"Таалай элеси" тобу: "ЭЛ БИЗДИ ЖУБАЙЛАР ДЕП ОЙЛОШОТ"

Учурунда популярдуу болуп, кадыр күткөн "Таалай элеси" тобун билбеген аудитория болбосо керек. Таалай Бектургановдун атын өчүрбөй татыктуу алып келе жаткан топтун жетекчиси Тотомидин Жолдошев бир кездеги ийгилик жараткан топту кайрадан жандандыруунун үстүндө кызуу иштеп жаткан чагы.

– Сөзүбүздү чыгармачылыктан баштасак. Шоу чөйрөсүндө атыңыздар чыкпай калды эле.
Тотомидин мырза:
– Чыгармачылык оңой иш эмес экен. 1989-жылы чаткалдык жигиттер топтолуп, ырдап чыгуунун үстүндө иштеп жүрдүк. 2000-жылы "Таалай элеси" тобун түзүп, сахнага чыгып баштаган элек. 2005-жылы Жеңишгүл Сатылганова үй-бүлөлүк шартына байланыштуу топтон кетти. 2006-жылдан баштап мен жалгыз ырдай баштадым. Анткени Сардарбек, Молдаалы, Жамал деген топтун мүчөлөрү да кете башташты. Жалгыз ырдап, аракет кылганым менен, баштагыдай болгон жок. Шоу чөйрөдөн бир аз оолак болуп, той-топурларда ырдап, тамада болуп жүрдүм.

– Топтун курамын жаш таланттар менен толуктап жатыптырсыз. Сурма айым менен кантип иштешип калдыңыз?
Сурма айым:
– Ал учурда мен ЖОЖдо билим алып жаткам. Таякем тамада болуп тойлордо кызмат кылчу. Ошону менен катар топко кыз издеп да жүрүптүр. 2015-жылы Чаткалда Таалай Бектургановду эскерүү концерти болуп, мен да барган элем. Ошол жактан келгенден кийин таякем мага "топко солист керек, дуэт жаздыралы" деп сунуштап калды. Ага чейин таякем сырттан сынап көрсө керек да (күлүп).

Т.: – Эскерүү концертинде Сурманын талантын байкадым, жакшы ырдайт экен. Негизи эле топко кыз керек болчу. Анан дагы кайсы гана чөйрөдө болбосун кыздарды кармаш өтө кыйын. Ошондо ойлондум, жердешим экен, тууганым экен, бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз деп. Апам да "өзүңдүн эле карындашың, ырдатып чык" деп калды. Иштешип калгандан кийин "сахнада экөөбүз таяке-жээн эмес, ырчыбыз. Ошондуктан ырыбыздын мазмунуна жараша кээде кыз-жигиттин да образын жаратышыбыз керек" деп Сурмага айттым. Анан бир аз уялып жүрүп, кийинчерээк көнүп кетти. Алгачкы жаздырган "Кечиккен махабат" деген ырыбыз 2016-жылы хит болгон.

– Сурма айым көз жарса, топтун ишмердүүлүгү солгундап кетпейби?
С.:
– Мен төрөгөн учурда деле чыгармачылыктан алыстап кетпейм. Менин балалуу болушум сахнага чыгуума бөгөт койбойт. Демек, чыгармачылыгыбыз өз нугунда эле кетет.

– Топко байланыштуу кызыктуу окуялар көп болсо керек...
С.:
– Кызык окуя дегенде эле кечиккен күндөрүм эсиме түшөт. Айтылган, чакырылган жерге сөзсүз кечигип барам. Анан таякем жини келип, "сен кечигип эле жүрөсүң!" деп урушуп калат. Күнөөлүү киши болуп күлүп кутулуп кетем. Канчалык аракет кылып, 2 саат эрте даярдансам деле кечигип калам.
Т.: – Башында Сурманын кечигүүсүнө ачуум келчү. Эми андай эмес. Азыр менден биринчи барып алып, "кайда жүрөсүз, эмнеге кечигип келдиңиз?" деп мага "шеф" болуп алат.

– Отчёттук концертиңизде Арман, Султан аттуу шакирттериңиздин өнөрүнө күбө болгонбуз. Учурда аларды сахнадан көрө элекпиз...
Т.:
– Ал балдар деле чаткалдык инилерим болот. Таланттуу, жакшы балдар. Арман топтун мүчөсү эмес, жеке ырчы болгусу келет экен. Макул болуп, азыркы тапта акыл-насаатымды айтып турам. Ал эми Султан топтун мүчөсү, ырдап баштады. Андан башка да таланттуу окуучуларым көп.

– Таалай Бектургановдун гитарасы сиздин колуңузда деп укканбыз.
Т.:
– Таалай Бектургановдун көзү өткөндөн кийин гитарасы бир тууган эжеси Ажар Бектурганованын колунда эле. Ал киши мигрант болгондуктан, гитараны ар ким сурап кетип, ортодо таппай, издеп калган күндөрү да болуптур. Мен отчёттук концерт бергенде Ажар эже келип, "15 жылдан бери Таалайдын атын өчүрбөй жүрөсүң. Гитара үйдө турса тура берет экен. Таалайдын арбагы сени колдосун, ага келген эргүүлөр сага да келсин" деп мага белек катары берген. Гитараны төргө илип койгом. Эргүү келгенде, обон жаратарда колго алып чертип турам. Гитаранын таасириби билбейм, Таалай акемдин стилинде 2 ыр жаздым, азырынча ырдап чыга элекмин.

– Мындан аркы ишмердүүлүгүңүз тууралуу кеп кылсаңыз?
Т.:
– Ишмердүүлүктү өркүндөтүшүбүз керек. Сүйүү, кайгы-муң темасынан алыстап, тамашалуу "Ошко-Ошко", "Акыя" деген ырларды жаздырып жатабыз. Мындан тышкары ушул жылы жеке концерт өткөрөлү деген пландарыбыз бар.

– Жеке концерт өткөрсөңүздөр, "Таалай элеси" тобунун мурунку солисттери келип ырдашабы?
Т.:
– Мурунку досторум, кесиптештерим келе албайт деп ойлойм. Анткени Сардарбек такыр эле ырчылыктан четтеп кеткен. Ал эми Молдаалы отчёттук концертке чакырганда баш тарткан. Концертте жаңы ырчылар ырдашат.

– Үй-бүлөңүздөр, жеке жашооңуздар тууралуу айтып берсеңиздер.
Т.:
– Жубайым менен баш кошконума 15 жылдын жүзү болду. Кудайга шүгүр, келинчегим мен буйрук кылгандай 2 уул, 2 кыз төрөп берди. Кыздарым Аяна, Созай, уулдарым Жанасыл жана Эрасыл. Өмүрлүк жарымдын менин чыгармачылыгымды туура түшүнүп, күч берип, колдоо көрсөткөнүнө ыраазымын. Ошонун урматына "Рахмат сага" деген ыр жазып, клип тарттыргам. Убактымдын 99 пайызын студияда өткөрөм. Анткени башка иш менен алектенсем, чыгармачылык аксап калат. Ошондуктан жеке ишкерликке басым жасабайм. Ал эми жубайым чакан дүкөнүбүздү иштетет.
С.: – Мен жалпылап эле айтып кетейин. Көпчүлүк эл бизди "Кеңеш" тобуна салыштырып, аялы-күйөөсү деп түшүнүп, "чын эле ушундайбы?" деп сурашат. Бирок такыр андай эмес. Тотомидин менин бир тууган таякем болот. Чаткалда төрөлүп, өскөм. Турмушка чыкканыма 1 жыл болду. Түндүк-түштүктү бириктирген түгөйлөрдөнбүз. Жолдошум чыгармачылыктан алыс адам. Бирок мени түшүнүп, дайыма жөлөк болуп турат. Чоң кайнатабыз комузда кол ойноткон, ырчы болуптур. Өзүмдүн атам дагы комуз черткен өнөр адамы болгондуктан, эки тарап тең ырчылык кесибимди жогору баалайт.

– Маегиңиздерге чоң рахмат!

Бактыгүл Момбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Таалай элеси" тобу: "Бизди жубайлар деп ойлошот"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Hatali
2017-03-20 09:13:03
Эх Таалай Бектургановдой кайталангыс талант жоктой сезилет..
+1
Pandora
2017-03-20 11:42:52
Жакшы мен дагы ойлогом тугойлор деп,эн сонун экен кыздында жолдошу кызганбайт,аман эсен коз жарып алсын,
+3
Uson13
2017-03-20 18:53:45
Адамды арбак эмес Аллах колдойт
+8
Sezimka27
2017-03-20 23:12:18
таалай елеси тобу ийгилик силерге актерек коктерек праграмасынан коргондон бери жакшы кором бул топту
0
munira-tilen
2017-03-22 07:31:06
Мен да ойлодум еле Айбек карымовко окшоп кетишеби деп.:))
+1
farishka
2017-05-26 08:25:10
Чыгармачылык ийгилик!
+1
№ 750, 17-23-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан