Жакында бир таанышым менен жолугуп, сүйлөшүп отуруп калдык. Сөз арасында ал "базарда араба түртүп иштеген бир киши бар. Өзү майып. 7-8 баласы бар. Оор турмушта жашашат. Эптеп кичинекей үй салып, үстүн клеёнка менен жаап эле жашап жатышкан экен. Шамал клеёнкасын учуруп кеткендиктен, базардагы аны тааныган адамдар акча чогултуп, чатырын жаап беришиптир. Ошол үй-бүлөнүн оор тагдырын гезитке чыгарбайсыңарбы" деп калды. Дарегин таап барганыбызда чатыры эптеп жабылган 2 бөлмөлүү времянкада Советбек мырза жубайы Нургүл жана 5 кызы менен жашаарын көрдүк. Кыздарынын кичүүсү 2 айлык. Бул үй-бүлө тамдын чатыры толук жабылбаган үйдө жашашат экен.
"ТУУГАНДАР ЖАРДАМ БЕРИШЕТ, БИРОК АЛАРДЫН ДЕЛЕ ӨЗ ООКАТЫ БАР ДА"
Нургүл айым буларды айтып берди:
– Бишкекке 2005-жылы көчүп келгенбиз, буга чейин батирде турчубуз. "Дордой" базарынын тегерегинен 3 сотых жер тилкесин өзүбүз иштеген акчага жана туугандарыбыздын жардамы менен сатып алганбыз. Былтыр ноябрь айында ушул үйдү салып, көчүп келдик. Үй толук бүтө элек, былтыр муну куруп ичине киргиче тапчанда жашап сууктан кыйналдык. Колубузда 5 кызыбыз бар. Улуусу учурда 9-класста окуйт, кичүүсү 2 айлык. Чындыгында жаш бала менен шарты жок жерде жашоо оңой эмес. Жаңы төрөп келгенимде сууктан абдан жүдөдүк. Айланабыз чаң, үйүбүздү бүтүрүп алалы дейбиз, шартыбыз жок.
Жолдошум 2-топтогу майып, базарда араба түртүп иштейт. Кошумча элдин товарларын кайтарып берчү жайды иштетет. Мен үйдө балдарым менен алекмин, алардын кирин жууйм, мектепке жиберем. Кээде жолдошум иштеткен сактоочу камерага барып, ал жердеги жүктөрдү кайтарып калам. Улуу кыздарым 2 жылдан бери сабактан кийин атасына араба түртүп жардам берип калышты. Кыз балага бул жумуш оор, бирок жибербейин десем айла жок. Күйөөм 3 миң сом пенсия алат, балдарыбызга жөлөк пул албайбыз. Араба менен тапкан акча жетөөбүздүн жаныбызды багууга жетпейт. Кыздарыбыз чоңоюп калды, алардын келечегин ойлоном, эл катары чоңураак там салсак, балдарыбыздын келечеги жакшы болсо экен деп тиленем.
"5 БАЛАЛУУ ЭКЕНСИҢ ДЕП БАТИРЛЕРГЕ КИРГИЗИШПЕЙТ"
Советбек Абдрахманов:
– Борборго келгенибизге 12 жыл болду, бала-чаканы багайын деп араба түртүп акча табам. Андан сырткары элдин жүгүн контейнерге салып, кайтарып иштейм. 6 жыл мурун дааватка кеткенимде ал жердеги жүктөргө ууру кирип, товардын ээсине 200 миң сом карыз болуп калдым. Карызды төлөй албай пайыздык үстөк өсө бергендиктен ал киши 3 кызымдын күбөлүгүн, менин паспортумду жана дагы кошумча документтерди күрөөгө алып калган. Араба түртүп жүрүп карыздын 150 миң сомунан кутулдум, дагы 50 миң сому калды. Жумушум жай мезгилинде эртең мененки саат 6да башталат.
8 балабыз бар, жубайым сиздерден тартынып толук айтпаса керек. Аны деле түшүнсө болот, азыркы жашоо шартыбызды тааныштары, айылдагы классташтары көрсө эмне болот деп уялат. 2 жыл мурун эгиз балалуу болгонбуз, алар кайненемдин колунда, дагы 1 кызыбызды эжеме бергенбиз. 5 кызыбыз биз менен. Жардам болсун деп туугандарыбыз өз моюндарына ушундай жоопкерчиликти алып отурушат. Буга чейин батирде турчубуз, бирок азыр 5 балалуумун десең батир ээлеринин төбө чачы тик туруп эле киргизишпейт. 2 балалуу болсоң бир жөн дегендей кылышат. Анан үңкүр да болсо өз үйүбүз болсун деп, былтыр кышка жакын 1 ай ичинде азыркы үйүбүздү салып кирип алдык.
Адамдар менин жашоом кандай болуп жатат, карызымдан кутула албай жатканымды билишпейт да. Улуу 2 кызым (6-9-класстагы) мага араба түртүп, товар кайтарып жардамдашып калышат. Аны көргөн кээ бирлер "сен жаш балдардын укугун бузуп жатасың, алар окуш керек, аларды иштетпе!" деп эле базарда кыйкырып кетишет. Менин деле аларды иштетким келген жок. Акыркы жолу Жаш балдарды коргоо фондунан келип, "эгер кыздарыңды базардан көрсөк, сени жоопко тартабыз" деп урушушту. Анан эң улуу кызымды мектептен кийин медреседе окусун деп иштетпей койдум, кантсе да бойго жетип калды. Кийинкиси дагы деле жардамдашып турат, албетте, ал эркек эмес да, аны аяйм, жеңилирээк жумушту дайындайм. Менин деле кыздарым окуш керек, чоңоюп калышты. Шүгүр, колумдан келгенин жасап балдарымды багып жатам. Албетте, кыйын күндөр башыбыздан өттү, араба түртүп жүрүп ден соолугума зыян келтирип алган күндөр болот. Бирок мунун баарын айтпашым керек эле. Элестетсеңиз, 1 адам өзүн-өзү багуу үчүн канча каражат кетет? Менин моюнумда канча адамдын тамак-ашы, кийим-кечеси турат. Балдарыбызга жөлөк пул албай калдык, себеби ала турган учурда алардын күбөлүгүн күрөөгө алып койгон. Мына ушундай жашообуз. Жубайым майыптыгымды айтпай эле койбоптур, мейли эми, бул дагы Жараткандын сыноосу экен.
Буга чейин жашоодогу келген сыноого туруштук бере албай, аракеч болуп, өзүн жоготуп койгон адамдарды көп эле кездештиргем. Бирок бул үй-бүлө канчалык кыйынчылык баштарына түшпөсүн жакырчылыктан сынып калбай, жашоосуна наалып, жардам сурабай жакшы күндөр үчүн күрөшүп келе жатканы кубандырды. Мейли, азырынча жашоо шарты начар болсун, бирок адал иштин артында сөзсүз түрдө берекет турары белгилүү эмеспи.
Нуркыз Курманбек кызы
koom@super.kg