"МАРТ АЙЫНДА КЫМБАТ БУЮМ САТЫП АЛБАҢЫЗ". АСТРОЛОГ БУЛ ЖОЛУ ЭМНЕ ДЕЙТ?

Эске салсак, өткөн сандарда "Кыргыз өлкөсү үчүн февралдын аягы кооптуу..." деген макала жарыялаганбыз. Анда астролог "окуялардын эң орчундуу учуру 25-февраль-1-март аралыгына туура келип, саясий тирешүүлөр, жаратылыш кырсыктары жана аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүүсү күтүлүүдө" деген божомолу менен бөлүшкөн. Соңку окуялар көрсөткөндөй, астролог Жанар Кадыралиевдин божомолдору туура келди. Бул ирет ал март айында кандай окуялар орун алары боюнча айтып берди.
– Биз өткөндө сөз кылган Марс, Юпитер, Уран жана Плутон дагы да болсо чыңалуу абалында турат. Марс агрессивдүүлүктүн, механиканын, өрт коопсуздугунун жана түрдүү кырсыктардын планетасы болгондуктан, ал эми Уран электроника, электроэнергетика, авиация жана күтүүсүздүктүн планетасы болгондуктан, акыркы учурда кырсыктардын көп орун алып жатышы ошондон. Анын ичинен өрт кырсыктары жакынкы 10 күндөн тартып азая баштайт. Ал эми калган жогоруда айтылган окуялардын көпчүлүгү жылдын биринчи жарымында актуалдуу бойдон калат.
Венера планетасы 4-март күнү Кыргыз убактысы боюнча түшкү саат 3төн 10-апрелге чейин кезектеги кетенчиктөө кыймылын баштайт. Венера сулуулуктун, сүйүүнүн, жасалгалоонун, акча маселелери жана эс алуунун планетасы болгондуктан, бул убакыт аралыгында эч кандай кымбат кийимдерди, кымбат буюмдарды алууга болбойт. Алган нерсе адамга жакпай калышы мүмкүн. Эгер сатуучуга кайтарып барсаңыз, акчаңызды оңойлук менен бул учурда кайтарып бербейт. Үй, кеңселерди жасалгалоого да ылайыксыз мезгил. Катачылыктар кетет. Дагы эң негизгиси пластикалык операцияларды жасатпоо керек. Бул мезгилде көп адамдарда эски сүйүүсү менен кайрадан жолугушуп калуу ыктымалдуулугу бир топ жогору,- дейт астролог Жанар Кадыралиев.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 748, 3-9-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан