8-марттын эртеси айымдарда "белекке келген гүлдөрдү эми кантип узакка сактайм?" деген суроо жаралат. Мунун анчалык деле кыйынчылыгы жок, болгону төмөнкүлөргө көңүл буруу кажет.
САБАГЫН ТУУРА КЕСИҢИЗ
Гүлдүн сабагын кыйгачынан кесиңиз жана түбүнүн 3-4 сантиметрге чейинкисин кабыгынан ажыратыңыз. Албетте, муну аларды сууга салар алдында аткарыңыз.
ЖЫЛУУ СУУГА САЛЫҢЫЗ
Гүл түрдүү бактерия жана микробдордон жабыркабашы үчүн таза идишке салуу кажет. Сабагынын үчтөн эки бөлүгү вазадагы сууда турушу керек. Ал үчүн бөлмө температурасындагы суу ылайыктуу (22-23 градус). Гүлдүн суусун күндө алмаштырганды унутпаңыз.
БАКТЕРИЯЛАРДАН КОРГОҢУЗ...
Ал үчүн кеңеш: Сууга лимон кычкылынан себелеп же 2 аш кашык арак, болбосо 1 таблетка аспирин эзип кошуп коюңуз. Бул гүл соолубай, узакка өмүр сүрүшү үчүн зарыл.
КУМШЕКЕР СИЗГЕ ЖАРДАМЧЫ...
Аны көбүнчө гвоздика, нарцисс жана жоогазын гүлдөрү жактырышат. 1,5 чай кашык кумшекерди 1 литр сууга аралаштырсаңыз жетиштүү.
ТУУРА ЖЕРГЕ КОЮҢУЗ
Гүл салынган вазанын жанына мөмө-жемиштерди койбоңуз. Себеби алар жалбырактардын бат күбүлүшүнө алып келген этилен газын бөлүп чыгарышат.
Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg