Нурлан Акматбековду клиптерде образ жараткан, "Көпөлөк" тасмасында башкы каармандын ролун аткарган актёр катары тааныйбыз. 13-мартта Бишкектеги тойканалардын биринде актёр жигит сүйлөшкөн кызы Айжамалга баш кошуп, чакан той өткөрдү. "Айжамал менен жарым жылдан ашуун кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Ал 21 жашта, визажист болуп иштейт. Кыргыздын каада-салты менен ата-энесинен колун сурап алып кеттим. Заманбап тоюбузду берекелүү күз мезгилинде өткөрүүнү пландап жатабыз",- дейт Нурлан мырза. Жаш жубайларга бакыт каалайбыз!