Чакалай (темирөткү, темиретки, лишай) өзүнө түрдүү мүнөздөмөгө ээ тери ооруларынын тобун бириктирип турат. Бирок алардын бардыгы эле жугуштуу болуп эсептелбейт. Жугуштуу түрлөрү айрыкча айыл тургундарында кездешет. Анын себеби элет элинин көпчүлүгү үйүндө мал жандыктарды кармап, алар менен түздөн-түз байланышта болуусунда.
Чакалай, анын түрлөрү, дарылоо жолдору тууралуу дерматолог, медицина илимдеринин доктору Мейкин Усубалиев айтып берет.
ЧАКАЛАЙ МЕНЕН ДҮЙНӨДӨГҮ АДАМДАРДЫН 20 ПАЙЫЗЫ ООРУШАТ
Жугуштуу чакалайдын 6 түрү бар жана аларды мите козу карындар пайда кылат. Алар чакырган оорулар микоздор деп аталат (латынчадан которгондо "микоз" – "козу карын" дегенди түшүндүрөт). Бул ооруну убагында дарылабаса ички органдар, мээ жабыркап, адамдын өмүрүнө коркунуч алып келет. Чакалай дүйнөдө кеңири таралып, аны менен жер шарынын тургундарынын 20 пайызы ооруйт.
БИЗДЕ КӨП КЕЗДЕШКЕНДЕРИ
Кыргызстанда кездешчү чакалайдын түрлөрү төмөнкүлөр:
• Көп ыраңдуу чакалай
• Кыркуучу чакалай
• Бут кетменинин микозу (бул тууралуу кийинки сандарда кеп козгойбуз)
Көп ыраңдуу чакалай: Көбүнчө терчил, иммунитети төмөн, эндокриндик оорулары бар же абасы өтө нымдуу жерлерде жашаган адамдарда учурайт. Бул оору жаш курагы 16-40 жаштагы эркектерде жана аялдарда (сейрек) кездешет. Жугуштуулугу жогору эмес. Оорунун курч кармаган мезгили июнь-сентябрь айларынын аралыгы.
Адамдын төшүндө, далысында, ийининде, курсагында (акыркы кезде башта да кездешүүдө) саргыч-күрөң-күлгүн түстөрдү камтыган тегерек кичинекей тактар пайда болот. Алар чоңоюп биригет жана түсү күрөң болуп өзгөрө баштайт (ушундан улам көп ыраңдуу деген ат ыйгарылган). Көп кычышпайт. Теринин жабыркаган жерлери кургап, какач сымал түлөйт.
Кыркуучу чакалай: Муну трихофития, микроспория тобуна кирген мите козу карындар козгошот. Оору чачтарачканадагы дезинфекцияланбаган шаймандан, оорулуу адамдын жеке буюмдарын колдонуудан жугат. Мал аркылуу, көбүнчө үй жаныбарларынан (мышык, ит, музоо, уй) жана чычкан, келемиштерден жугат. Анын курч кармаган мезгили июнь-октябрь айларынын аралыгы.
Денеде кызыл-күлгүн түстөгү тегерек тактар пайда болот. Алардын көлөмү чоңоюп, бири-бири менен биригиши мүмкүн. Тактардын чекелери дөмпөкчө тартып, ыйлаакча жана карттардан турат, орто жери түлөйт. Жабыркаган жерлер кычышат.
Башка жукканда чач 1-3 миллиметр узундукта сынып баштаса трихофития түрү, ал эми чач 5-8 миллиметр узундукта сынса микроспория түрү (ошондуктан кыркуучу чакалай деп аталат). Бул оорунун жугуштуулугу жогору. Көбүнчө айыл жериндеги мал менен көп алектенген мектеп окуучулары оорушат.
ТРИХОФИТИЯНЫН 2 ТҮРҮ
Өнөкөт түрү: Аялдарда кездешет. Айымдардын чачы узун болгондуктан баштагы кара чекит сымал тактар көпкө чейин байкалбай жүрө бериши мүмкүн. Кычышпайт, өөрчүшү аябай жай, баштын териси менен бирдей тегиз болот. Дарылабай жүрө берсе бетти, тырмактарды жабыркатышы мүмкүн. Тырмактын учтары сыйрылып түшө баштайт.
Ириңдөөчү түрү: Башта диаметри 5 (эң чоңу 8) сантиметрге жеткен, чети күлгүн-кызыл түстөгү шишиктер пайда болот. Ал аябай катуу ооруп, ичине ириң толот. Жаш балдардын дене табы көтөрүлүшү мүмкүн. Жабыркаган жерлер ириңден тазаланган соң ал жерлерге чач чыкпай калуу коркунучу бар.
ДАРЫЛОО
Темирөткүнү дарылоо анын түрүнө жараша жүрөт. Учурда мите козу карындарды өлтүрө турган каражаттар көп. Аларды жалпылап антимикотиктер деп аташат. Таблетка, капсула, дары май, крем, спрей, гель, суюктук түрүндө чыгарылат. Мисалы, тербинафин, итраконазол, флуконазол, кетоконазол дарылары. Оорулуу адам кийген бут кийимди, байпакты дезинфекциялоо, кайнатуу же өрттөө оң. Дарыланууну дерматологдун көзөмөлүндө жүргүзүү керек. Ооруну жуктурган адам анын формасына ылайык 14-28 күн дарыланат. Толук дарыланбаса кайра жаңырып, башкаларга да жуга берет.
ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ
Ооруну жугузуп алган адамдын үй-бүлө мүчөлөрү баары дерматологдун текшерүүсүнөн өтүүсү зарыл. Оорулуу жашаган бөлмөнү, ал колдонгон буюмдарды дезинфекциялоо керек. Себеби чакалайды козгогон мите козу карындар бөлмө температурасында 5 жылга чейин, сыртта 3 айга чейин өмүр сүрүшөт. Андыктан башкаларга жугуу коркунучу бар.
Үйүндө мал кармаган адамдарга кеңеш – эң жакшысы мал доктур менен тыгыз иштешүү. Мал карагандар колду самындап жуубай туруп дене бөлүктөрүн кармабоосу, резинка кол кап кийүүсү кажет. Үй-бүлө мүчөлөрүңүздөн дагы ошону талап кылыңыз.
Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg