Садыр Жапаров: "МЕНИ ӨЗ ӨЛКӨМӨ КИРГИЗБЕГИЛЕ ДЕГЕН МАСЕЛЕНИ УКМК МЕНЕН ЧЕК АРАЧЫЛАР ЭМЕС, ЭЛ ЧЕЧЕТ!"

– Садыр Нуркожоевич, сиз "25-мартта Кыргызстанга келем" деп жарыя кылганыңыздан кийин чек арачыларга "өлкөгө киргизбегиле" деген буйрук берилди дедиңиз. Кыргызстанга келесизби?
– Мени өз өлкөмө киргизбегиле деген маселени УКМК менен чек арачылар эмес, эл чечет! Эгер эл душманы болсом, киргизбегиле деп эл айтышы мүмкүн. Бул бир. Экинчиден, УКМКнын дагы, чек арачылардын дагы мени өз өлкөмө киргизбей коюуга эч кандай укугу жок. Андай мыйзам да жок. Мен өлкөбүзгө чыккынчылык кылган жокмун. Киши өлтүргөн жокмун. Мамлекеттен бир тыйын уурдаган жокмун. Тескерисинче, эл үчүн, мамлекетибиз үчүн, келечек муундарыбыздын жыргал жашоосу үчүн деп башымды канжыгага байлап коюп, биздин өзүбүздүн эле эмес, дүйнөлүк алтын мафиясы менен кармашып келе жатам. 25-мартта сөзсүз келем, буюрса. Ага чейин эл аралык сотко берүү боюнча иш кагаздар толук бүтөт.

– Аэропорттон Текебаевдей кылып түз эле УКМКга алып кетишсечи? Сиз мындай ишке даярсызбы?
– Жалгыз менин колумдан эмне иш-чара келмек эле? Иш-чараларды эл көрүш керек. Мен элдин кызыкчылыгы үчүн баштаган иштеримди аягына чыгарайын деп жүргөн бир эле кишимин. Эгер элдин өзүнө келечек муундун жакшы жашоосу, күчтүү, бай мамлекеттин кереги жок болсо, анда менин арманым жок. Албетте, бийлик өз билгенин кылып, жалган жалаалар менен иш козгоп, камап коюшу мүмкүн. Эгер андай болсо, Кудайдын маңдайыма жазганын көрөм. Эң негизгиси баарын көрүп, билип туруп, "эмнеге аягына чыгарган жоксуң?" деп тарых алдында эл өзү мени күнөөлөбөсө эле болду.

– Буга чейинки президенттердин баары эле ушундай жалындуу сөздөрдү айтып келишкен. Сиздин президенттикке барам деген сөзүңүз бар эле. Президент болуп калсаңыз, сиз дагы ошондой болуп кетпейсизби?
– Дүнүйөгө кызыксам, саясатка келгенден бери эчак эле "долларлык миллиардер" болуп кетмекмин. Канчалаган шарттар, учурлар болду. Бирок кызыкпадым. Коррупцияга берилбедим. Себеби дүнүйөнү көрүңө ала кетпейсиң. Кудай маңдайга жазып болуп калсам, эки шым-костюм менен келип, эки шым-костюм менен кетем. Бала-чакама деп дүнүйө чогултпайм. Ар бир адам өз таман акы, маңдай тери менен оокат табышы керек. Кудайга шүгүр, өзүмө жетиштүү оокатым бар. Бала-чака, небере-чөбөрөлөрдүн өз ырыскысы өздөрү менен кошо төрөлөт. Аларга деп жыйган оокатың аларга эч качан буюрбайт. Алар өздөрүнүн таман акы, маңдай тери менен келбеген оокатты барктабайт дагы. Чогултуп берген дүнүйөңдү керек болсо бир күндө чачып коёт. Мунун баарын башкалардын тагдырынан көрдүк. Ошондуктан мамлекеттин күчтөнүшүнө, келечек муундардын жакшы жашоосуна шарт түзүүгө гана иштейбиз.

– Коомчулукта сизди "Бакиев менен иштешкен", "Ак жолдо" депутат болгон" деген кептер ээрчип жүрөт, ошондон улам өтпөй калам деп коркпойсузбу?

– Биринчиден, мен эч качан "Ак жолдо" депутат болгон эмесмин. "Ак жолдун" четине да басып барган эмесмин. Бизди таратып жиберип, "Ак жолду" алып келгенден кийин бир жыл бош жүрдүм. 2008-жылы Бакиев өзү чакырып, "комиссар болуп иштеп бер" деди. Макул деп иштеп жүрдүм. Бир дагы мамлекетке каршы келе турган иш жасаган жокмун. Буюртма аткарган жокмун. Жер саткан жокмун. Эл саткан жокмун дегендей.
Экинчиден, бул сөздү президент Алмазбек Атамбаев бир ирет Нарынга барган сапарында элдин алдында сүйлөп жатып, "Садыр Жапаров "ак жолчу", "бакиевчи" деп айткан жайы бар. Ошондон кийин көпчүлүк ишенип алса керек. Ал киши өзү деле билбесе керек, ким "Ак жолдо" депутат болгон, ким болгон эмес. Өзү деле премьер-министри болгон. Медаль алган. Мен андай кылган эмесмин. Мыйзамдуу ишимди жасагам. Бир топ коррупциялык кагаздарды топтогом. Азыр ошол кагаздардын Кыргыз элине кереги тийип жатат. Кыскасы, эл өзү таразалап алат, ким кандай адам экенин. Эң негизгиси бийликтин "кара жашиги" болгон телеканалдын жомокторуна эл ишенбеши керек!

– "Кумтөрдү" эмнеге ошол мезгилде көтөрбөй, кийинчерээк көтөрдү?" деген кептер дагы эле айтылып жатат...
– Ал кезде менде андай укук жок эле да. Укук президентте, өкмөттө, анан Жогорку Кеңеште гана болот. Мен ал убакта бирөөндө да мүчө болгон эмесмин. Элибизде айтылгандай, "аты улук, супарасы курук" бир агенттик элек. Бирок ошондой болсо дагы бир топ коррупциялык иштердин бетин ачканбыз. Көпчүлүк элдин эсинде болсо билишет баарын.

2010-жылы кайрадан депутат болуп келдим. Дароо көтөрүп чыгып, бардык 25 жылдык былыктарын ачып чыктым. Өзүңүздөр күбө болуп жатасыздар.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
terek-kg
2017-03-14 09:12:47
Садыр Жапаровту эстеп президент кылышыбыз керек да.
+13
Ronaldo.99
2017-03-14 13:18:25
Эл чечет деп.Сразу элди арага тыгып коюп жатат.
-10
Alberttoo
2017-03-14 23:30:35
Садыр Жапаров биздин болочок Президентибиз.
+9
Alberttoo
2017-03-14 23:31:38
Садыр Жапаров биздин болочок президентибиз.
+6
regina86
2017-03-15 13:13:00
Садыр Жапаровту мен колдойм.Эле учун куйгон адамды ушинтип бутунан жерге тартып турат да кыргызда
+5
BakaiJ
2017-03-15 16:10:29
Таза киши деп ойлойм, ушул адам убагында Кумтөр боюнча көп нерсени көтөрүп чыккан. Президенттике талапкер болсо үгүт иштерине жардам берүүгө даярмын. Чын дилимден.
+4
Jarookerjan
2017-03-15 20:21:08
Жапаровду колдойбуз.Кыргыз эли учун куйгон адам.Президенттикке татыктуу.
+3
Bekovich76
2017-03-16 08:39:44
Мен колдойм
+3
duishonbek03
2017-03-16 09:16:36
Садыр Жапаров олконун келечегин ойлогон инсан!
+4
Buudaiuk
2017-03-16 11:23:43
С.Жапаров чындыгында эле куйуп айтып атат.Кумтор боюнча комиссиянын торагасы болуп далай былыктарын айтып парламенттке алып чыкканда депутаттар колдобой койгон
+1
ICHOMTAY
2017-03-16 22:04:46
Бир эле кыргыз бешененде ушул инсан калды ишенээр!!! Ойгон кыргыз ойгон кеч болуп калбасын патриот уулунду колдо кыргыз
0
Jigito
2017-03-17 22:55:18
Бакыт братан жалгыз сиз эле калдыныз чындыкты айткан шеригиниз жок алга !
0
ali.95
2017-03-19 14:06:40
Садыр Жапаров же Бакыт Торобаев болсо жакшы болмок
0
№ 749, 10-16-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан