Салтанат Аширова: «ЖАМАЛАНЫН КЫЛЫГЫ МЕН ҮЧҮН ЧЫККЫНЧЫЛЫК»

Салтанат Аширова Украинанын "Голос" теледолбоорунун 7-сезонуна катышып, ал сынактын 2-баскычынан четтетилди. Интернетке жүктөлгөн видеону көрүп, бул тууралуу ырчы айым менен баарлаштык.

– Саламатсызбы, Салтанат айым? Өзүңүз катышкан долбоор тууралуу айтып берсеңиз.
– Саламатсыздарбы? Сахнага мени менен чыккан атаандашымдын жүзүн жашырып, табышмактуу кылуу креативдүү жетекчинин идеясы болчу. Көрүүчүлөргө табышмактуу болгону менен, мага андай сезилген жок. Анткени Катя менен таймашка чейин кафеге, студияга барып ынак болуп кеткенбиз. Жанында жүрүп байкаганым, анын колдой турган адамдары бардай. Ошондо алдын ала эле долбоордун кийинки баскычына мени эч ким сүрөп чыкпайт деп өзүмдү моралдык жактан даярдап алдым. Анткени менин продюсерим да жок болчу. Потап Катяны тандаганда капа болгон жокмун. Канткен күндө да калыстарга өздөрүнүн ырчыларына колдоо көрсөтүп, белгилүү кылуу маанилүү да. Ал эми Катя украиналык ырчы. Мени болсо акыркы мүнөттөрдө Жамала сактап калды. Албетте, мен дагы намысымды коргоого болгон күчүмдү жумшадым. Себеби оңой эле багынып бербеген, жеңилүүнү сүйбөгөн адаммын.

– Сынактын 2-баскычында Жамаладан колдоо күттүңүз беле?
Жамала жөнүндө айтсам, чынында эле көңүлүм калды. Бирок мен аны айыптап же жамандабайм. Анткени бул шоу, анын да долбоордо аткаруучу ролу бар. Жамаланын "кечир, Салтанат, эреже ушундай" дегени мен үчүн чыккынчылык кылгандай болду. Менимче, Жамала атайын кылган жок, балким, долбоордун продюсери ушундай деп чечкендир. Эгер чындап эле Жамаланын чечими болсо, анда, албетте, жакшы болгон жок. Ушул жылы долбоордун эрежелери жаңыланыптыр. Мисалы, Жамала башында мени сактап, андан кийин кайра Ираны тандап кеткен эле. Бирок Жамала Ира менен чектелбей, аны башка катышуучуга алмаштырып койду. Айтор, түшүнүксүз эле болуп жатты.

– "Сынактарга катышпайм" дедиңиз эле...
– Мен сынактарды жактырбайм. Бирок "Голос" долбооруна катышуума эки нерсе себепкер болду. Бири апам, ал дайыма чыгармачылыгымды колдоп, "сынактарга катыш" деп турат. Анан дагы украиналык рок музыкант Святослав Вакарчукту баалагандыктан менин ошол музыканттан тарбия алуумду каалачу. Өзүм болсо ырчы, ди-джей Иван Дорн калыстык кылган сынактарга катышып, ал инсандан сабак алсам деген тилегим бар болчу. Ал эми экинчи нерсе, Львов шаарында өткөн "Alfa Jazz Fest" фестивалы. Ал жакка мен кадырлаган ырчылар келишти. Фестивалдан кийин Львов жана Киев шаарларында көптөгөн концерттерге барып, украин ырчыларына ашык болдум. Ошондо "Голос" долбоору старт алганын угуп, катышайын деген чечимге келгем. Тилекке каршы, калыстардын арасында мен күткөн Иван Дорн жана Святослав Вакарчук жок экен. Анткени бизге калыстар тобунда кимдер отурарын айтышкан эмес.

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Салтанат Аширова: "Мага жеңиштин кереги жок эле, сынакка катышканым жетет"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
adilet.96
2017-03-22 01:24:19
Албетте Таланттуу эже ишинизге ийгилик,бирок негизи менин жеке оюм Катя жакшыле ырдаган болчу..
-3
Bubu88
2017-03-22 03:55:20
Ар ким өзүнүн ырчысын колдойт дептир мисалы Кайрат Примбердиевди Дима оздорунукун ары түртүп коюп финалга чейин судуроп чыкты го бул жерде чыныгы талантка карайт Кайраттын Орусияда кайсы продюсери бар эле өзүнүн чыныгы таланты үнү менен аябай чоң ийгилике жетишти өзү биз ушундайбыз озубузду билбейбиз анан мени көрө албады же тууганына тартып койду деп чыга калабыз эгер сынак Кыргызстанда болсо туура түшүнмокмун керек болсо гран прини да акчага сатып алсаң болот а чет жакта чыныгы талантка карайт
+3
briliant87
2017-03-22 10:23:09
Тааныган жокмун.
+2
Alibay
2017-03-22 12:05:27
Иван Дорн отурганда катышмакмын дейби.Ал эмне дегени болду.Сынак деген сынак ар ким калыстык кылышы мумкун.Талантын болсо ким отурганына карабайт калыстар тобунда.Озуну корсото алган эмессин да.Сен мурдуну тыржыйтып анан ,кыйкырып "хоууу -ууу2деп койгонуну кыйынмын деп жургонсун да...
+6
Medina007
2017-03-22 15:08:35
ушул ырчы жакпайт уга турган ыры деле жок
+2
noeli
2017-03-23 10:25:49
Менин балам да соревнованиядан 1-орунду албай калганда эле оздоруно тартып койду да деп калат
+4
sabyr86
2017-03-23 16:40:53
Ошол жерден Жамалага таарынган жоксуңбу? Деп сураганда жоок деп атпадың беле.бияка келип алып тата пата дейсиң го,ошол жерде айтыш керек болчу.
+6
Aizakub
2017-03-24 11:10:28
Сиз талантуусуз, унунузго соз жок.Алдыда коп сынактарга катышып ийгиликтерди багындыраарынызга ишенем!
-1
jama9210
2017-03-24 13:43:54
Бул ким? Тааныбайт экенмин
0
Polumna
2017-03-24 17:41:11
Аябай жагат. ийгилик!!
+1
bond02
2017-03-25 08:12:31
Женилгенден кийин болду да,жыгылган курошко тойбойт болбой.
+1
s.sweet
2017-03-26 19:02:19
Тааныбайт экем
0
sabina5
2017-03-26 21:55:51
Сиз эн мыктысыз! Ийгилик каалайм.
Джамаланы жек коруп калдым(
0
MYRZAA
2017-03-27 00:35:27
Сен кимсин? Ты кто?-деп Жамал Сейдакматка суроо узатты...Айлана жым-жырт...Мээлуун шамал сылайт жузумду...
+2
Smileboy
2017-03-29 17:31:52
Эжекем жалан гана орусча Нан чайнап калган ондуу,же супер-инфо алган эмеспи бул интервьюну,тушунбодум...Эмнегедир эл алдына чыгып,аз да болсо таанымал адамдардын Интервь бергенде Эне тилибизде суйлосо деп калыптырмын тообо,жон журсо да мейли дейсин буларга копчулук жана анын катарында оспурумдор да байкоо салат го.Анан Тоо десе макарон деп орусча башташат.Кантсе да эжекебизге Ийгилик.
+1
№ 750, 17-23-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан