Жол көрсөтүүчү же багыттоочу идеясы болмоюнча мамлекет өнүгө албайт. Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеши 2013-2017-жылдарды жаратмандыктын беш жылдыгы деп белгилеген. Анда бул аралыкта мамлекет катары калыптануу жана Кыргызстандын ийгиликтүү өнүгүшүнүн негиздерин түптөө максаты коюлган. Соңку жылдарда Кыргызстандын коомдук, саясий жана экономикалык турмушунда өлкөнүн келечегин аныктай турган маанилүү өзгөрүүлөр болуп жатат.
2016-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын экономикасында 2,7 пайыздан 3,8 пайызга өсүү байкалды. Бюджеттин тартыштыгы ички дүң продукцияга карата 4,6 пайыз өлчөмүндө сакталууда. Республиканын бюджетинин 50 пайыздан ашыгын социалдык чыгымдар түзөт.
Кыргызстан билим берүү системасына республикалык бюджеттин төрттөн бир бөлүгүн жумшайт. Бир убакта 10 пайыз гана балдар бала бакчага барган болсо, азыр андан эки эсе көп. Ал эми дээрлик 100 пайыз балдар мектепке чейинки даярдык программаларынан өтүүдө. Бул деген мамлекеттин билимге болгон көңүл буруусу.
Акыркы жылдары 351 коомдук-жамааттык бала бакчалар ачылып, алардын көпчүлүгү жергиликтүү бийлик органдарынын балансына өтүүдө. Ал эми мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мектепке чейинки мекемелер кайрадан бала бакча катары колдонууга өткөрүлүп жатат.
Мындан башка кубанарлык дагы бир жагдай – мектепте иштөөгө умтулган жаш кадрлардын саны өсүп баштады. Буга түзүлүп жаткан жакшы шарттар менен кошо эмгек акынын көбөйүшү да чоң түрткү болууда. Сандар менен алып карасак:
Жыл сайын кыргызстандыктардын маянасы жана пенсиялары көбөйүүдө. Кыргызстанда жарым миллиондун тегерегинде пенсионер жашайт. Алардын республика боюнча орточо пенсиясы 5 миң сомдон ашат.
Кыргызстандыктардын орточо айлык маянасы жана пенсиялары эки эселеп көбөйгөнүн инфографикадан даана көрсө болот.
Кыргызстанда армияны, дегеле аскер жана күч органдарынын кызматкерлерин колдоо иштери системалык түрдө жүргүзүлүп келүүдө. Алардын турак жай маселелери да чечилүүдө. Мамлекет турак жай курууга жана ипотекалык программаларды каржылоого каражаттарды табууда.
Күч түзүмдөрү блогу боюнча бардыгы болуп 53 көп батирлүү үйлөр курулуп бүтүп, 36 көп батирлүү үйлөр курулуп жатат. Мындан тышкары аскер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине үй салып берүүнү улантуу маселеси да каралып жатат.
Ал эми ишке киргизилген объектилердин өсүш темпин – жалпы салынган мектептердин санын төмөнкү
инфографикадан көрсө болот:
Акыркы жылдары өлкөбүздүн региондорунун экономикалык өнүгүшүнө түрткү бере турган долбоорлор, автожолдорду салуу жана реабилитациялоо иштери боюнча көптөгөн иштер жүргүзүлүп, ошондой эле ири
инфраструктуралык объектилер ишке киргизилүүдө.
2013-жылдан тартып Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун салынышы уланууда, Тараз-Талас-Суусамыр жана Ош-Баткен-Исфана автожолдорун реабилитациялоо иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары Бишкек-Ош жана Тажикстан Республикасынын чек арасына чейинки Исфана-Сүлүктү-Худжант жолдорун реабилитациялоо боюнча даярдык иштери жүргүзүлүүдө.
2017-жылдын аягына чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автожолдорун калыбына келтирүү иштери бүтүп калат. Баткен облусунун транспорттук көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн Айгүл таш-Согмент-Чарбак-Таян, Бел-Согот-Бөжөй, Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык участокторунда көз карандысыз жолдун багытын бөлгүчтөр жана Кулунду-Максат автожолунда 2 көпүрөнүн курулушу аягына чыгууда.
Жогорудагы сандарга таянсак, 5 жыл мурда алынган багыт боюнча алгылыктуу жыйынтыктар көрүнө баштады. Кыргызстан ишенимдүү бутуна туруп келе жатат. Баарыбыздын тилегенибиз – күчтүү жана өнүккөн мамлекет куруу. Бул үчүн Кыргызстанда бардык мүмкүнчүлүктөр – колдонула элек күчтөрүбүз жана эң негизгиси жаратман элибиз бар. Экономикада, адамдардын турмушун жакшыртуу үчүн, бакубат жашоо үчүн алдыда жасала турган иштер көп.