ГЕРОИН САЙЫП КИШИ ӨЛТҮРГӨН ДЕП ШЕКТЕЛИП ИМАМ КАРМАЛДЫ

Түрмөлөрдү мамлекеттин ичиндеги мамлекет деп коёт. Соттолгондор ал жакта өздөрүнүн мыйзамдары менен жашаары айтылып келет. Ал тургай абакта отуруп, сырттагы маселелерди чечишет. Мына ошондуктан «каралар» арасында дайыма бийлик талаш болуп келет. Мындан бир нече жыл мурун кылмыш чөйрөсүндө так талаштын айынан көптөгөн кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрү өлгөн. Биз бул сапар ошолордун айрымдарына токтолууну туура көрдүк.

АБАКТАГЫ КИШИ ӨЛТҮРҮҮЛӨР

2011-жылы 2-майда Бишкек шаарындагы №1 СИЗОдо өз камерасында жаза мөөнөтү аяктап, бошотулушуна болгону 2 гана күн калган Айдарбек Шамурзаевдин жансыз денеси табылган. Соттук-медициналык экспертиза анын баңгизатын көп колдонгондон улам каза болгондугун аныктаган. Ал эми тергөөнүн жүрүшүндө Айдарбек Шамурзаев киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө Шамурзаев жаткан камерага 3 адам кирип, ага героин сайып өлтүрүшкөнү билинген. Жыйынтыгында сот тарабынан анын өлүмүнө күнөөлүү деп табылып Акиф Гулиев өмүр бою, Малик Макатаев 17 жылга, Тынычбек Маканбай уулу 7 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле аларга жардам берген деп СИЗОнун кызматкерлери Ринат Темиров менен Керимбек Абылгазиев 12 жылдан эркинен ажыратылган.
2011-жылы 20-майда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жайгашкан №19 түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Сабыркул Батыров асынып турган абалда табылган. Эске салсак, Сабыркул Батыров маркум депутат Баяман Эркинбаевдин жакын досу болгон жана аны өлтүргөн деп соттолгон (Баяман Эркинбаевди өлтүргөн деп соттолгондордун дагы бири Махмутжан Рузиметов да ошол жылы Молдовановкадагы №1 абакта өлтүрүлгөн). Анын өлүмү боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок анын өлүмүнө күнөөлүү адамдар аныкталбагандыгына байланыштуу 2 айдан соң кылмыш иши токтотулган.
Ал эми 2016-жылдын 24-февралында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгына Р.О. аттуу жаран алып келинген. Ал 2011-жылы №19 абакта жаза мөөнөтүн өтөгөнүн, Сабыркул Батыровду өлтүрүп жатканына күбө болгондугун айтып көрсөтмө берген. Ошол эле күнү жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кылмыш иши кайра жанданат.
Тергөөнүн жүрүшүндө 2016-жылдын 27-февралында Батыровдун өлүмүнө шектелип М.Аалиев кармалат. Дагы бир шектүү А.Самсалиев бул убакта башка кылмышы үчүн СИЗОдо отурса, үчүнчү шектүү Т.Бейшенбаев 2017-жылдын 12-январында кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, бул үчөө 2011-жылы 20-майда түрмөнүн спорт залында Сабыркул Батыровду сабап, скакалка менен турникке асып коюшкан. Бул кылмыш боюнча "киши өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө аяктап, учурда бул иш Свердлов райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

БАТУКАЕВДИН ТОБУНУН ДАГЫ БИР МҮЧӨСҮ ӨЛТҮРҮЛГӨН

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгы менен ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан былтыр ушундай кылмыштардын биринин бети ачылган. 2011-жылы 6-мартта Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жайгашкан №3 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан соттолуучу Султан Сасиев өлтүрүлгөн. Соттук медициналык экспертиза анын баңгизатын көп колдонгондон улам каза болгондугун аныктаган. Ал эми Сасиев баңги эмес болгон. Ошол жылы 19-апрелде бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (сатып өткөрүү максатында баңгилик каражаттарды же психиканы бузуучу заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатып өткөрүү) менен кылмыш иши козголуп, көп өтпөй кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган адамдардын аныкталбаганына байланыштуу кылмыш иши токтотулган. Анын киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматтар чыккан соң 2016-жылы 1-мартта бул иш боюнча кайрадан тергөө башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө Султан Сасиев ошол эле абакта жазасын өтөп жаткан карама-каршы топтун мүчөлөрү тарабынан өлтүрүлгөнү белгилүү болгон.

«САСИЕВДИ ӨЛТҮРҮҮГӨ АЛМАМБЕТ АНАПИЯЕВ БУЙРУК БЕРГЕН»

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Рахатбек Абышов абактын «смотрящийи» Султан Сасиев кимдин буйругу менен жана кимдер тарабынан өлтүрүлгөнү боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 2009-жылы сот тарабынан бир топ оор кылмыштар менен күнөөлүү деп табылган Султан Сасиев «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин кылмыш тобунун мүчөсү жана ошол убакта аталган абактын «смотрящийи» болчу. 2011-жылдын март айынын башында Азиз Батукаевдин кылмыш тобунун мүчөлөрү Алмамбет Анапияев жетектеген топко өтүп кетишет. Ал эми Султан Сасиев болсо Анапияев тарапка өтүүдөн баш тартат. Ал соттолгондор арасындагы кадыр-баркка ээ болгондуктан, каалаган маалда Анапияев дайындаган «общактын» лидери Б.Мусабаевге көпчүлүктү каршы коё алат эле. Ошондуктан Алмамбет Анапияев Дубайдан Б.Мусабаевге телефон чалып, Султан Сасиевди өлтүр деп буйрук берген.
Ошентип, 2011-жылдын 6-мартка караган түнү саат бирлер чамасында «общактын» лидери Б.Мусабаев жана «общактын» мүчөлөрү Акрам Саиджанов, Мирлан Бектуров үчөө дарыланып жаткан Султан Сасиевди өлтүрүү үчүн абактын медициналык бөлүмүнө барышат. Алар барган убакта Сасиев жаткан палатада соттолуучу Ж.Кутунаев да дарыланып жаткан. Аны палатадан чыгарып жиберишип, үчөө Султан Сасиевдин колун керебетке байлап, тамырына шприц менен героин сайышат. Алар Сасиев кыйналып жатканын карап турушат да, үзүлгөндөн кийин кетип калышат. Акрам Саиджанов болсо Кутунаевди издеп таап, аны башка жакка алып барып таң атканча кетирбей кармап отурат. Эртең менен Мусабаев Кутунаевди чакырып, ага Сасиевди өлтүрүшкөнүн, анын өлгөнүн кеч айтууну жана эч кимге ким өлтүргөнүн айтпоону буюрат. Өз өмүрүнөн корккон Кутунаев түштөн кийин гана палатадагы коңшусу өлүп жатканын билдирген.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97, 247-беренелери менен кылмыш иши козголгон. Акрам Саиджанов, Б.Мусабаев 2016-жылдын июль айында, ал эми Мирлан Бектуров 2017-жылдын 26-февралында гана кармалган. Аны көпкө чейин кармай албай жүргөнүбүздүн себеби, Мусабаев аты-жөнүн өзгөртүп алыптыр. Кармалган учурда ал Жалал-Абад облусундагы айылдардын бириндеги мечитте имам болуп иштеп жүрүптүр. Үчөө тең кылмышын моюнуна алган. Учурда Мирлан Бектуров СИЗОго киргизилген, тергөө иштери жүрүп жатат.

Сабыркул Батыровдун өлүмү боюнча көрсөтмө берген күбөнүн кийинки тагдыры учурда тергөөчүлөрдү тынчсыздандырып жаткан убак. Себеби күбөнү коргоо программасы иштебей, анын өмүрү коркунучта дешүүдө.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
burma92
2017-03-20 12:03:08
Тиги имамды дагы ооруп журот эле деп тынчытатко
+1
ekaterinburg
2017-03-20 13:26:27
Коп"каралар"молдо,имам болуп кетишкен десем ишенбединер эле,мына,окугула.
+8
sansho
2017-03-20 16:04:37
Базаларды аткаруу мамлекеттик кызматы

Базаларды эмес Жазаларды туура жазсаңар
0
Эльвира Караева
2017-03-20 17:29:10
sansho, оңдолду. Рахмат!
+1
Lion.
2017-03-20 16:25:34
Кыргызстанда чёрныйлар ото эле кобойуп кеткенго а?
0
sayana
2017-03-20 17:26:11
Адамдар мынчалык жырткыч болбосо
0
suidum.96
2017-03-20 17:58:13
Эмне биздин абактарга ар ким кире береби?текшеруу деген жокпу?Эмне деген алсыз мамлекетпиз!!
+1
Asya_92
2017-03-20 21:39:12
Оз жанын сактап калыш учун оздору ачып беришетго эшигин кантседа жан шириин дегендей Аллахым буткул адам затына ыйман ынсап берсин ар бир уйго тынчтык тартууласын Аамиин ар бир инсан эртеби кечпи жасаган кунообузго жооп беребиз кайтар дунуйо
+1
Hatali
2017-03-20 23:25:12
А дейбиз бу дейбиз бирок Аллахым ар бирибиздин тагдырыбыз менен кошо жараткан.
0
taoni
2017-03-23 16:18:24
Кыргызстан ичиндеги мечиттеги болгон имамдарды да текшеруу керек...
+1
taoni
2017-03-23 16:20:20
Колдогу окуяда имам-педофил кармалбады беле... булар имам болуп алса карапайым эл алданып жатат...
+1
№ 750, 17-23-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан