ДААМДУУ ТАМАК СЫРЛАРЫ

ЛАГМАН

  • Лагман дунган тилинен которгондо "люмян" – "созулган камыр" дегенди түшүндүрөт. Андыктан биринчи кезекте анын камыры ойдогудай болушу шарт. Камыр үзүлбөй тегиз чоюлушу үчүн жогорку сорттогу ундан жасоо керек. Тузун азыраак кошсоңуз камыр үзүлбөй жакшы чоюлат.
  • Камыр серпилип турсун десеңиз, бышкан соң муздак сууга бир малып алып, тактайдын үстүнө жайып, өсүмдүк майы менен майлап, муздатуу керек.
  • Лагмандын шорпосун түбү калың, чоюн казанда жасасаңыз жашылчалар тегиз куурулуп, сапаты сакталат. Эгер мындай казан жок болсо, түбү калың мискей алганыңыз оң.
  • Бул тамак үчүн этти туура тандоо да керек. Уй, кой эти мыкты азык болуп бере алат. Эт жашылчалар менен бир убакта бышсын десеңиз, аны төрт чарчы түрүндө эмес, ичке, жалпак кылып туураңыз.

КУУРДАК

  • Куурдакты жаңы союлган малдын (кой, уй, эчки) моюн, боконо, арка эттеринен жасоого болот. Бөртө тууралган боор, жүрөк, бөйрөк кошулган куурдак ширелүү, даамдуу болот.
  • Куурулган эт ширелүү жана жумшак болуп бышсын десеңиз, аны туурап, татымына жараша туз, татымалдарды кошуп, бир аз өсүмдүк майын жана газдалган суу куюп аралаштырып, 20-30 мүнөткө маринаддап коюңуз.
  • Этти кууруп, бир аз суу куюп жай отко 30 мүнөттөй демдеп койсоңуз, ширелүү жана жумшак болуп бышат.
  • Эгер куурдакка картошка кошууну кааласаңыз, анда аны аарчып-тазалап, чоң-чоң туурап, майга боорсоктой кылып кызарта бышырып алыңыз. Эттин үстүнө салып демдеп койсоңуз, картошкаңыз эзилбей бышат.

ПИЦЦА

  • Камырын даярдоодо сууга унду салбаш керек. Тескерисинче, унга суудан улам куюп жуурусаңыз, камыр тегиз жуурулат.
  • Пиццанын камыры жумшак, чоюлчаак болсун десеңиз, унга 2 аш кашык өсүмдүк же зайтун майын, 1 чай кашык кумшекер кошуп жууруңуз.
  • Орточо көлөмдөгү пицца үчүн 3 аш кашык гана соус керектелет.
  • Колуңуздан келсе үстүнө коюлуучу азыктардын санын төрттөн ашырбаңыз. Туурамжынын бийиктиги 1 сантиметрден ашпашы кажет.
  • Салат жалбырагын, райкан, көк чөптөрдү пиццаны дасторконго коёрдо себелеңиз.

ШОРПО

  • Кайнатма шорпо жасаарда этти сөзсүз муздак сууга салыңыз. Ошондо эт өз түсүн жана даамын сактайт.
  • Эт бышырып жатканда көбүгү түбүнө чөгүп кетсе, анда бир аз муздак суу куюп жибериңиз, көбүгү калкып чыгат.
  • Кайнатма шорпо тунук болсун десеңиз, казандын капкагын жаппай жай отто бышырып, улам көбүгүн алып туруңуз. Мындай ыкмада бышырылган шорпонун эти ширелүү жана жумшак болот.
  • Шорпого жашылчаларды көп кошсоңуз, аларды чоң, ал эми аз кошсоңуз, майда туураңыз.
  • Сарымсак менен көк чөптөрдү майда туурап, шорпо бышкандан кийин салуу туура.

БАЛЫК

  • Балыктын жаңы экендигин билүү үчүн аны суу куюлган идишке салып көрүңүз, жаңы балык сууга чөгүп кетет.
  • Балыкты кууруурдан мурун сүткө чылап койсо, ширелүү болуп бышат.
  • Кыпкызыл болуп куурулсун десеңиз, балыкты жумуртка менен ундан жасалган боткого малып алыңыз.
  • Эгер бүтүн бойдон фольгага ороп электр мешине бышыргыңыз келсе, анын ичи-сыртына каймак майдан сүртүңүз. Өзгөчө даамдуу болот.
  • Балыкты союп-тазалоодо анын ичиндеги кара чел кабыкты да алууну унутпаңыз. Бул нерсе ага ачуу даам тартуулайт. Мындан сырткары атайын ашкана кайчысы менен балыктын сүзгүчтөрүн кесип салыңыз.

ПИРОГ

  • Эриген каймак майга камыр жуурусаңыз ун жакшы бирикпейт. Андыктан каймак майды бир аз тоңдуруп алуу керек.
  • Эгер камырыңызда кумшекер көп болсо, ал бат кызарып, күйүп да кетиши мүмкүн. Анан да кумшекер көп кошулган камырдан жасалган пирог көпшөк болбойт.
  • Пирогдорго кошулуучу мейиз, кактарды алгач жууп, анан кургатып алуу керек. Болбосо кошулгандан кийин ал турган жер сууланып, боштук пайда болот.
  • Камырым нык болбосун десеңиз, ага кошулуучу суюк нерселердин баары бөлмө температурасында болуусу кажет.
  • Пирогдун камырын табага толтурбай, бөксө салыңыз. Албетте, бышырып жатканда табадан ашпаганы менен, пирогдун ортосу көтөрүлүп кетет.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
defne15
2017-03-20 11:31:39
Соонун кенештер экен.Ракмат супер инфо.
+2
deva
2017-03-20 12:53:54
Шундайлардан көп бергилечи
+1
admin_superstan
2017-03-20 13:22:18
defne15, deva, саламатсыздарбы? Алдыда гезиттин жаңы сандарынан дагы көптөгөн ашкана сырларын көрө аласыздар. Биз менен болгонуңуздар үчүн рахмат.
0
ekaterinburg
2017-03-20 13:41:45
Курсакты ачырып ийдинер.Бирок абдан соонун кенештер.Рахмат.Дагы кутобуз.
0
Bualimka
2017-03-20 19:42:33
Сонунгоо жасап коруу керек экен балыкты.
0
nazgulum
2017-03-20 20:16:14
Борщ, солянка жонундо жазып койгулачы сураныч
+1
admin_superstan
2017-03-21 09:15:58
nazgulum, саламатсызбы? Төмөнкү шилтеме менен кирип көрүңүз: https://www.super.kg/article/show/32289
0
alina79
2017-03-24 00:18:34
admin_superstan,чучук,жоргом туралуу да жазып койгулачы, алдын ала чон рахмат?!
0
admin_superstan
2017-03-24 09:45:39
alina79, саламатсызбы? Суранычыңыз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат. Төмөнкү шилтеме менен да кирип көрсөңүз болот: https://www.super.kg/article/show/30313
0
Girl1996
2017-03-22 16:12:18
соонун кенештер экен. чоон рахмат супер
0
Girl1996
2017-03-22 16:14:11
шорпону жасаганда картошканы да сууга салса, картошка эзилбейт
+1
elif
2017-03-24 03:51:32
фольганы эч качан тамак ашка тийгизбеш керек,ото зыян ден соолукка,табага бир нерсе салып бышыраарда устун каптап жабуу учун гана колдонсо болот
0
nazzi.imammiddin
2017-06-10 09:19:53
пирогдун кандай жасалышын айтып коёсуздарбу. мен жасаганымда көтөрүлбөй калды эмне үчүн?
0
Daiis
2017-10-27 00:20:29
Ох ииииий балыкка талгакмын да
0
№ 750, 17-23-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан