3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ

(Башталышы өткөн ­сандарда)

Мындай учурда кыйкырганга да жетишпей калат тура. Муну күтпөгөн кыздын эки көзү алайып коркуп кетти. Көзүнө жаш тегеренип баштаган Мединаны көргөндө гана:
– Чоң кыз, бул жөн гана тамаша болчу. Кел, жеткирип коёюн.
– Ушундай да тамаша болчу беле?! Өзүм эле жетип алам.
Бир чети ызаланып калган, бир чети намыстанган Медина бат-баттан басып кетти. Жигит артынан чуркап барууну туура көргөн жок. Мындай жылдыздуу кыз кимдин үйүнө келди болду экен деп гана ойлонуп калды...
Өзү чөнтөгүнөн алып чыккан тамекини шашпай чегип, сыртынан эле шаан-шөкөттүн добушу угулуп жаткан үйдү көздөй бет алды. Бүгүн жакын досу Айдардын жубайынын туулган күнү. Ал унаасынан шашпай бир букет гүл менен шампан көтөрүп чыгып, түз эле үйгө кирип барды. Узун стол жайылып, түркүн даамдарга толгон экен. Коноктордун бардыгы ордуларында. Айдар жакын досун кубанып тосуп алды. Бир сыйра учурашып, төргө жакын отургузду. Коноктордун көпчүлүгүн тааныйт, көрүшүп жүргөн эле адамдар. Алардын арасында аяшынын жанында отурган сүйкүмдүү кыз көзгө жылуу учурады.
– Экөөңөр таанышсыңарбы, ээ? Кайдан билесиңер бири-бириңерди?- деп суроо салды Айдар.
– Ооба. Бир жерден көрүшкөн окшойбуз,- деп кебелген жок жигит.
– Жок. Бул жигит тыңыраак таанышканды билбейт экен. Коркутканды жакшы билет окшойт. Менин атым Медина.
– Ж..ж..Жек. Жөн гана Жек...- деп мукактана түшкөн жигит араң айтканга үлгүрдү.
– Жекшенов! Аны биз илгертен Жек деп койгонбуз. Атүгүл өзү да атын унутуп калса керек. Жек, бул Медина. Менин балдызым,- деп тааныштырды Айдар.
Жарыктан эми Мединанын сулуулугу көзүнө даана көрүндү. Өтө узун эмес чачына сүйкүмдүү жүзү төп келишет экен. Анын жылмайганы жүрөктү бир заматта жылытып жиберди. Өзүнө ишенген Жектен дайын жок. Кыздын көз карашын көргөндө денесин муздак тер басты. Кечке чейин бир да жолу оозун ачкан жок. Кетерде Медина «мени жеткирем деп жаттың беле?» деп кайрылганда гана эсине келе түшкөндөй болду. Жек кыз кайсы жеринде тамаша иретинде, кайсы жеринде чындап айтып жатканын анчейин түшүнө албай жатты. Же бул толкундоолордун толкунунда болуп жаткан түшүнбөстүктөрбү?.. Эмнеси болсо да жигит унаасын от алдырып, Мединаны үйүнө жеткиргенге даяр болду.
– Дайыма эле ушундай олуттуусуңбу? Жана бир дагы жолу сүйлөгөн жоксуң го?
– Сени таарынтып алган жокмунбу деп чочулап отурдум. Тамашам сага жакпай калбады беле.
– Ал жөнүндө унутуп койсок болот. Таанышканга чейинки сөздөр жарабайт деп эсептейм.
– Сен абдан өзгөчө экенсиң. Түшүнбөстүктөр үчүн дагы бир жолу кечирим сурайм.
– Мына үйүмө да келип калдык. Эжеме мени Жек жеткирди деп чалып коём.
– А мага качан чалат болдуң экен?..
Медина унчуккан жок. Жектин телефонуна өз номерин терип, үйүнө кирип кетти.
Ушул күндөн тарта кыз-жигиттин күн сайын телефондон СМС жазышмайы адатка айланды. Кээде ар кыл темага кирип кетип, таң аткыча телефондун жаагы тынбайт.

ххх

Медина 3-сабак бүтүшүн күтүп турду. Жек Мединанын сабактарынын жүгүртмөсүн жаттап алган. Ал сабактан чыкканда университеттин алдынан тосуп алат. Медина эшикке чыгар замат кара түстөгү унааны көздөрү менен издеп баштады. Бирок ал унаа бүгүн көрүнгөн жок.
Бул учурда телефонго келген билдирүү Мединанын оюн бурду. «Артыңды карасаң» деген СМСке көзү чалдыкты. Артында Жек күтүп турган экен. Жүзүн жылмаюу ээлеген кыз аны кучактап жиберди.
– Унааңды кечке карап таппай койдум. Келбейт экен деп ойлоп жибергем.
– Сени бат-баттан эле сагынып турам. Күн жылуу, жөө сейилдейли дегем.
– Кеттик...

ххх

Шерзат бул учурда жашоосунда чоң өзгөрүү болгонуна ыраазы болуп жатты. Бишкек шаарынын алдыңкы университеттеринин биринде окуп каларына ишенчү эмес. Андан дагы Улуттук университеттин чет тил факультетине өтүп кеткенине бир чети таң калып жатты. Илимбек декан менен сүйлөшүп, берчүсүн эбак берип койгонун кайдан билсин. Атасы уулуна бир сыйра кийим-кечесин алып берип, Бишкек деген ушул деп шаарды да кыдыртканга жетишти. Университеттин жатаканасынан орун алып берип коюп, атасы айылына жөнөп кетти. «Эми калганы өз колуңда. Эмне керек болсо айтып тур. Окууңду калтырбай оку»,- деп айтып кетти.
Ошентип студенттик күндөр да башталды. Университеттеги окуу Шерзат ойлогондон да татаал экен. Жөнөкөй сабактардан тарта көпчүлүк лекциялар орусча өтүлгөндүктөн, айылдан келген жигит үчүн оорчулук жаратып жатты. Мындан тышкары чет тил факультетине шаарда окугандар тапшырган. Алардын арасынан Шерзат бат эле өзгөчөлөнүп, бөлүнүп калды. Кийген кийиминен тарта сүйлөгөнүнө чейин. Жадакалса өз тайпасындагылардын арасынан Шерзат гана жатаканада жашайт...

(Уландысы кийинки санда)

Алибек Алиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Eliza.nurjanovna
2017-03-20 18:36:38
Ушул кичине кызыктуу окшойт
+1
originalkgz96
2017-03-21 14:49:03
медина менен Шерзат кантип мамиледе болуп калат болдукен
+1
iiiiiisuzhanym
2017-03-22 11:09:37
Медина менен Жек кайдан чыкты тушунбой калдым
0
Eliza.nurjanovna
2017-03-22 20:28:07
iiiiiisuzhanym,мединанын шерзатка чейинки жашоосу баяндалып жатса керек да
0
Forevergulmairam
2017-03-23 20:07:46
Башталышы кайсы санында
0
admin_superstan
2017-03-24 09:49:56
Forevergulmairam, саламатсызбы? Төмөнкү шилтеме менен кирип көрүңүз: https://www.super.kg/article/show/39739
0
№ 750, 17-23-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан