ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

ИНТЕРНЕТТЕ

SFS – бул Инстаграмдагы окурмандарды кызыктыруу жана көбөйтүү максатында ойлонуп табылган нерсе. «Shout out for shout out» деген сөздөн келип чыгып, англис тилинен которгондо "эскертүү" дегенди түшүндүрөт. Бул өздүк социалдык баракчанын лентасында кызыктуу профилдерди табууга мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, сиз өзүңүздү пиарлагыңыз келсе, сүрөт жүктөө менен бирге "SFS" деген сөздү жазып коёсуз. Анан окурмандарыңыз сизге жакшы пикирлерин калтыра баштайт. Бул нерсе менен сизге кайрылганда, сиз дагы ошондой жооп беришиңиз керек. SFS социалдык тармактын колдонуучулары досун колдоо үчүн, байге алуу жана ошондой эле окурмандардын санын көбөйтүү максатында пайдаланышат.

КООМДО

Бойл
– балык кармоого арналган заманбап буюм. Бойлдун жардамы менен балык уулоочулар чоң көлөмдөгү балыктарды кармай алышат. Анын көлөмү чоң келип, кичинекей балыктарды кармоого ыңгайсыздык жаратат. Бойл эрий турган жана эрибей турган болуп экиге бөлүнөт. Бул балык кармоочу каражаттын курамына буудайдын даны, азык-түлүк жыт бергичтери, крахмал, ар кандай боёктор, даам жана жыт берүүчү консерванттар кошулуп жасалат.

МОДАДА

Чинос шымдар – булардын кездемеси жумшак келип, курамы пахтадан болот. Мындай шымдар отуруп-турууда адамдын кыймылдаганына жолтоо болбойт. Чинос жынсы шым сыяктуу эле бут кийимдин бардык түрү менен айкалышат. Бул кийимди сиз футболка, рубашка менен кийип алсаңыз сонун айкалышат. Чинос кийгенде шалбырап же чыпташып калбашы керек.

Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 750, 17-23-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан