Алмазбек Атамбаев: "БИЗ ӨЗ ҮЙҮБҮЗДҮ ӨЗҮБҮЗ ИРЕТКЕ КЕЛТИРЕБИЗ". АЖОНУН ЭЛЧИЛЕРДИН АЛДЫНДА АЙТКАН СӨЗҮ КЫЗУУ ТАЛКУУГА АЛЫНУУДА

– "Жамандын үйүн коногу бийлейт" деген сөз бар кыргызда. Ою жаман конокторго, эл бузарларга өзүбүздүн үйүбүздү, мекенибизди тебелетпесек. Элдин намысын, өлкөнүн намысын ойлосок, коргосок!

Радио "Свободага" иштесек да, мекенди ойлоп, кыргыздын намысын коргоп, Шайлообек Дүйшеевдей иштесек! Акча үчүн Ата Журтту сатпасак.
Бабакулов, Карабеков, Маслова, Идиновдордун ою башка! Карабеков өзү бир жолу телевизордон айтты эле: "Я что – баткенский, что-ли?"- деп.
Булар "баткенский" да эмес,
"киргизский" да эмес. Булардын чөнтөгүнөн экинчи паспорт же "вид на жительство" чыкса да таң калбайм.
Булар Кыргызстанда айла жок жашап жатышат, анткени башка жерде булардын кереги жок. Өз жерин жамандап жан багышат! Булар үчүн биздин каректей болгон Ата Мекенибиз "тьма киргизская".
Кыргыз элим дегендер "баткенский" Исхак Раззаков, "баткенский" Апсамат Масалиев, "баткенский" Эгемберди Эрматов менен сыймыктанат!
Биз үчүн ошол "тьма киргизская" жаркыраган Москва менен Нью-Йорк, Прагадан артык!
Кисловдор, Широковдор Кыргызстандагы демократияга күйөт имиш. Эй, анча эле демократияга күйсөңөр, өзүңөрдүн мекениңерден, Орусиядан баштабайсыңарбы?!
"Кыргыз президенти радио "Свободаны" басмырлап жатат, сот аркылуу пул доолап жатат" деп бакылдабай, андай эле радио "Свободага" ичиңер күйсө, анда биринчи орус мамлекет башчыларына кайрылбайсыңарбы, талап койбойсуңарбы: "Радио "Свобода" орус каналдарында орун алсын, радио "Свобода" орус радиосунан бакылдасын"- деп! "Кыргызстанда ошондой экен"- деп!
Эй, өзүңөр күзгүдөн өзүңөрдү көрүп, анан бизге акыл үйрөтпөйсүңөрбү? Ал жерде балык болуп тымпыйып, бул жерде тайраңдабай.
Биз өз үйүбүздү өзүбүз иретке келтиребиз, Кудайга шүгүр!
Айрым сасык саясатчылар, журналист сөрөйлөр – Замира Сыдыкова, Бегалы Наргозуев, Нарынбек Идинов "сөз эркиндигин коргойбуз, кыргыз журналисттерин коргойбуз" деп чуу салып, атайын уюм түзүп, өлкөбүздү бүт дүйнөгө мазактап жатышат. Булар өздөрү ким?
Журналист Геннадий Павлюкту өлтүрүп жатканда, журналист Сыргак Абдылдаевдин колу-бутун сындырып, бычак менен кескилеп жатканда, Медет Садыркуловду тирүүлөй өрттөп жатканда кайда эле булар?
Жумшак креслого отуруп, казы-карта чайнап, Максим менен Жанышты мактап отурушпады беле?
Жаңыдан эгемендүү болуп, алсырап жаткан өлкөбүздү Акаич менен кошо тоногон Равшан Жээнбеков коргойт экен да кыргыздарды?
Ушул сасык саясатчыларга кантип ишенесиңер, урматтуу журналисттер?
Албетте, булар да эртең мени бир сасыган партиянын өкүлдөрүнө окшоп сотко берет, "бизди "вонючий" деп айтты" деп.
Эне тилин билбеген маңкурттарга түшүндүрүп коёюн: саясатчы "Шанель" менен "Диорду" себинип, француз духи жыттанса да, эгер ыплас иштерге булганса, андайды кыргыздар "сасык саясатчы" деп коёт. Албетте, сасык саясатчы башкарган партияны да сасыган партия дебей эмне деп айтабыз?
Эми булар "круглый стол" өткөрөт имиш. Мындайлар менен абийирдүү адам бир столго отурмак түгүл, алысыраак басып кетет, теңелбейин деп, ичинен башын чайкап тим болот. Бул маңкурттар "ичинен башын чайкап" дегенди да "покачал головой в животе" деп бизди айтты" деп сотко берет эми мени.
Эне тилин билбеген – элин сүйүп жарытпайт!
Урматтуу мекендештер!
Азыркы күндөрдө элибиздин, жерибиздин тагдыры, келечеги чечилип жатат. Алдыда президенттик шайлоо турат. Болгону 8 ай калды.
Тырмактай Кыргызстан эмес, дүйнөнү башкарган Америка кантип президент шайлаганын дагы эле түшүнбөй, териштирип жатат! Биз да анан декабрда алаканыбызды чаап "аттиң, ай" деп отуруп калбайлы...
Азыр бүт дүйнөдө согуш жүрүп жатат. Информациялык согуш. Маалымат согушу.
Бул шылуундарга алданып, маңкурт, эл бузарларды ээрчип, булар тараткан ушактарга ишенип, кайрадан карегибиздей мекенибизди уурулардын, мародёрлордун колуна салып бербейли! Кайрадан куркулдаган кузгундарга жем болбосун Кыргызстан! Ата Мекенибиз, Ата Журтубуз – Кыргызстан!
Көздү ача турган мезгил келди. Ойлоно турган мезгил келди.
Жараткан элибизди сасык саясатчылардан, ушакчылардан сактасын! Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 750, 17-23-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан