(Башталышы өткөн сандарда)
Ошентип акыркы коңгуроо да кагылды. Шерзаттын классташтары биринин артынан бири шаарга карай окууга жөнөп жатышты. Илимбек баарынан кабардар болуп турса да, Шерзаттын унчукпай жүргөнүн ойлоду. Жайдын биринчи аптабы келгенде уулун ээрчитип Бишкек шаарына жөнөдү. Шерзатты окууга өткөрүү керек эле.
Атасынын бул кылыгына Шерзат чындап таң калды. Анын оюнда ылдыйкы көчөдөгү жактырып жүргөн Айнураны жубай кылып айылда алып калып, мал менен эле алек болом дечү. Баары бир атасынын оюна каршы чыга албасын түшүндү. Бир чети "Бишкек шаарында окуйсуң" дегени кызыктырды. Мектепти жалаң "4кө" окуган Шерзат "университетте окуп кете аламбы?" деп өзүнчө уйгу-туйгу...
ххх
– Кызым, турагой. Окууңа кечигесиң.
Экинчи кабатка чейин чыгып келген апасынын сөздөрү мемиреп уктап жаткан кызды ойготту.
– Апоу, азыр. Дагы беш эле мүнөт уктай турайынчы.
Таттуу уйкусунан ойгоно элек Медина эми гана көздөрүн ачты. Сааттын жебеси 7:24. "Көздү ачып-жумгуча таң атып кеткенин кара. Дагы 6 мүнөтүм бар экен, уктай турайынчы" деген бойдон кайра көзү илинип кетти.
"Жаш кезиңде чын эле уйкуга тойбойсуң" деген апасы Мединаны көрүп, анын төшөгүн тартып алды.
– Дагы түнү бою телефонуңду чукулап отурдуң да, ээ? Эрте укта десе болбойсуң!
Эми чындап турбаса, апасы менен талашуу узакка чейин созулат. Медина апасын катуу кучактап алды. Ал 3-курстун студенти болсо да, дагы деле бул үйдүн эрке кызы. Улуттук университетте бизнес жана башкаруу бөлүмүндө алдыңкы студенттердин катарын толуктайт. Англис тилин мектеп кезинде эле мыкты өздөштүргөн. Атасы АКШ элчилигинде иштегендиктен, кызын чет мамлекеттин биринде окутууну көздөчү эле. Андагы окуу жайларга каражат көп кетерин түшүнгөн Медина буга көнбөй койгон. Анын үстүнө үйдө жалгыз кыз болгондуктан апасын таштап көп убакытка кете албайт. Медина Бишкектеги эле окуу жайда окууну туура көрүп, көгөрүп туруп алган.
"Жоопторуңдан кабар жок. Каралдым, түнүң бейпил болсун". Эми Медина телефонундагы СМСтерди окуганга өттү. "Уйку мени жетелеп кеткен тура" деп ойлогон кыз тааныш номерине жооп жазбай койгонуна ойлоно түштү. Дароо телефонунан терип кирди...
"Мени кечир. Сенин СМСтериң мени уйкуга жетелейт экен..." Жок, бул жарабайт. Анда эмне деп ойлойт? Мага жазбай калып жүрбөсүн. Delete, delete, delete… "Катуу чарчаптырмын. Жооп жазганга чамам жетпей уйкуга кетиптирмин. Кутман таң!" О, эми окшошту окшойт" деп койду ичинен. Жиберүү. "СМС дарегине жетти" деген билдирүү келгенде гана Медина жуунууга жөнөдү.
Эки жылдан бери университетке чейинки жол жатталып бүттү. Көзүн таңып койсо дагы жолун таап барчудай сезилет. Мына, өз үйүндөй болуп калган аялдамада жумушуна шашкандар, окуусуна жөнөгөн студенттер... Бүгүн аялдамада өзгөчө эл көп. Медина дүйшөмбү эмеспи деп ойлоп койду ичинен. Университетке барчу маршрутканы араң дегенде токтотуп, ичи толтура болсо да киргенге шашты. Мындан башка айла жок. Калып калса окуусунан кечигет.
Маршрутканын ичинде өзүнчө жашоо башталат. "Кызык, Бишкектегилер өмүрүнүн канча убактысын маршруткада ушундай тыгылган абалда өткөрөт экенбиз?" деген ойлор... Жүргүнчүлөр биринин артынан бири кире бергендиктен, кээде дем да жетпей кетет. Анан сүйүүлөр башталат. Бир канча мүнөттүк...
Мына, чачын артка тараган, бою узун жигит экөөнүн көз караштары кезикти. Бери жагында классикалык стилде кийинген кара тору жигит Мединадан көзүн албай тиктеп турганын сезип турду. Кимиси кимге жакканын түшүнүп болбойт, анткени таанышууга, биринчи сөз сүйлөгөнгө эч кимиси даай албайт. Анан бул сезимдер маршруткадан түшүп кетериң менен унутулат. Мединанын сабакка барчу жолу ушинтип өтөт.
Жаңы семестрден баштап жаңы сабактар кире баштады. Барган сайын сабактар оорлоп, терең көңүл бөлүп окубаса сессияда кыйын болот. Медина муну түшүнүп турса да, бүгүн анын ойлорунун баары анда. Кечээки СМСтерде. Сабак бүткөндө келеби же жокпу?..
Ал Мединанын кыялдарынан эбак түнөк тапкан. Кең далылуу, бою орто келет. Кыздан бир канча жашка улуу болгону менен, алда канча жаш көрүнөт. Таанышкандарына жарым жылдай убакыт болуп калган.
– Бул аймак тынч жерлерден эмес. Сендей татынакай кыздын бул жерде жүрүүсү кооптуу. Жалгыз да экенсиң.
– Жеңем мени тосуп алмак. Кабатыр болбой эле коюңуз. Эч ким деле жок экен бул жакта.
– Мына мен сенин жаныңда. Сага азыр эч ким жардам бере албайт...
Жигит ага чындап жакындап келгенде гана кыз түшүндү...
(Уландысы кийинки санда)
Алибек Алиев