕНЕН КАМСЫЗДАГАН ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛЫ

Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү кымбат баалуу таштар тууралуу уктуңуз беле? Күн жылыганда ал тарапка барчу болсоңуз, күн-түн дебей кербендей болуп ак таш жүктөп алган КамАЗдарга сөзсүз көңүлүңүз бурулат. Ош шаарынан батышты көздөй 80 чакырым алыстыкта, тоону бойлоп отуруп кербендин уюгуна туш болосуң. Ушул айыл өкмөткө караштуу Топор айылынын этегинде эле жерде жайнаган ак таштар, толтура унаалар көзгө урунат. Жерден чыккан баалуу таштын пайда болушу да кызык. Эл арасында аны ач көз бай Карынбайдын малы деген уламыш жашайт.

ТАШКА АЙЛАНГАН МАЛ...

Уламышка ылайык, бул аймакта Карынбай деген ач көз бай жашаган. Ал малын сугарганда Өзгөн суусу соолуп калчу экен. Күндөрдүн биринде Кызыр пайгамбар ага "малыңдан кедей-кембагалдарга зекет бербейсиңби?" дейт. Ошондо бай "мага дагы ушунча мал берсең, анан зекет кылам" деп коёт. Кызыр Карынбайдын өтүнүчүн аткарып, "эми бересиңби?" десе бай кайра эле ач көздөнүп, мурунку сөзүн кайталап туруп алат. Ошентип 3 жолу айтса да "бул мал аздык кылат" дей бергенинде өзүн жер жутуп, малы ташка айланып калган экен. Төмөндө биз кеп кылчу таштар ошол Карынбайдын ташы тууралуу.

Эрмек Айтиев, карьер жетекчиси, тоо-кен геологу: "ТАШТАРДЫ ӨЗБЕКСТАНДЫКТАР КӨП КОЛДОНДУ"

– Бул аймактарда илгери деңиз болгон. Деңиздин чөгүндүлөрү чогулуп отуруп миллион жылдардан кийин таш болуп эң алдында калып калган. Биз казып жаткан таш акиташ-үлүл кабыгы (известняк-ракушечник) деп аталат. Таштарды араалаганда кадимки эле деңиздеги үлүл кабыктары же кабыктардын изи чыгат. Кыргызстанда курулуш иштерине гранит, мрамор, акиташ-үлүл кабыгы колдонулуп келет. Биздикиндей таштар Гүлчөдө, Жалал-Абаддын бир нече аймактарында да бар. Союз маалында Бишкектеги көп имараттар: ооруканалар, Таш-Дөбөдөгү (Воронцовка) санаторий, Учкун Жалпак-Таштын ташынан салынып, кооздолгон.
Бул аймак иштетүүгө 1970-1980-жылдары берилген. Ал кезде техника жок, таштарды жардыртып алышчу. 1990-жылдары гана менчик фирмаларга иштетүүгө берилип, жеңилирээк болуп калды. Азыр ар бир карьерде жүк ташуучу унаа, кран, ташты формага келтирген, араалаган машиналар бар.
Өзгөн району боюнча Жалпак-Таш айыл өкмөтү бай деп уккам. Себеби таш алып иштетип жаткан ар бир фирма лицензияга, ижарага акча берип турабыз. Ага кошумча көпүрөсүн, жолун жасап, кардан тазалап, колубуздан келген жардамыбызды беребиз. Акиташ-үлүл кабыгы таштары 4-5 жылдан бери Өзбекстанда мода болуп, көп чиновниктер үйлөрүн, имараттарын жасалгалашты. Жадакалса маркум президенти Ислам Каримов ушул жактан таш алдыртып курулушка пайдаланып, мода ошондон башталган деп уккам. Жакындан бери Бишкектеги көп ресторан, үйлөргө да биздин таштар керекке жарап келет.

Тойбек Абылкасымов, айдоочу: "АЙДООЧУЛАРДАН ЖАБЫР ТАРТКАНДАР БАР"

– Мен бул жерде иштегениме 2 жылдан ашты. Бизге менчик фирмалар, жергиликтүү жашоочулар КамАЗдарын беришет. Алар айткан жерге жеткиребиз, бир рейсине 1500 сом алабыз. Жалпак-Таш айылынын элинин 100гө жакын КамАЗы бар. Алар өздөрү айдашса, бир рейсине 5000 сом алышат. Иш менен биздин эл камсыз болгону менен, анча-мынча зыян тарткан учурлар да болот. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жашоочулары күнү-түнү тынчтык болбойт деп көп арызданышат.
КамАЗ менен жүргөндүн кооптуу жактары да көп. Жаан-чачын, кар жааганда тайгаланып кырсыкка учураган кездер болот. Буга чейин бир КамАЗ тайгаланып артындагы ташы жылып келип кабинканы кысып, айдоочусу каза тапканын уккам. Биз деле суук түшкөндө Кудайлап айдап жүрөбүз. Өзүңүздөр көргөндөй жолдор тар, тегиз эмес.

Замирбек Бектемиров, Топор айылынын тургуну: "ЖОЛДОРУБУЗ ЖАРАКТАН ЧЫКТЫ"

– Жалпак-Таш айылына алгач Шухрат деген геолог келип, изилдеп, баалуу таштар бар экенин аныктап кеткен дешет. Совет мезгилинде азыркыдай техника жок болчу да. Таш алыш үчүн жардырып, көп убара тартышчу. Биздин айылга да анын запкысы тийип, чаңдын астында эле калып калчубуз.
1989-1990-жылдары мен 5 жаштагы бала элем, айылга Турдакун Усубалиев тик учак менен учуп келген. Ал кезде бирин-серин таштар Жалал-Абадга жөнөтүлүп турчу. Усубалиев келгенден кийин таш казылган жерге жолдор ачылып, Бишкекке жөнөтүлүп баштаган. Кийинчерээк менчик фирмалар келип бардык техникасы менен иштетип, бизге да тынч болуп калды.
Мен көптөн бери бул жакта бригадир болуп иштейм. Бригадада 6 киши бар. Милдетим – кесилген таштарды формага келтирип берүү. 15 күн иштейм, айлыгым 15 миң сомдун тегерегинде. Бизде бир эле маселе бар, КамАЗдар каттай берип жолду жарактан чыгарышкан. Айыл өкмөтүнө арыздансаң акча жок деген жооп угасың. Быйыл гана 1 чакырым жерди асфальттап беришти. Калганын качан жасайт, Кудай билет.

АКИТАШ-ҮЛҮЛ КАБЫГЫ ТАШЫ ТУУРАЛУУ

  • Менчик фирмалар лицензия сатып алып, жерди иштетишет. Жыл сайын текшерүү болуп, талапка жооп бербегендери лицензиядан ажыратылат.
  • Жалпысынан 88 гектардай жерди 12 фирма иштетет. Андан сырткары 100 гектардай жер толук ачыла элек, текшерүү алдында турат.
  • Таштар 2 катмардан турат. 1-катмарынын тешикчелери көп болот, метр кубу 2000-4000 сомго чейин бааланат. 2-катмары тунук, жалтырап турат, баасы 5000-7000 сомго чейин барат. Таштын баасын фирма чыгашасына жараша өзү коёт.
  • Таштардан плиткалар, текчелер, тепкичтер, эстеликтер жасалат.
  • Мурун Орусиянын Сочи шаарына көп экспорттолчу. Учурда плитка түрүндө Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Тажикстанга жөнөтүлөт.

1 метр куб таштан 20-25тей плитка чыгат.


Мына сага байлык... Таш чыккан аймак алыстан шаарчадай көрүнөт.


Бул жакка кесипкөй жумушчулар эле сырттан келбесе, кара күч иши жалпак-таштыктардан артпайт.


Минтип жердеги таштарды турган жеринен араалап, кесип алышат.


Гүлжамал Бөрүкулова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Ajdarkyzy
2017-03-08 14:55:07
Апам ушул айылдан болот(топорунан). Кичинебизде бат баттан барып турат элек. Таштын устунон суу агып турчу,суу кечип ойночубуз кечке. Ошондо апаман сураганымда ушундай уламыш айткан эле. Ошон учун карынбайдын ташы деп аталып калган деп. Азыр жалпак ташка барбаганыма он жылдан ашты.
0
mederkg
2017-03-08 15:54:30
Жалпак таш менин кичи мекеним го өркүндөп өсө бер жалпак таш (киров) деген айылдан болом
0
lady_91
2017-03-08 18:18:53
Барсынарбы Жалпак-Таштыктар жазгыла,баарына салам!!! Оркундой бер осо бер Жалпак-Таш!!!
0
jypara1415
2017-03-09 00:10:44
Чын эле жолу жаман .
0
ailin16
2017-03-09 07:26:35
Жер соргон Карынбайдан имиш буткон демекчи биздин да балалыгыбыз ушул жомокту угуу менен отту. Жашара бер бейиштин тору Жалпак Ташым. Туз-Бел.
0
Muslim_KGstana.
2017-03-09 12:38:54
Шеринеге барганбыз))
-2
medik-kyz
2017-03-10 16:16:19
Мен жакшы коргон жерго оркундой берсин жайлоосу да абдан сонун,эли да абдан меймандос келет досторум ошол жактан болот (Топордон)
+1
shamshiev.80
2017-03-11 15:19:21
Башкирлар жаман эл деп айтышчу эле,
0
marmiladka9
2017-03-11 21:15:02
Жалпак-Таш керемет жер.
-1
aika0906
2017-03-12 23:59:51
Даяр жасалган тепкич.эстеликтерин да киргизип койбопсунар да...
+1
Almazbek1980kg.
2017-05-13 01:29:57
Охо менин тага журтум го.
0
№ 748, 3-9-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан