3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ

(Башталышы өткөн санда)

Тураттын байкеси эркин күрөш боюнча машыгат, инисине бир-эки ыкма үйрөтүп койгон. Өзү да кең далылуу, бою узун бала эле. Жаагы тынбаган Турат Шерзатка тийишкенди адатка айлантып алды. Класста 7 бала болсо, баары Тураттын сөзүн сүйлөп калышкан. Шерзат Тураттын сөздөрүнө ичинен ыза болсо да, көтөрүп жүрдү. Дагы бир күнү сабактан кетип бараткан Шерзатты какшыктап кетти. Эми Шерзаттын чындап чыдамы түгөндү. Өзүн көздөй тап берип келе жаткан Тураттын жаагына оң капталдан келген сокку түз тийди. "Дүп" деп эле жерге кулап түштү. Чын эле мен урдумбу деп Шерзат өзүнө ишене албай кетти. Калган балдар да бир саамга нес болуп турган ордунда катый түшүштү. Эми гана эсине келген балдар Туратка жабалактап калышты. Эсин жоготкон классташ баласына суу берип жатып ойготушту. Эсине келе түшкөн Турат Шерзатты көрөр замат:
– Сениби, сен шашпа...- деген бойдон калды. Турганга алы да, шайы да жок болчу.

ххх

Илимбек жаңы эле мектеп директоруна жолугуп келген. "Шерзат Тураттын жаагын сындыра чааптыр" деген кеп айылдын башкы темасына айланды. "Атасы тигинтип ооруп жүрсө, баласын кайдан тарбияламак эле?! Апасы да өгөй эмеспи" деп айыл кемпирлери күбүрөнүп коюшат. Чындыгында Илимбек акыркы жылдары ооруга көп алдырып баштады. Жаш өткөн сайын өнөкөт оорулары козголуп, сөөктөрүн сыздатчу болду.
– Машыгууларыңдан жакшы нерсе чыкпайт деп айтпадым беле?! 3 айга жетпей жатып классташ балаңдын жаагын сындырып коё жаздаптырсың. Эмне, чоңойдуңарбы?! Кыз талашып мушташып баштадыңарбы?
– Бул коргонуу болчу. Аны мен сокпогондо, ал мени сокмок. Анан мага дарыга акча коротмоксуз. Атым дагы айылга чыгып калды,- деп ичинен бир чети ыраазы боло түшкөн Шерзат атасын жоошутуу аракетин көрдү.
– Балам, эркек менен эркектин мушташканы кадимки эле көрүнүш. Бирок аша чаап кетүүнүн кереги жок. Сага шек келтирсе, намыска тийсе, муштумду колдончу учурлар болбой койбойт. Бирок бирөөнүн баласына залал келтирүүнүн кереги жок. Чыныгы чемпиондор көчөдө муштумун бир да жолу колдонушпайт. Түшүндүңбү?
– Ооба. Чын эле ошондо намыска тийген болчу...
– Деги тиги Эрмек байкенин баласын сен бир койдуңбу, ээ? Аның сенден эки эсе келет эмес беле? Чоң муштум деген даана сен экенсиң,- деп бир чети таң калып койсо, бир чети баласы өзүнө жооп бере аларына көзү жетти. 14 жашка чыккан баласын "эрезеге жетип калган тура" деп ойлоп койду.

ххх

2 жумадан кийин гана Турат мектепке барды. Бир жумасын дарыланса, экинчисин эркелеп эле сабакка барбай койду. Ал Шерзатка кек сактап калган. Балдардын көзүнчө сокку жеп калса анан... Эркектик намыс ичин жеп жатты. Эми эки чайнап, бир жутуп коём деген ойлорун таш капты. "Шерзат 3 ай болсо да бир нерсе үйрөнүптүр" деп ойлоду. "Кайдан-жайдан келе калган Рустам агайды кара, же анысынан азыр дайын жок. Дагы жакшы, 3 эле ай машыктырды, азыркыга чейин болсо, Шерзат айылдын 8-класстарынын канчоосунун жаагын сындырат эле. Атамандыкты баарыбыз Шерзатка өткөрүп бермек экенбиз" деп коёт ичинен.
Ал күнү сабактан кийин 8-класстын балдары бир нерсе күткөндөй болушту. Алтынчы сабак дене тарбияны эмес, Турат менен Шерзаттын эрөөлүн. Баягы таамай соккудан кийин Шерзат өзүнө ишенип алган.
Мектептин артында топтолгон балдар кыйкырык-сүрөөн боло түшүштү. Эч бир сөзсүз эле Шерзат менен Турат ортого түштү. Бири намыс талашса, бири үйүнө көзүн көгөртпөй барууну ойлоду.
Узун колдору менен алдыга озунган Турат Шерзаттын кебелбей турганына кыжырдана кетти. Рустам агайы көрсөткөн тик турган абалда Шерзат буйтаганга үлгүрдү. Эми Турат ылдый качырып кирип, Шерзаттын эки бутунан алып көтөрүп чапты. Чогулган балдар ого бетер сүрөөнгө алып киришти. Жерге жатып калган Шерзаттын үстүндө Турат эми ээ-жаа бербей соккуларды жаадыра баштады. Бара-бара көздөрүнө эч нерсе көрүнбөй калды. Балдардын үндөрү да акырындан басаңдай түштү...
Шерзат эртеси айылдын бейтапканасында гана эсине келди. Ошентип, бокс менен эрте эле коштошту. Мындан кийин Шерзат мээлей кийгис болду.

ххх

Илимбек баласын элден кем калтырбай 11-классты бүткөндө шаардагы жогорку окуу жайдын бирине окуткусу келди. Кыялында чет тилин үйрөнүп алса, келечеги да кең болмок деп ойлочу.
"Азыр университетке өтүү оңой эмес. Кудайга шүгүр, малдан кем эмеспиз. Шерзатка энчиленген малдын эсебинен окууга өткөргөнгө аракет кылуу керек. Окууга акчаны коротуу, демек, келечектин камын көрүү". Илимбек жыл өткөн сайын карып баратканын сезсе да, уулунун келечегин ойлобой койгон жок. "Көзүм өтүп кетсе, апасы аны карайбы, карабайбы ким билет?" Тирүү кезинде тун уулуна болушунча жардам берип, аталык акысынан кутулуу керектигин түшүнүп турду...

 (Уландысы кийинки санда)

Алибек Алиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Dilbaranurdinova
2017-03-08 12:50:49
Апий эч ким жокко биринчилерден шерзат калтак жеп калдыгоо
+4
Aima94
2017-03-11 12:03:18
Dilbaranurdinova,Уктап калышкан го))))
+1
Muslim_KGstana.
2017-03-09 11:14:55
Башы кана
-3
Neizvestno777
2017-03-09 17:36:14
Башы кайда мунун?Мындан мурунку санында жок го?
-3
admin_superstan
2017-03-09 18:00:43
Neizvestno777, саламатсызбы? https://www.super.kg/article/show/39607
+2
№ 748, 3-9-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан