2 КЫЗЫН МУУНТУП ӨЛТҮРГӨН АЯЛ 20 ЖЫЛГА СОТТОЛДУ. АНЫН МЫНДАЙ КАДАМГА БАРУУСУНА КҮЙӨӨСҮНҮН БАШКАГА ҮЙЛӨНҮҮСҮ СЕБЕП БОЛГОНБУ?

Өткөн жылы Кочкор районунун тургуну өзүнүн 2 жана 3 жаштагы кыздарын тумчуктуруп өлтүргөнү эл оозунан түшпөй, көпкө чейин айтылып келди. Жыл аягында Кочкор райондук соту бейкүнөө эки наристесин өлтүргөн 30 жаштагы аялды 20 жылга темир тор артына кетирди.

ОКУЯ ТУУРАЛУУ

2016-жылдын 16-октябрында саат 12:00 чамасында милицияга Кочкор районунун Чекилдек айылындагы үйлөрдүн биринде 2013-2014-жылы туулган Эльвира жана Раяна аттуу кыздардын каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Энеси кыздарынын ооруп калгандыгынан улам аларга дары берип жаткырып койгондугун, эртеси турбай калышканын айткан. Бирок экспертизанын жыйынтыгында кыздар муунтулгандан улам каза болгондугу аныкталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө наристе кыздарын 30 жаштагы Айнура Курманалиева аттуу апасы целлофан баштык менен тумчуктуруп өлтүргөн деп шектелип кармалган. Ал кылмышын моюнуна алып, бул кадамга күйөөсү башкага үйлөнүүнү чечкендигинен улам баргандыгын түшүндүргөн. 2016-жылдын 28-декабрында Кочкор райондук соту Айнура Курманалиеваны "киши өлтүрүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратып, аялдардын түзөтүү абагында жазасын өтөй турганы белгиленген.

"КЫЗДАРЫН АБДАН ЖАКШЫ КӨРЧҮ"

Өз канынан чыккан кызынын мындай кылыгын түшүнө албай жаткан апасы Сүйүн Жунушова буларды айтып берди:
– Кызым Айнура 1986-жылы туулган, кыздарымдын ортончусу болчу. Мүнөзү токтоо, көп сүйлөбөгөн, түнт эле. Мектепти аяктагандан кийин турмушка чыккан, бирок күйөөсү экөөнүн жылдызы келишпей, кызына 4 ай болгондо ажырашып кетишкен. Кызын мен багып, өзү Бишкекте тигүүчү болуп иштеп жүрчү. Кызына сөйкө, бизге да кийим-кече алып берип жакшы эле иштеп жүргөн. Анан эле туугандарыбыз бирөөгө тааныштырып, Семиз-Бел айылына экинчи жолу турмушка чыкты. Ал жолдошунун 3 уулу бар болчу, аларга болушуп кызыма кол көтөрчү экен. Кызым кайненеси менен да тил табышып жашап кете алган жок. Айла жок, 2 кызы менен ажыраштырып үйүбүзгө алып келип алганбыз.
Улуу кызы 4-класста окуп жатат. Ал эми каза болгон кыздары Эльвира 3 жашта, Раяна 2 жашка жакында чыкмак. Буларга кичине болсо да жардам болсун деп жөлөк пул бөлдүрүп берейин деп көп эле аракет кылдым, бирок чыгарта албай койгом. Кызым кыздарын аябай жакшы көрчү. "3 кызым тең сулуу, чоңойсо ушулар эле мени багат" деп жалбарып эле отурчу.
Акыркы күндөрү тамак да ичпей, "ич" десек "ичпейм, силер дубалатып салдыңар" деген сөздөрдү сүйлөп калган. Үйгө туугандарыбыз келип калса да аларга жолугуудан качып, кыздарын көтөрө калып башка бөлмөгө кетип калчу. Сурасам эч нерсе деп айтпай ыйлап, өзү менен өзү болуп калган.

"ӨЗҮНҮН ЖАНЫН ДА КЫЙМАКЧЫ БОЛГОН ОКШОЙТ"

– Биз окуя болгон күнү үйдө жок болчубуз. Бишкекке барган элек, андан ары кудага кетели деп турсак шаардагы балам "Айнуранын 2 кызы чарчап калыптыр" деп телефон чалды. Аны угуп шашып үйгө келсем, кире бериш бөлмөдө ак чүпүрөккө оролуп кыздары жатыптыр. Аңгыча эле милиция кызматкерлери келди. Эмне болгонун кийин гана билдик. Ошондо жиним менен кызымдын жанына барган да жокмун. Суракта "өзүм өлтүргөм" деп айтып бериптир. Ал эми кыздардын атасын чакыртсак келишкен жок. Ажырашкан боюнча катташкан да эмеспиз, ал да башкага үйлөнүп, өзүнчө турмуш куруп алган.
Үйдө кызым улуу кызы менен жана кичүү балам болуп калышкан. Улуу кызы сабактан келгиче бул ишти жасаган окшойт. Балам кечинде сураса "уктап жатышат" деп койгон экен. Уулум досунукуна барып, кайра келсе, жарык өчүп тургандыктан уктап калышкан экен деп ойлоптур. Балам эртең менен малга жем-чөп берип жатса аны кызым чакырып, "кечинде кыздарымды жуунтуп жаткыргам. Эртең менен турсам чарчап калыптыр" деген экен. Балам таң калып, "кечээ эле жакшынакай ойноп жүрүшпөдү беле" деп кала бериптир. Улуу кызынын айтканына караганда, кызым өз жанын да кыяйын деген окшойт. Себеби бир ирет ал уктап жатканда кышылдаган үндөн улам ойгонуп кетиптир, караса апасы башына целлофан баштык кийип турганын көрүптүр. Кызы "апа, эмне болуп жатасыз?" деп кайра уктап калыптыр. Кызымдын психикалык жактан жабыркап ооруганын деле билбейм. Балким, турмушка чыккандан кийин ооруй баштагандыр. Күйөөсү менен ажырашкандан кийин молдолорго барып дем салдырып жүргөн. Менин оюмча, кызыма жин кирип кеткен, болбосо мындайды кылбайт эле. Неберелеримдин эми гана тили чыгып, мени "апа" деп калган болчу.
Кызыма сот көп жыл берип койду, облустук сотко апелляциялык арыз жазсакпы деп жатабыз. Жакында барып жолугуп келдим, кызым ар кайсыны айтып жинди болуп калгандай. Кызымды энелик укугунан ажыратып, 4-класста окуган кызын бизге каттап беришти.

"АР КИМ МЕНЕН СҮЙЛӨШӨ БЕРБЕГЕН КЫЗ ЭЛЕ"

Аты жашыруун калышын каалаган Айнура Курманалиеванын кошунасы буларды айтып берди:
– Айнурадан мындайды таптакыр күткөн эмеспиз. Өзү түнт, ар ким менен сүйлөшө бербеген кыз эле. Кошуналардын үйүнө да кирчү эмес. 2 жолу турмуштан жолу болбой, ата-энесиникинде жашап жатканына 2 жыл болуп калган. Ата-энеси буларды жакшы карашчу. Кыздардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн да бул жактан алып беришкен. Таенеси неберелерин абдан жакшы көрүп, жанынан чыгарбай эле жүрчү. Кийинки күндөрү Айнура башкача болуп калган, жин кирип кеткенби деп ойлоп жатабыз. Ортодо намаз окуп, кайра таштап койгон эле.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
Alibay
2017-03-22 13:17:31
Кандай жашоодо жашап жатабыз.атасы кызын зордуктап,баласы атасын олтуруп,энеси кызын балталап,кочодон эле бири -бирин мууздап кетип.Бул нерсеге эмне себеп болууда озу.Адамдардын туру жаман болуп кетип жатат го.ИТР жасап,цивилизациялуу коомдо жашап жатабыз деп тош каккан менен ,ал жашоонун жыйынтыгы кандайдыр бир денгээлде ушулар.Жан дуйнонун жардылыгы,рухубуздун кондойлугунон деп ойлойм.
+7
Girl1996
2017-03-22 16:39:05
эгер динди туура кармансак ушунун баары болмок эмес
+4
meliskan24
2017-03-22 17:27:56
Кылган куноосун кудайым, озу кечирсин!!! Адам психический жактан ооруса, не кылганын да билбейт го деп ойлойм. Кичинекей бей куноолуу, наристелерге боорум ооруйт.
+4
anar8672
2017-03-22 20:05:12
Аялдын ошончо башына туйшук салган да Бактылуу кылган да эркек болот Канткенде да мындай кылбаш керек эле Чыдамы курап калганго.ушул эрлер да туудургандан башка жоопкерчиликтуу да болсо го мындай болмок эмес.Сабыр тилейм
+9
Jarookerjan
2017-03-22 23:13:18
Эки турмуштан жолу болбогон байкуш аябай чунчуп,коп ойлонуп,журогу кысылып нервге доо кеткен тура.Аллахым куноосун озун кечир.
+4
nurchik05
2017-03-23 10:00:18
жон эле кылбаган психикалык жактан ооруп калганго
+3
Aiza9797
2017-03-23 14:49:00
Кечее кечинде окуп алып туну менен коркуп уктай албай чыктым, Аллахым баарыбызга сабыр ыйман берсин ылайым!
+3
kolyn
2017-03-23 16:33:47
Соо адам мынчалыкка барбайт.Наристе кыздарга жүрөгүм ооруду,аянычтуу...
+2
Benazir08
2017-03-23 19:47:39
Ээ турмуш ар кандай кылып өзгөртөт. Ичиң күйүп ыза болгондо не кылышыңды да билбей каласың... мындай күндү башка салбасын.
+3
kaniulia
2017-03-23 20:27:21
Бул психалыктан жактан ооруган, анан мындай туура эмес ишке барганын озу да билбей калган. Болбосо оз баласын эч ким мындай жолго алып барбайт
+3
Nassa
2017-03-24 14:23:08
Кудай аааай шумдук болуптурго...
+2
Izana
2017-03-25 18:41:47
Психикалык жактан ооруса экзпертизадан чыкмак да. Бейкуноо наристнлерди олтургон айбанга эмне боорунар ооруп жатат? Жырткыч да оз баласын олтурбойт. Бул аялга 20 жыл да аздык кылат
0
Kamchybekova.Ch
2017-03-25 22:40:01
Izana,тообо деңиз,мындайды эч кимдин башына салбасын.
Эки турмуштан жолу болбой,көп депрессияда жүрүптүр. Психикасынын бузулганына да көп эле болгонго менимче.
Каап,эртерээк байкабаптырда.Байкуш кыздар..
А энени дарылатыш керек..
0
nargizon152229
2017-04-06 17:46:18
Акыл-ээси ордунда эмес болсо керек.... Чын эле жин кирип кетсе керек.. Абдан окунучтуу..
0
ilyaz.
2017-04-27 17:50:56
Тоба кылдым кантип колу барды ушуга
0
№ 750, 17-23-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан