«Болсоң жубай", "Сүйөмүн дечи" аттуу ырлары менен таанылган ырчы Аского жубайы кыз төрөп берип кубантты. 12-мартта туулган ымыркай түгөйлөрдүн тун наристеси. Биринчи жолу ата бактысына ээ болуп сүйүнүчү коюнуна батпай турган ырчы: "Кызыбыз 3 килограмм 750 грамм салмакта төрөлдү, бою 52 сантиметр. Кудайга шүгүр, баары биз ойлогондой жакшы болду. Ысым тандай элекпиз. Чоң ата, чоң энеси менен кеңешип туруп коёбуз",- дейт. Наристенин өмүрү узун болсун!