БИР БҮРКҮМ

  • НООРУЗ майрамына карата өлкөдө 4 күн дем алыш болот. Башкача айтканда, 18-21-март аралыгында эс алуу күндөрү болот.
  • Кыргыз мамлекетинде сот тарабынан 20 уюм ТЕРРОРДУК, анын ичинен 5 уюм экстремисттик деп табылган.
  • Ош шаарында милиция кызматкеринин кашын жара тепкен ырчы АЛТЫНАЙ ЖАЙНАКОВАНЫ сот күнөөлүү деп таап, 50 миң сом айып салды. Айыпталуучуга Ош шаардык соту бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөткөнү жана мас абалында унаага отурганы үчүн да айып койгон.
  • Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ЖӨЛӨК ПУЛ 5 жыл мурун 235 сомдон берилсе, учурда 872 сомдон берилүүдө.
  • МИРБЕК КАСЫМКУЛОВ Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп дайындалды. Ал буга чейин Чек ара кызматын жетектеп турган.
  • Ысык-Көл облусундагы Тескей Ала-Тоодогу белгисиз чокуга АПРЕЛЬ ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯСЫНЫН баатырлары деген аталыш ыйгарылат. Аталган чоку 4142 метр бийиктикте жайгашкан.
  • Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси АБДЫМАНАП КУТУШЕВ өз каалоосу менен аталган кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Аталган арызга парламент спикери Чыныбай Турсунбеков кол койгон.
  • 2016-жылы Кыргыз мамлекетинде вирустук ГЕПАТИТ менен ооругандардын саны 2015-жылга салыштырмалуу 28,3 пайызга өскөн. Республика боюнча эң көп ооругандар Баткен (695) жана Ош (320) облусунда экени аныкталган.
  • Акыркы 5 жылда Кыргыз мамлекетине келген ТУРИСТТЕРДИН саны 6,2 пайызга өскөн. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2016-жылы өлкөгө 1 миллион 273 миң турист келген.
  • БӨКӨНБАЙ КАЗАКОВ башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жетектеп келген.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 750, 17-23-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан