МАШЫГУУНУН ЖОГОРКУ ТЕПКИЧИ – КРОССФИТ

Жыл сайын спорттун жаңы түрлөрү чыкпаса да, спорттун жаңы агымы менен тизме толукталып турат. Универсалдуу машыгууну камтыган агым коомго кроссфит деген ат менен таанылган. АКШда пайда болгон кроссфит учурда дүйнөнүн төрт бурчуна тарап, популярдуулугу артып жаткан кези.

КРОССФИТ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Кроссфит – денени чыңдоо үчүн универсалдуу машыгуулар топтому. Бул аталышты кроссфиттин негиздөөчүсү Грег Глассман бренд катары бекитип, спорттун жаңы агымы катары белгилүү болуп келет. Кроссфит бир нече спорттун жыйындысы десе болот. Анда оор атлетика, жеңил атлетика, гимнастика, бодибилдинг, пауэрлифтинг, фитнес сыяктуу бир топ машыгуунун усулдары чогултулган.

ГЛАССМАН БЕЛГИЛЕГЕН КРОСФИТТИН 5 ПАЙДАСЫ:

Эркти күчтөндүрөт. Кроссфиттин эрежелерине ылайык, көнүгүүлөр аягына чыга электе машыгууну токтотуу болбойт. Тескерисинче, тапшырмаларды мурунку күнкү рекорддон да өткөрүү сунушталат.

Денени нормалдуу формага келтирет. Негизинен, көнүгүүлөр оор болгондуктан организмге күч келип, ашыкча салмактан арылтат. Бир машыгууда орточо 1000 калориядан арылса болот.

Машыгуулар кыска убакытта жогорку жыйынтыкка жеткизет.
Чыдамкайлыкты жана күчтү жогорулатат. Машыгуунун натыйжасында булчуң эттерине таасир берет.

Машыгуу курак тандабайт. Эң негизгиси, көнүгүүлөрдү аткарууга ден соолук мүмкүнчүлүк берсе жетиштүү.

СТУДЕНТТИН ИЗДЕНҮҮСҮНӨН КЕЛИП ЧЫККАН

18 жаштагы АКШлык Грег Глассман аттуу студент колледжде окуган курсташтарын бир катар спорттон жеңүү максатында өзгөчө машыгууларды ойлоп табууну көздөйт. Жаш атлет машыгуу учурунда негизги кыймылдар менен чектелбестен, кара күчтү талап кылган оор көнүгүүлөрдү жасоого киришкен. Өзүнүн күнүмдүк машыгуу тартибине гантель, штанга, дөңгөлөк сыяктуу шаймандарды кошуп, алар менен адаттан сырткаркы көнүгүүлөрдү аткара баштайт. Бул жаңы демилге менен спорттун жаңы агымы ачылат. Бир катар спорттун айкалышуусу менен чогулган көнүгүүлөрдүн эффективдүү боло турганын байкаган Глассмандын атасы да колдоп, унаа токтотуучу гаражын бошотуп берген. Кроссфиттин популярдуулугу арта баштаганда Глассман 1995-жылы өзүнүн «CrossFit Santa Cruz» аттуу машыгуу залын ачкан.

КРОССФИТТИН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

Кроссфит көнүгүүлөрү сырттан караганда оор болуп көрүнөт. Бирок анын өзгөчөлүгү ушунда. Анткени кроссфит ышкыбоздору ошол кыйынчылыктар үчүн мындай машыгууну тандашат. Машыккан адамдын физикалык сапаты жогорулап, жүрөктүн иштешин жакшыртып, кан тамыр жана дем алуу системине оң пайдасын тийгизет. Ошондой эле организмдин ар кайсы чөйрөдөгү басымга, оорчулукка туруштук берүүсү мыкты калыптанат. Кроссфит адистеринин айтымында, аталган спорттун машыгуучулары жөн гана катышуучулар эмес, анын күйөрманы болуп каларын белгилешет. Машыгуудагы оор басым жана көнүгүүлөрдө татаалдык болгондуктан, биринчи жолу аталган машыгууларды жасап жаткандар дарыгер же машыктыруучунун көзөмөлүндө гана баштоосу зарыл.

ФИТНЕС ЖАНА БИЗНЕС

Грег Глассман кроссфит менен каражат тапса болорун билип, баасы 1000 долларлык семинарын ачкан. Алгач АКШнын шаарларында, бара-бара чет өлкөлөрдө да филиалдары ишке кирген. Ал ачкан фитнес борборлордон сырткары 2000-жылы «CrossFit, Inc» аттуу жеке компаниясын ишке киргизген. Анда өзгөчө ыкма менен машыгууларды үйрөнүү семинарлары өтүп турат. Аталган компания 2013-жылы
100 миллион доллар киреше тапкан. Учурда 6 континентте 4000ден ашуун филиалы иш алып барууда. 2007-жылы кроссфит боюнча Лос-Анжелес шаарында эл аралык мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө «Дүйнөдөгү баарына даяр адам» аталышындагы наамдар ыйгарылат.

КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНДӨГҮ КРОССФИТ

Өлкөбүздө Кроссфит федерациясы 2014-жылы түптөлүп, анын президенти катары айтылуу кикбоксчу Ален Офойо иштеп келет. Ошол жылдан тарта жыл сайын «Crossfit games» аталышындагы кроссфит боюнча мелдеш өткөрүлүп келет.
«Кроссфит – бул жаңы спорт агымы катары эсептелип, жаштарга ылайыкталган. Жыл сайын өткөрүлүп жаткан мелдештерге фитнес менен машыгып жүргөн кыздардан тарта профессионал спортчулар катышат. Өлкөнүн ар тарабына кроссфитти жайылтуу аракетин көрүүдөбүз»,- деп белгилейт Ален Офойо.

ҮЙ ШАРТЫНДА МАШЫГУУ

Кроссфит менен жалаң гана машыгуу залында эмес, үй шартында да машыкса болот. Алардын эң жөнөкөй мисалдары:

1. Түз жерде отжимание жасоо.
2. Гантелди кармап отуруп туруу.
3. Тепкичте жана түз жерде чуркоо.
4. Чалкалап жатып, башты 90 градуска көтөрүп түшүрүү.

Кроссфитте машыгууда топ менен иштеген оң.


Кроссфит боюнча Эл аралык мелдештер 10 жылдан бери өткөрүлүп келет.


Бектур Токтоноев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kairat.96
2017-03-22 19:13:47
Жакшы жакшы спортту суйуш керек
-2
№ 750, 17-23-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан