КУТУРГАН КАРЫШКЫР АЙЫЛГА КОЛ САЛДЫ

1-март күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Калкагар айылындагы малга кутурган карышкыр кол салды. Натыйжада 40ка жакын мал-жандыкты жана 3 ит, 1 эшекти тиштеген. 35 кой-эчкисинен ажыраган айыл тургуну Жекшенбек Мамбеталиев үй-бүлөсүнүн негизги кирешесинен ажыраганын айтып кайгырууда. Кутурган карышкыр бул үй-бүлөнүн короосунан чыгып, башка тургундардын жандыктарына да кол салган. Кийинчерээк айыл тургундары карышкырды өлтүрүшкөн. Карышкыр тиштеген жандыктар ветеринардык текшерүүдөн өткөрүлүп, кутурма оорусу жуккандары эрежеге ылайык жок кылынды.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 5-февралында аталган айылдын тургунуна карышкыр кол салган болчу. Кар оор түшкөнүнө байланыштуу карышкырлардын тоого жакын айылдарга кол салуулары көбөйгөн.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Parish
2017-03-09 00:36:57
Тооба. кылдым.
0
№ 748, 3-9-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан