ЫСЫК-КӨЛДӨ БАЛЧЫЛЫК ӨНҮГҮҮДӨ

Акыркы кезде Кыргызстандан чыккан бал өзгөчө бренд болуп, чет өлкөлөрдө туруктуу кардарларын таап жатат. Мисалга алсак, Орусиянын бир катар соода түйүндөрү өзүлөрү жана интернет сайттары аркылуу "Иссык-Кульский", "Токтогульский", "Суусамырский" деп Кыргызстанда чыгарылган балды ийгиликтүү сатышууда. Мындай жагдай биздин өлкөдө бул тармак кандайдыр бир деңгээлде туруктуу өнүгүп бара жатканынан кабар бериши керек. Анткени орусиялык рынокто продукциянын ири көлөмү сатылбаса, компанияларга өз ордун таап, кардарларды кармаш өтө эле кыйын болот. Ошондой эле акыркы жылдары Кыргызстандан чыккан бал дүйнөлүк деңгээлде мыкты деп таанылып, бир катар ири көргөзмөлөрдө башкы байгелерди жеңип келүүдө.

Тармактын өсүп жатканы тууралуу базардагы туруктуу баалар, сапатынын уламдан улам жакшырышы кабар берип турат. Бир нече жылдан бери өлкөнүн соода түйүндөрүндө, бал жарманкелеринде продукциянын көлөмү кыйла жогорулап, бир кездери көбөйүп кеткен жасалма бал дээрлик жок болду. Ар бир балчы кардарлар үчүн катуу күрөшүп, бул атаандаштык жалпы өндүрүшкө оң таасирин тийгизип жатат. Ошондой эле эч кандай өндүрүш жана ишканалар жок, бирок жаратылыш чөйрөсү бай болгон аймактар үчүн балчылык абдан ыңгайлуу жана кирешелүү тармак. Балчылык мыкты өнүгүп келе жаткан аймактардын бири катары Ысык-Көл аймагын айтса болот. Бул жердин бардык шарттары – чөп-чар, бак-дарак, айдоо талаалар балчылыктын өсүшүнө эң ыңгайлуу. Мунун бардыгын ары-бери салмактап, жети ойлонуп, бир кескен Анвар Халилов мындан 7 жыл мурун ишкерлигин баштаган.

– Менин досум балчы, ал мага ушул ишкерлик менен алектенүүмдү сунуш кылды. Ойлонуп көрүп, баштап көрөйүн деп чечтим да, бул ишке баш-отум менен кирип кеттим. Башында кыйынчылыктар болду, жаңы ишти баштап жатканда оңой боло бербейт эмеспи. Бактыга жараша, иш алдыга жылып, киреше алып келе баштады,- дейт Анвар өзүнүн тандаган жолу тууралуу.
Көп жылдар бою фельдшер болуп эмгектенген Анвардын жаңы иши оңой жүрүп кеткен жок. Бардыгын башынан изилдеп-үйрөнүп, аарыларга өз баласындай мамиле жасоого туура келди. Анын айтымында, сыртынан оңой көрүнгөнү менен, ар бир иштегидей эле кылдаттыкты талап кылган сырлар да арбын.

– Кышында бал челектер сыртынан жөн эле ящиктер жыйналып тургансып көрүнгөнү менен, анын ичинде тынбай эле турмуш өтүп жатат. Аарыларды кыштан чыгаруу абдан маанилүү учур, өтө ысык же суук болуп кетсе, алар кырылып калышы мүмкүн. Аба жетишпей калса аарылар ар кандай жугуштуу ооруларга чалдыгат. Убагы менен алардын курсагын тойгузуп турбаса алсырап калышат. Мындан башка да аарыларды туура кароонун эрежелери көп жана мунун бардыгына көңүл бурулбаса, бал челектеги аары үй-бүлөсү жок болуп кетет,- деп балчы Анвар Халилов ишинин күнгөй-тескей жактарын айтып берди.
Бал челектин үстүн ачканда ичинде аарылар жайнайт экен. Учуп чыгып кеткендери тез эле сууктан мүрт кетип, кар үстүнө кулап калып жатышты. Ошондо гана бул оңой иш эмес экенине көзүң жеткендей болот. Балчынын айтымында, 90 бал челек багууну орто бизнес деп айтса болот. Ири деп 150-200 бал челек айтылат. Сарамжалдуу колдонсо, анын ар бири 15-20 жыл кызмат кылып берет. Ошондой эле жыл сайын аары уюлун асылдаштыруу боюнча чара көрүү зарыл. Бир эне аары айына
3 миңден өйдө жумуртка таштап, уюлдун күчүнүн бардыгы тукумду өстүргөнгө жумшалат.

– Кыйын учур деп жазды айтса болот. Ошол маалда аарыларды азыктандырып туруу убагы келип, күндүн жылыганын күтүп калабыз. Жаздын эрте келишинен, чөп-чар, бак-дарактын гүлдөгөнүнөн биздин ишибиз көз каранды. Жаан-чачын жакшы болуп, күн тийип берсе эң сонун шарт болот. Андай болбой, өсүмдүктөр гүл байлабай калса, бизге кыйынчылык келди деп кой. Менин башымдан мындай кезең бир-эки жолу өттү. Ошол мезгилдерде балдын чогултулушу анча жакшы болгон жок,- дейт Анвар.
Ишкердин сөзүн угуп жатып табиятка баа берсе болот. Мисалы, бир кашык балды чогултуш үчүн бир аары
отуз миң гүлдү кыдырып чыгышы керек экен. Мындай керемет акылга сыйбай да кетет. Бал челекти ачканда балчыны жүздөгөн аарылар чагып кетиши мүмкүн жана бул көнүмүш адат. Ошондой эле аарылардын ушундай эбегейсиз (адамдык көз караш менен) эмгеги менен чогултулган балды сатып, акчага айлантуу да оңой иш эмес. Жергиликтүү балчылар өндүргөн продукциясын жергиликтүү базарлар, соода түйүндөрү аркылуу сатышып, айрымдары чет өлкөгө да жиберишет.

– Мага жакшы болгон жери, "Кумтөр" алтын кен ишканасы менен келишим түзгөм, өндүргөн балымдын дээрлик үчтөн бир бөлүгүн ишкана сатып алат. Айына жарым тоннадай чогултулса, анын эки жүз килограммы алтын кендин керектөөсүнө кетет. Дагы бир сыймыктана кетчү жагдай, бул аймакта эле эмес, Кыргызстан боюнча эң ири кардардын менде болгону,- дейт Анвар.
Анын айтымында, бул келишимди анын досу түзүшү керек болчу. Биринчи ага сунуш түшүп, бирок анын ишканасынын документтери туура келбей калган. Андан улам Анвар Халиловдун чарбасынын кагаздары жарап, эки тарап кызматташууга макул болушту. Ошондон тарта Халиловдун чарбасында туруктуулук орноп, ал продукциясы сатылбай калбайт деп коркпойт.

– Ысык-Көлдүн балы дүйнөдөгү эң мыкты, өлкөнүн атагын алыска чыгарчу бал. Кендирди кескен нерсе – акча-каражаттын аздыгынан тармак жакшы өнүгө албай жатат. Аймакта "Кумтөр" сыяктуу ишканалар көп болгондо бизге абдан жакшы болор эле. Балчылык жергиликтүү айыл чарбага абдан жакшы таасир тийгизет. Аарыларсыз, алар чачкан чаңчасыз мөмө-жемиштин, чөп-чардын түшүмү жакшы болбойт. Көп дыйкандар келип "бал челегиңди менин айдоомдун жанына коюп бер" деп суранышат. Мунун бардыгы акыры отуруп аймактын өнүгүшү, калктын жашоо-турмушунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө таасирин тийгизет,- дейт Анвар Халилов.
Муну менен, албетте, макул болуу зарыл. Экономикалык каатчылыктан чыгып кете албай жаткан Кыргызстан үчүн ар бир ийгиликтүү окуя үлгүлүү нерсе. Ошондой эле карапайым ишкердин окуясынын артынан мамлекеттик деңгээлдеги маселелерди чагылдырса болот. Мисалы, аймактагы өндүрүштүн, инфраструктуранын өнүгүшү, алардын жергиликтүү ишкерликке болгон таасири жана башка ушуга байланышкан жагдайлар. Анвар Халиловдун айтымында, жеке ишкерлердин абалы – өкмөттүн экономикалык саясатынын күзгүсү. Мамлекет ар бир ишкерге түздөн-түз колдоо көрсөтпөсө да, жалпы өнүгүү аркылуу тийиштүү шартты түзүп бере алмак. Азырынча Ысык-Көлдө бул тууралуу кеп жок. Мисалы, "Кумтөр" иштешип жаткан жергиликтүү өнөктөштөрдү жүздөп санаса болот. Алардын бардыгы алтын кен комбинатын тигил же бул продукция менен камсыздап, ошону менен оокатын жүргүзүшөт.

Анвар Халилов бул ишкерликти туура тандап алганына кубанат.


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Rain000
2017-03-23 16:05:38
Жалан элее тундуктуктордун балын болушунча мактаптыр гоо. Башка жерде бал кылбагансып
-2
Namystan
2017-03-26 22:59:56
Rain000, туштуктордун балын деле айтпайбы де
0
konurat.93
2017-03-25 01:21:22
Rainooo болунбо Кыргыз болунбо.
Болунсон бору жеп кетет.
Кыргыздар болунуп кетти деп ботон элге кеп кетет.
0
№ 750, 17-23-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан