КОПТЕР ЖАКЫНДА АДАМ ТАШЫП БАШТАЙТ

Байкайсыздарбы, акыркы 2-3 жылда кыргыз клиптеринде, кинолорунда чымчык учкан бийиктиктен тартылган сонун кадрлар көбөйдү. Көз кубантат. Коптер – бийиктен тасма тартууга мына ушул аппарат жардамга келди. Маараке, салтанаттарда, тойлордо үстүңүздө дырылдап учуп жүргөн керемет буюмдун тарыхы кандай? Баяндап беребиз...

ЖАРАЛУУ ТАРЫХЫ

Квадрокоптер, мультикоптер, коптер, кээде дрон деп аталып жүргөн буюм 1922-жылы Георгий Ботезат аттуу окумуштуу тарабынан жасалган. Бирок биринчи квадрокоптерде учкуч болмок, башкача айтканда, аны адам башкармак. Абага жапыз гана көтөрүлө алган Ботезаттын квадрокоптери жетишпеген жактары көп болгондуктанбы, айтор, эл кызыгуусун жараткан эмес. Андыктан квадрокоптер узак уйкуга кеткен. Анын жылдызы жанчу учур алдыда эле.
Дүйнөлүк державалардын атайын кызматтары ХХ кылымдын башынан тарта алыстан туруп башкарылган учкучсуз аппараттарга кызыгып келишкен жана аны иштеп чыгууга эбегейсиз каражат бөлүп турушкан. Учкучсуз учуучу аппараттар чалгынчылык кылуу үчүн 2-дүйнөлүк согуштан кийин кеңири тарай баштаган. Кезинде АКШ менен СССР бири-биринин учкучсуз аппараттарын маал-маалы менен кармап алышчу. Баса, учкучсуз учуучу аппараттарды дрон деп америкалыктар атап баштаган. Бирок ал аппараттардын сырткы келбети биз сөз кылып жаткан коптерге анчейин окшошчу эмес. Көбүнчө алар учакка окшош эле.
ХХI кылымдын келиши менен (2010-жылы) 1922-жылы унутулуп калган төрт дирилдеги бар квадрокоптер менен учкучсуз учуучу аппараттардын айкалышынан азыр биз коптер, дрон деп атап коюучу аппарат келип чыгып, элге кеңири тарай баштаган.

Эң алгачкы коптер жерден аз гана бийиктикке көтөрүлө алган.


ТАСМА, СҮРӨТ ТАРТЫП ТИМ БОЛБОЙ, ЭМИ АДАМ ТАШЫЙТ

Мындан сырткары адам буту басып барбаган кооптуу жайга да дрондорду жиберишет. Маселен, Японияда Фукусима атомдук станциясындагы авариядан кийин ал жактагы радиоактивдүү топуракты изилдөөгө алып келүү үчүн коптер жөнөтүлгөн. Бирок кайтып келе жатып дрон Япониянын премьер-министри Синдзо Абенин үйүнө кулап түшкөн. Бул окуядан кийин коптерлерге артты көздөй кыйшаюусуз кайтуу, аэропорт же башка кирүүгө тыюу салынган аймакка жакындатпоочу кошумча функциялар кошулган.
Орусияда биринчилерден болуп коптерлер пицца ташып башташкан. Ал эми быйылкы жылы Бириккен Араб Эмираттарында дрон таксилер ишке киргени турат. Бир адамды көтөрүп уча ала турган төрт дирилдектүү дронду атайын борбордон башкарып турушмакчы. Бул аракеттер канчалык жемиштүү болот али белгисиз, бирок дрондор биздин жашообузда мындан да кеңири пайдаланыла башташында шек жок. Себеби учурда почточунун ордун да дрондор менен алмаштырууну ойлонуп жаткан ишкерлер бар. Ал эми Сингапурда жана Англияда дрондорду официант катары пайдалануу да каралып жатат.
Жакынкы күндөрдө коңшу Казакстанда коптер менен кой кайтарган фермер тууралуу жаңылык дүң эткен. Бирок изилдей келгенде бул кабар жалган болуп чыккан.

БАЭде эми ушундай коптер таксилер жүрүп баштайт.


Жүк ташып жөнөгөн коптер. Азырынча ал 1 килограммдын тегерегиндеги жүк көтөрө алат.


Мирлан Өмүралиев
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
suban78
2017-03-20 10:44:51
Мен да бирди алам ушу коптерден, а то уй жоголуп издей берип жададым.
+17
Lion.
2017-03-20 15:58:40
suban78,хаха))
Баасы канча экен?
+2
sansho
2017-03-20 16:22:38
Митинге чыккандарды таратууда да колдонулуп келет. Ал дрондор го газбаллон бекитилет да элге газ чачуу менен дрондор тартип сакчыларына кызмат өтөшөт. Балким бизде да муну колдоуп калышаар.
+3
Erlan_95
2017-03-22 10:44:47
sansho,таш менен бир уруп тушуруп коебуз аларды!!!
+4
ozgeldi
2017-03-20 17:47:05
Кой кайтарганга сонун экен
+5
erkekizmin
2017-03-20 20:26:12
Айрыкча алам дегенлер мага байланышса болот купуядан
Туру мн сатып аттым эле чет жакта.
+2
dosym
2017-03-22 08:39:20
Наркотик ташыгандарда болгон чек арадан
+1
Aikoo2014
2017-03-22 11:07:26
Дронду менин байкем алган баасы кымбат.
+1
Bolunbo.kyrgyz
2017-03-22 15:24:40
2 минден 100 минге чейинго
+1
Mers124
2017-03-23 21:30:30
Баары бүтүп боомдо гаилер радарын коптерге байлап, атып калыптыр го. Ушул мыйзамдуубу? Супер билип бергилечи. Коптер жылып турат да. Туура эмес көрсөтүп коюшу мүмкүн.
+2
admin_superstan
2017-03-24 09:47:16
Mers124, саламатсызбы? Суранычыңыз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
JATAMALIEV
2017-03-24 00:26:21
Бул кортерлер (дрон) баасы канча экен?
0
№ 750, 17-23-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан