2002-жылы Акаевдин бийлигине каршы саясий ачкачылыктан улам каза болгон Шералы Назаркуловдун ысымы Бишкек шаарындагы мектепке ыйгарылмакчы. 17-мартта иш-чаранын катышуучулары "Ала-Тоо" аянтына чогулуп, Назаркуловго орнотулган тактайчага гүл коюшат. Андан кийин Бишкектин Жал кичи районундагы №80 мектепке маркумдун ысымын ыйгаруу салтанаты болуп өтөт. Маркумдун жубайы Назгүл Абдыкеримованын айтымында, аталган мектеп 2014-жылдан баштап Назаркуловдун ысымын расмий эмес түрдө алып жүргөн. "Президент Алмазбек Атамбаевдин 2012-жылдагы жарлыгынын негизинде аталган иш-чара 17-мартта уюштурулууда. Ал күнү Шералы Назаркулов менен бирге ачкачылык кармаган инсандар да келишет",- деди Абдыкеримова.
Эскерте кетсек, укук коргоочу, журналист Шералы Назаркулов 2002-жылы Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы чыгып, 22 күндүк саясий ачкачылыктан кийин 7-февралда каза болгон. Ал Кыргыз мамлекетинин тарыхындагы саясий ачкачылыктан каза болгон алгачкы жаран болгон.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg