– Кандайсың, Санжар? Чыгармачылыкта талыкпай эмгектенип келе жаткандардын бирисиң, негизги принцибиң кандай?
– Жеке менин чыгармачылыгымда, өзүмдүн компаниямда иштеген жигиттерде дагы чыгармачылык 1-орунда болуш керек деген негизги принцибибиз бар. Ар бир адамдын жашоосунда үй-бүлөсү, карым-катышы, анан карьера деген 2-тарабы бар.
Чыгармачылыкты 1-орунга койгон үчүн "Тамашоу" курама командасы күчтүү бир машина элек. Сынактардын көбүндө биринчиликти берчү эмеспиз. Астана, Москва, Сочиде чогуу жүргөн балдар ар кандай себептерден улам тарап кеттик. Бирок Азамат Исмаилов экөөбүз "Ушул балдар тарап кетпей, чоң компания ачып, өзүбүзгө өзүбүз иштейли. Эмнеге биз башкаларга иштешибиз керек?" дедик. Анткени ал учурда кызматын сунуштаган чыгармачыл компаниялар бар болчу. Алар биздин балдарды чакырып иштетишчү. Биздин идеяны көбү колдоду, бирок өздөрүнүн ыңгайына карап бөлүнүп кетишкен. Ошентип, мен "Tamadalar group" деген компания ачкам.
– Сен жетектеген компаниянын аты кино тармагына да аралашып жүрөбү?
– Ооба, компаниянын ичинде бир нече багыт бар. "Ак өргө city" командасында ойногон Эрмек Таалайбеков, Белек Турганов деген жигиттерден "кино тартпайлыбы?" деген сунуш түштү. Жигиттер сценарийин түзүп, киного режиссёрлук кылышса, мен каржыламай болдум. Ошентип "Курут" тасмасын тарттык. Эл жакшы кабыл алды. 2-кинобуз чет өлкөдө тартылды. Келишим боюнча азырынча айтууга укугум жок, буюрса, сатыкка чыкса көрөрмандарын көп топтойт деп ойлоп жатам.
– Өзүңө карата айтылган сын-пикирлерди, терс көз караштарды угуп каласыңбы?
– Көрө албастар, артыңдан ар кайсыны айткан адамдар болбой койбойт экен. Ар дайым кеңешчү агалар, жөлөк-таяк болчу ишенимдүү үй-бүлөм болбосо мен дагы ачууга алдырып же таарынып башка чөйрөгө кетип калууга аракет кылмакмын. Мен ар бир кетирген катамдын үстүнөн иштейм. Жаш ишкерлер ассоциациясы бар, аптасына бир жолу жолугушууларды өткөрүп турабыз. Адамзаты буга чейин ишкерликте кандай катачылыктарды кетирген деген сыяктуу талкууларды өткөрүп келебиз. Кандай болгон күндө да мода кырк жылда бир кайталанат деп айтылат го. Биз азыр жасап жаткан иштерди адамзаты буга чейин деле кылып келген, кыла берет. Болгону катачылыктар кайталанып кетпешинин алдын алгыбыз келет. Баарын кыйратып жатам, баары укмуш дегенден алысмын. Ишеним күч болуп, көп акча жумшап, оюм оңунан чыкпай калган да долбоорлор болгон.
– Ошондо долбоорлорду каржылоо сенин чөнтөгүңдөн кетеби?
– Ар кандай. Көбүнчө өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен каржыланат. Продукция чыгарган компаниялар сөзсүз жарнамага муктаж. Алардын продукциясын чоң аудиторияга жарнамалоого бизде жакшы мүмкүнчүлүк бар. Мисалы, телекөрсөтүүлөр, кино аркылуу дегендей. Биз эми илгеркидей "студент элек, байке, жардам берип коюңузчу, акчабыз жок" деген мезгилден өтүп кетпедикпи.
– Эртеңки күн менен жашаган адамсыңбы?
– Бизде мындай тарбия бар, дайыма жашаганга даярданабыз. Кантип? "Насыямды төлөп бүтсөм эле жыргап кетем. Машина алсам мындай кылам. Азыр бул ишти бүтүрүп алайын, анан тигиндей кылам" деп отуруп карып кетебиз. Андай кылбай, бүгүн эмне маанилүү, ошого басым жасаганды унутпашыбыз керек. Кызым төрөлгөндөн кийин бул жашоого өзгөчө көз караш менен карай баштадым. Көрсө, жумуш эч качан бүтпөйт экен. Кудай канча өмүр берсе, тиричилик ошончо. Ошондуктан дайыма өзүмө убакыт бөлгөндү жактырам. Бул убакыт меники деп кээде телефонума келген чалууларга да жооп бербей коём. Кызым, жубайым менен чогуу болуп, кызымдын ар бир кадамын көз жаздымда калтырбаганга аракет кылам. Бул менин укмуш акылдуу болуп калгандыгымдан жасаган кадамым эмес. Менден улуу агалардын айткандары таасир берди.
– "Тамашоудо" ойноп жүргөн кезиң менен азыркы жашооңду салыштырып берсең...
– 2007-жылы биринчи жолу Бишкекке келгем. Жаңы келгенде ЦУМду жакшы билип алган экем. Бир жакка барыш керек болсо, каякта жүрбөйүн сөзсүз ЦУМга келип, анан ошол жактан маршруттук таксиге отуруп кетчүмүн. Бишкектин бардык жеринен мен барчу жерге транспорт барарын билбептирмин. Борбордо бир дагы тууганым жок. Биздин тукумдан биринчилерден Бишкекке келип байырлап калган мен болдум. 5 уулдун улуусу болгондуктан, кичинемден эле ата-энемди кыйнабай баарын өзүм жайгарганга аракет кылчумун. Турак жайым же жашап турганга туугандарымдын жок болгондугу менин эртерээк кыймылдап бутума турушума түрткү болду.
Борборго келгениме 10 жыл болду. Азыр, Кудайга шүгүр, үйүм бар. Алайдан келгендин баары меникине келет. Үчүнчү иним менин үйүмдө жашап, окуп жатат. Иним мен көргөн кыйынчылыкты көргөн жок. Мен үчүн бул чоң жетишкендик. Мырза катары алдыма эмне максат кылсам, баарын аткардым. Үчүнчү унаамды тээп жүрөм. Биринчи чогулткан акчама 5-курста машина алгам. А баса, ага чейин айдоочулук күбөлүк алып, 3 жылдан кийин анан унаа алгам. Өзүмдүн жетекчилигимде компаниям, үй-бүлөм, санаалаш досторум, агаларым бар.
– Жубайың Наристе иштеп жатабы же бала менен үйдөбү?
– Наристе бирөөнүн алдында иштебейт, мен деле иштетким келген эмес. Бирок өзүнө жаккан иш менен алектенет. Арыктатуучу каражаттарды каалоочуларга сунуштайт. Андан сырткары өзүнүн чакан командасы бар, алар менен биргеликте көйнөктөрдү тигет. Кызым бала бакчага бара элек, азыр 2де, 3кө чыкса берели деп жатабыз. Жубайым өз ишин, мен өз ишимди кылып жүргөндө кызыбызды таенесине таштап коёбуз. Таенеси шаарда турат.
– Досуң Турсуналы "дүкөндөгү карызыңды айт" деп калды, ал эмне карыз эле (ред. Санжар маекке досу менен чогуу келген болчу)?
– Жакында эле өзүбүздүн кеңсеге кирип баратсам, дүкөндө иштеген байке "чыгармачыл адамдар, ушундай да кыласыңарбы? Уят эмеспи?" дейт. Көрсө, 170 сомдой эле акчага балдар кукси, нан сыяктуу майда-чүйдө алып, карыз алды кылып менин атымды да жаздырып коюшуптур. Ошону доолап жатыптыр. Байкенин доолаганын балдарга айтып берсем, булар ошондон бери ошол дүкөнгө кирбей калышты.
– Бир нече тил билгениң жашооңду жеңилдетеби?
– Албетте, жеңилдетет. Чет жерге чыкканда кол жаңсап же кимдир бирөөнү которуп берчи деп кыйналбайсың. Мен Ошто түрк лицейинде окуп англис, орус, түрк тилдерин үйрөнүп эркин сүйлөчүмүн. Бишкекке жаңы келгенде кыргызча акцент менен сүйлөчүмүн. Муну туура же туура эмес деп айтпайм. Бул жашаган жериңдеги көнүмүш адат.
Борборго келгенден кийин акцентсиз сүйлөйүн деп чечкем. Анткени меникиндей акцент менен ийгиликке жетиш оор болот го деген ой болду. Мисалы, КВНге чыксам же телеалпаруучу болсом кыйналып калчудаймын. Анын үстүнө түркчө, англисче, орусча эркин сүйлөйм, өз эне тилимде акцент менен сүйлөгөнүмө намыстандым. Чынын айтсам, таза кыргызча билбегенимди Бишкекке келгенде түшүндүм. Ошто жүргөндө мага билинчү эмес. Ошентип кыргызча сүйлөөнү жакшыртууга 1 жылдан ашык убакыт короттум. Бирөө менен сүйлөшүп жатканда өзүмдү катуу көзөмөлдөдүм. Акцент менен сүйлөп алсам, дароо токтоп, кайра таза кыргызча сүйлөчүмүн. Айтканга оңой болгону менен, иш жүзүндө оор болду.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg