УЛУТТУК БАНККА ЧЕЙРЕК КЫЛЫМ!

1992-жылдын 6-марты Кыргыз Республикасынын банк тутумунун тарыхындагы эң негизги даталардын бири. Мындан 25 жыл мурда дал ушул күнү легендарлуу парламенттин №873-ХII токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы болуп түзүлгөн. Албетте, чейрек кылымдын аралыгында башкы банк үчүн оңой эмес учурлар кездешпей койгон жок. Анткен менен өзүнүн ишмердүүлүгүнүн туруктуулугу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы акыркы кезде башка өлкөлөрдүн башкы банктарынан айырмаланып келе жатат. Юбилейлик датанын алкагында банк тутумунун тарыхы, ийгиликтери жана алдыга койгон иш пландары тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий өкүлү Карабаева Аида Мырзакуловнаны кепке тарттык.

– Саламатсызбы, Аида Мырзакуловна? Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түптөлүшүнө 25 жыл болуптур. Алгач өлкөнүн башкы финансылык көзөмөл органынын кыскача тарыхы тууралуу маалымат берип кетсеңиз.
– Кыргызстандын Улуттук банкынын тарыхы Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыкка жетүүсү менен чогуу башталат. 1991-жылдан бери өлкөбүздө көптөгөн коммерциялык банктар ачылып, улуттук банк системасы түптөлдү. 1992-жылдын 6-мартында, өзүңүздөр билгендей эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы түзүлүп, ошондон баштап башкы каржылык мекеме катары иштеп келе жатат. Белгилей кетүүчү нерсе, СССР тарагандан кийин Кыргыз Республикасы 1993-жылы биринчилерден болуп өз улуттук валютасын – сомду жүгүртүүгө киргизген. Ал тарыхый чечимдин тууралыгын кийин мезгил өзү тастыктады.
Улуттук банктын статусу, милдеттери, функциялары, ыйгарым укуктары жана ишин уюштуруу принциптери Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана 1997-жылдын 29-июлунда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" мыйзамы тарабынан аныкталган.
Улуттук банктын башкы максаты болуп тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу улуттук акча бирдигинин (сомдун) туруктуулугуна жетишүү жана аны колдоп туруу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алдына койгон милдеттерди аткаруу үчүн өз ишин мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынан көз карандысыз, өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат.

– Жалпы банк тутумунун өнүгүү жолуна токтоло кетсеңиз, Кыргызстандын банк системасы акыркы чейрек кылым ичинде кандай этаптарды башынан кечирди?
– Кыргыз Республикасынын банк системасынын өнүгүү жолу жөнүндө төмөнкүлөрдү белгилесек болот. 1991-1995-жылдары натыйжалуу реформалар жүргүзүлгөн жана азыркы банк системасынын мыйзамдык, нормативдик жана институттук базалары түзүлгөн. Улуттук банктын көз карандысыз иштөө режими мыйзамдык жактан бекемделген жана чет өлкө валюталары менен операциялар либералдуу жүргүзүлө баштаган.
Ал эми 1998-2001-жылдары банк системасынын өнүгүшү тышкы шарттардын жана ички факторлордун кескин начарлашынын натыйжасында банктардын туруктуулугунун төмөндөгөндүгү менен мүнөздөлөт. Бул мезгилде коммерциялык банктарга Орусиядагы кризис, соода жагынан өнөктөш өлкөлөрдө жүргүзүлгөн валюта девальвациялары, айрым коммерциялык банктардын кредиттик саясатты туура эмес жүргүзүүсү сыяктуу көрүнүштөр коммерциялык банктардын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизген. Мындай шартта Улуттук банктын ишмердүүлүгү банктардын капиталдарынын деңгээлин жогорулатуу аркылуу алардын туруктуулугуна жетишүүгө, нормативдик базаны жана банк көзөмөлүнүн инструменттерин чыңдоого багытталган болчу.
Ал эми 2001-2010-жылдар аралыгында өлкөбүздүн банк секторун реформалоо иш-аракеттери аягына чыгып калган.
Ал эми 2010-жылга токтолсок, өзүңүздөр билгендей, социалдык жана саясий мүнөзгө ээ болгон, өлкөдөгү экономикалык абалдын өсүшү басаңдаган. Анткен менен Улуттук банк тарабынан өз убагында көрүлгөн көзөмөлдөөчү аракеттер банктардын капиталдык базасынын чыңдалышына, коммерциялык банктардын активдеринин, калктын акча салымдарынын өсүшүнө түрткү болгон.
2012-жылдан баштап банк системасы туруктуу өнүгүү жолуна түштү. Бүгүнкү күнү банк сектору Кыргыз Республикасындагы динамикалык өсүшкө ээ болгон финансылык система болуп эсептелет. Азыр коммерциялык банктар калкка кеңири тармактагы кредиттик, депозиттик, эсептик жана башка банк кызматтарын сунуштап жатат.

– Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын негизги милдеттери жана максаттары кандай?
– Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банкы болуп саналат жана ал мамлекеттин менчигинде турат. Улуттук банктын укуктук даражасы, иш, максаты, аткаруучу иш-милдеттери жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын "Улуттук банк жөнүндө" мыйзамында аныкталган. Мыйзамга ылайык, Улуттук банк менен мамлекет өз ара бири-биринин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. Улуттук банк өз ишин мыйзамда белгиленген компетенциясынын чегинде өз алдынча уюштурат жана жүргүзөт. Коммерциялык банктардан айырмаланып, Улуттук банк жарандар менен түздөн-түз иш алып барбайт, кардарларды тейлебейт. Улуттук банкка мыйзамда каралган анын компетенциясына кирбеген иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат. Улуттук банк банктык мыйзамдардын курамдык бөлүгү болуп саналган ченемдик укуктук актыларды белгиленген тартипте кабыл алат.
Улуттук банктын ишинин негизги максаты – тийиштүү акча-кредит саясатын жүргүзүү жолу менен баалардын туруктуулугуна жетишүү жана кармап туруу.
Улуттук банктын негизги иш-милдеттери – узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү менен улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу.

– Аида Мырзакуловна, сиз акча-кредиттик саясат тууралуу айтып өттүңүз, ушул жерден түшүндүрө кетсеңиз, биздин өлкөнүн акча-кредиттик саясаты кантип аныкталат?
– Акча-кредиттик саясат – бул өлкөнүн макроэкономикалык туруктуулугун камсыздоо боюнча мамлекеттик органдардын жүргүзгөн саясаты. Ал финансылык туруктуулукту сактоого, ага жетишүүгө, улуттук валютанын курсун бекемдөөгө, инфляцияны ооздуктоого жана өлкөнүн төлөм балансынын туруктуулугун камсыздоого багытталат. Акча-кредит саясаты Улуттук банк тарабынан аныкталат жана жүргүзүлөт. Ал үчүн Улуттук банк өкмөт менен өз ара кызматташат.
Советтер Союзунун жоюлушунан кийин өткөн кылымдагы токсонунчу жылдардын башында Улуттук банктын акча-кредит саясаты өлкөдө инфляциялык басымды азайтууга жумшалган. Баарыбыз эле билгендей, 1991-1995-жылдар аралыгында биздин өлкө гана эмес, КМШ өлкөлөрүнүн баарында тең оор учур болгон. Кайра куруу, базар экономикасына өтүү, жогорку темптеги инфляция жана башка оор кырдаалдар орун алган. Анткен менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул жылдардагы оор кырдаалды жеңип, республикада баалардын туруктуулугуна жетише алды.
Акча-кредит саясатынын негизги багыты болуп валюталык саясат эсептелет. 1993-жылы Улуттук валюта – сомдун киргизилишинин негизинде Улуттук банкка инфляциянын жогору деңгээлдеги өсүшүн басаңдатууга, финансылык туруктуулук жана өз алдынча акча-кредит саясатын жүргүзүү үчүн жоопкерчиликти алууга мүмкүнчүлүк берди.

– Бүгүнкү күнү кыргыз сому туруктуу валюта катары эсептелерин билебиз. Айтсаңыз, тышкы факторлорго туруштук берип сомдун курсун кармап калууга кантип жетишип жатасыздар?
– Улуттук банк өзгөрүлмөлүү алмашуу курс саясатын жүргүзгөндүктөн, валюталык рыноктогу түзүлгөн кырдаалга жараша валюта курсунун кескин серпилүүсүн жумшартуу жана туруктуулугун сактоо максатында валюталык интервенцияларды жүргүзүп турат. Мисалы, алмашуу курсу кескин төмөндөп бараткан учурда Улуттук банк тарабынан чет өлкө валютасын сатып алуу боюнча валюталык интервенция өткөрүлөт, ал эми алмашуу курсу өтө жогорулап баратса, чет өлкө валютасын сатуу боюнча операция жүргүзүлөт.
Андан тышкары Улуттук банк өз ыйгарым укуктарына ылайык кандайдыр бир валюта рыногунда татаал учурларда ар кандай иш-чараларды иштеп чыгышы мүмкүн. Мисалы, 2014-2015-жылдары валюта рыногундагы жагдайга жана экономиканын кырдаалына ылайык, Улуттук банк менен өкмөт бир нече иш-чараларды иштеп чыккан. Алардын эң негизгилеринин бири катары чет өлкө валютасында берилген ипотека кредиттерин улуттук валютага трансформациялоо программасы ишке ашырылгандыгын мисал кылып айтсак болот. Сомдун бекемделиши жана анын курсунун туруктуу кармалышы өкмөт менен Улуттук банктын экономикадагы доллардан арылуу аракеттери (дедолларизация) менен да түшүндүрүлөт.

– Маегибиздин соңунда улуттук валютабыздын тарыхы тууралуу кеп кылсак, сом кантип киргизилди эле? Ал кандай кыйынчылыктарды башынан кечирген? Деги эле өзүбүздүн валютага жетишүүгө эмне муктаждык себеп болгон жана ал бизге эмне берди?
– Улуттук валютаны киргизүү муктаждыгы экономикалык сыяктуу эле саясий жагдайдагы көптөгөн факторлордон улам келип чыккан. СССР урагандан кийин өлкөбүздөгү экономикалык абал тез эле начарлап кеткен. Мурдагы союздук республикалар менен болгон соода-сатык-экономикалык алака үзгүлтүккө учурап, өлкөдөгү өндүрүш төмөндөөгө дуушар болгон. Импорттук товарларга болгон баалар кымбаттап, ички баалардын структурасы дүйнөлүк бааларга жакындап калган. Өлкөдө жогорку темптеги инфляция өкүм сүрүп, ал гиперинфляцияга чейин жеткен. Ушундай шарттарда Улуттук банктын акча-кредиттик саясаты 1990-жылдардын башында өлкөдөгү инфляциялык кысымды басаңдатуу аракетине багытталган. Ошонун негизинде улуттук валюта – сом киргизилген. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы – сом 1993-жылы 10-майда жүгүртүүгө чыгарылган жана ошол мезгилден баштап Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты катары кызмат кылып келет. Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп өзүнүн улуттук валютасын чыгарган. Тарыхты карап, бул кадам Кыргызстанга КМШ өлкөлөрүнөн көз карандысыз экономикалык саясат жүргүзүүгө жана инфляциялык процесстерди турукташтырганга реалдуу мүмкүнчүлүк түзүп берди деп айтууга болот.

– Маегиңизге рахмат!

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 749, 10-16-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан