Жайдын күндөрүнүн биринде бир топ кыздар-балдар болуп тоодо эс алып жүргөн элек. Жанымда дайыма фотоаппарат болгондуктан жаратылыштын сулуулугун тартып жүргөм. Бир убакта башымды көтөрсөм эле суунун аркы өйүзүндө, бет маңдайымда сулуу кыз отурат. Айлананы карасам андан башка эч ким жок. Отурган жеринен эле сүрөткө тартып кирдим. Ал менин мунумду байкап, колу менен жаңсап "бул жакка келиңиз" дегендей кылды. Көпүрөдөн өтүп жетип барып, саламдаштым.
– Байке, эмне эле мени сүрөткө тартып жатасыз?- деди аппак тиштерин кашкайтып ачууланып.
– Мен фотографмын. Сенин сулуулугуң алыстан эле байкалат экен. Тээтиги кооз жерлерде да сени тарткым келет. Макулсуңбу?
Кыз муну угуп жумшара түштү.
– Анан сүрөттөрүмдү чыгарып бересизби?
– Сөзсүз.
– Макул анда, жүрүңүз,- деп мени баштан-аяк сынай карап алып алдыга жол баштады. Ошентип тааныштык, ал биздин жаныбызда эс алып жаткан топ менен келген экен.
Кыз узун буттарын көрсөтүп чолок шым кийип алыптыр. Кундуздай чачы жайылып, кош алмасы денесине жабышкан футболкасын тирейт. Келишкен келбетине жараша жылмайганы да жаныңды эритет. Аны көрүп делебем козголуп, бойдок жаным "сүйгөнүм ушундай сулуу кыз болсо, коюнунда жыргасам" деп алдым.
Биз болжогон жерге жеткенде кыз чоң ташка ыргып чыгып:
– Тарта бериңиз, байке,- деп күлүп туруп калды.
Кызыгы, мен аны ар түрдүү кылып тарткандан кийин таштан түшө албай калса болобу?! Көтөрүп түшүрүп, ошол жерде эле көк чөптүн үстүнө кучактай жыгылдым. Өзүмдү кармай албай туш келди өпкүлөп, футболкасын өйдө түрүп ийдим. Көкүрөгүн, сандарын сыйпалай баштадым. Чолок шымын чече бергенимде:
– Байке, мен кызмын. Жактырып калсаңыз, сүйлөшөлү, мамиле куралы. Ич кийимди чечишмей андан кийин болсун,- деп өтүнүп жиберди.
"Мунуку да туура" деп өйдө көтөрүлүп, ага турууга жардам бердим. Ошентип жакындан тааныш болуп жүрүп, кыз-жигитке айландык. Ал да мени бир көрүп жактырып калгандыгын айтты. Өткөн жайда баш коштук. Экөөбүз таанышкан жерге сейилге барып, чоң таштын жанында, суу жээгинде да лаззатка баттык, бул жолкусунда жылаңач. Учурда кылыктанган сулуум күн сайын коюнумда...
Марат