Ырчы Жумагүл Раимжан кызы Ош шаарынан 2 бөлмөлүү батир сатып алды. Кыялы орундалган ырчы кыз: "Ата-энемдин үйү шаардан алыс болгондуктан чыгармачылыгыма байланыштуу борбордон ижарага батир алып жашачумун. Ошондуктан үй алганга аракет кылып келгем. Шайлоо маалында иштеп жакшы каражат тапкан элем. Үстүнө дагы акча кошуп, бул үйдү сатып алдым",- дейт.