Кыргыз шоу-бизнеси орду толгус жоготууга учурады. Ырчы, телеалпаруучу жана шоумен Микаэлдин кырчындай жашы кыйылды. Маалыматтарга караганда, 31-март күнү кечки саат 18 менен 19дар чамасында белгисиз бирөөлөр кол салып, өзү жашаган үйдөн бычактап кетишкен. Микаэлдин денесине 22 жолу бычак сайылган. Аталган кылмышты изилдөө үчүн атайын оперативдүү топ түзүлдү.
ИШЕНГИБИЗ КЕЛГЕН ЖОК
Күбө адамдардын айтымына караганда, сөөк ырчынын өзүнүн үйүнөн табылганы менен, подъезддин баары кан болгон. Муну менен “Микаэль мыкаачылардын артынан кубалаганга аракет кылган” деген да маалыматтар таралууда.
Редакциябызга бул тууралуу маалымат түшкөндө “1-апрель – Күлкү күнүнө карата уюшулган тамаша го” деген ойдо ишенгибиз келген жок. Албетте, кантип ишенесиң, мындай жаман кабарга?!
“Супер-Инфо” гезитинин жамааты Микаэлдин ата-энесине, жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт. Эскерте кетсек, Микаэль 1986-жылы 16-июлда Кант шаарында туулган.
ЖАКЫНДАРЫ, ДОСТОРУ ЭСКЕРИШЕТ
Көз көрсөтүп барганыбызда апасы көз жашын көлдөтүп акыркы жолу телефон менен сүйлөшкөнүн буркурап айтып жатты.
– Мен Микамды балдарымдан башкача баккам. Өзгөчөм эле. Кичинесинен эле өз алдынча эмгектенгенди сүйгөн аракетчил болчу. Эс тартканы биздин моюнубузга отурган жок. Бизди кыйнап бир жолу да бир сом сураган эмес. Эч кимдин көңүлүн калтырбаган, бала кыял эле. Өзгөчө мага жакын болчу. Экөөбүз эне-бала катары сүйлөшпөстөн, теңтуштардай сырдашчубуз. Үй-бүлө ортосунда кандайдыр бир түшүнбөөчүлүк болсо, Микам кабагым-кашым дебей күлүп-жайнап жайгарып, тамашалап жатып баарыбызды күлкүгө, шаңга бөлөп салчу. Бала кезинен эле алдыга умтулуп, балдардан башкача кийингенди жактырган балам бар эле. Тилегине жетпей ажалга моюн сунду, шордуу балам. Мага кечки саат алтыларда телефон чалган. “Азыр укол алам” деп айткан эле. Баламдын эне сүтү оозунан кетпей кете берди.
Ырчынын шоу-бизнестеги жакындары «АКИpress» агенттигине чогулушуп, Микаэлдин бул дүйнө менен коштошконуна ишенишпей, эскерип жатышты.
Ассоль Молдокматова, теледива:
– Микаэль жакында эле мага жолукканы кеңсеге келген экен. Бирок мен Москвада элем. Андан мурунку жолукканыбызда “Орусияга барып иштеп келсем кандай болот?” деп кеп-кеңеш сураган. Мен ага: “Сенде бардыгы: шык бар, талант бар. Барсаң бутуңа туруп кетесиң. Мен деле бир бутум Москвада, бир бутум биякта болуп иштеп жүрбөймүнбү”,- деген элем.
Айгүл Чалова, ырчы:
– Биздин көпчүлүк концерттерге Микаэль алып баруучу болчу. Ал менин эң жакын досум болуп калган. Аябай эрке эле. Мага кадимкидей эркелечү. Мен дагы, ал дагы куурдакты жакшы көрчүбүз. Ошондон улам ал мени “куурдашка” деп чакырчу.
Нурлан Мамакеев, продюсер:
– Микаэль менен чогуу иштешкен жылдары эч кандай маселе жараткан жок. Кыла турганды айттырбай өзү жасап турчу. Эч нерсени жашырбаган, бала кыял эле. Бир да жолу бирөөгө орой сөз айтканын укканым жок. Ар бир адамдын көңүлүн таап кете алчу. Адамдын көңүлүн калтырчу эмес. Мен Микаэлдин душманы жок деп ойлочумун. Киши колдуу болуп өлгөнүнө ишене албай турам.
Бакыт Байсариев, бийчи:
– Мен Микаэлди акыркы жолу бир кечеден көргөм. Анан 31инде мага капысынан милицияда иштеген бир таанышым чалып, “Бакыт, Микаэль досуң кайтыш болуп кетиптир” деп калды. Алгач мен ага ишенген жокмун. “Эртеңки тамаша күнүн эрте баштап алган го...” деген ой да келди. Бирок жүрөгүм бир жамандыкты сезгендей сайгылашып кетти. Анан өз көзүм менен көрүүнү чечип, дарегин тактап барсам, чын эле досум дүйнө салыптыр. Окуя болгон жерге эч кимди киргизбей жатышыптыр. Мен таанышымдан суранып, үйүнө кирип болгон окуяны өз көзүм менен көрдүм. Үйүнүн босогосунда канга боёлуп жаткан экен. Микаэль абдан ак көңүл, кишинин көңүлүн калтырбаган жигит болчу. Мындай ишке кимдин колу барганын билбейм. Мен көргөн көзүмө дале ишенбей жатам.
Самат Дөөлөтбаков, ырчы:
– Мен Микаэлди 2001-жылдан бери билем. Аны менен белгилүү бир кафеде официант болуп иштеп жүргөн кезинде таанышкам. Ошондо эле өзүн алып жүрүүсүн, адамдарга кылган мамилесин көрүп, өсчү бала экенин билгем. Кыскасы, көз алдымда эле популярдуулукка жетишти. Акыркы жолу 24-мартта болуп өткөн борбордук аянттагы концертте көргөм. Тааныган адамдары менен да, тааныбаган адамдары менен да саламын үзбөгөн, кичи пейил жигит болчу. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек жатып дүйнө салып кетиши абдан аянычтуу болду.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg