10-март күнү мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып, колдоо көрсөткөндөргө, демөөрчүлөргө, уюштуруучуларга жана аны чагылдырган бир катар маалымат каражаттарына Ыраазычылык баракчасы берилди. Ыраазычылыкты өлкө башчысынын атынан президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков тапшырды.
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016-жылы сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында өткөн. Аны чагылдырууга 60 чет элдик медиа компаниялары катышып, алардын катарында АКШ, Кытай, Европа өлкөлөрү жана башка мамлекеттердин журналисттери келишкен. Бул иш-чараны өткөрүүдө Сапар Исаковдун ролу чоң болду.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg