КОРЕЯГА КЕТҮҮГӨ ЖАСАЛМА ДОКУМЕНТ ЖАСАГАНДАРГА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

Бишкек шаардык калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин райондук бөлүм башчыларына карата кылмыш иши козголду. Алар "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "кызматтык жасалмачылык" беренелери боюнча айыпталууда. Кылмыш иши боюнча маалыматты Башкы прокуратурадан 2-мартта кабарлашты.
Иликтөөнүн жыйынтыгында аталган кызматтын өкүлдөрү 2016-жылдын июнунан сентябрь айына чейин Кыргыз мамлекетинин 56 жаранына Түштүк Кореяга кетүү үчүн аты-жөнүн жана никелешүү тууралуу жасалма документтерди жасаганы маалым болгон. Алар Бишкектин Свердлов, Ленин, Биринчи Май жана Октябрь райондорундагы Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү болушкан. Мындай мыйзамсыз иштерди жасоого "Б.А.ЛТД" ишканасы да көмөк көрсөткөн деп айыпталууда. Учурда аталган кылмыш ишин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети иликтөөдө.
Эске салсак, буга чейин да Түштүк Кореяга виза алууга ортомчу болгондорго алдангандар тууралуу маалымат коомчулукка жарыя болгон. Учурда аталган өлкөгө мигранттардын агымы күчөгөндүктөн, жасалма документтер менен иштеген шылуундардын курмандыктары да өсүүдө.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 748, 3-9-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан