ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (20-марттан 26-мартка чейин)

Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат



КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын башында карьера, жумушуңузга байланыштуу маселелер менен алектенесиз. Жуманын башында өнөктөштөрүңүздүн айрым бир каршылыктарына дуушар болосуз. Ошентсе да ийгилик сиз тарапта болот. Жеке ой-максаттарыңыздын баарын өзүңүз каалагандай аягына чыгарасыз. Оптимист болуңуз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Шаршемби күнгө чейин алыста жашаган адамдар менен сүйлөшүүлөр жүрөт. Кагаз иштери басымдуулук кылат. Бейшембиден тартып жолдо жүрүүдө, унаа башкарууда этият болуңуз. Бул күндөр сиз үчүн кооптуу. Дем алыш күндөрү колуңузга акча тийиши күтүлөт. Сүйүү майданында өзүңүздүн чектен ашык кумарлуулугуңузду көрсөтүшүңүз мүмкүн.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бейшембиге чейин материалдык көйгөйлөрдү, насыя каражаттарды алуу үчүн көп аракеттерди жумшайсыз. Жума күндөн жекшембиге чейин досторуңузга, балдарыңызга байланыштуу көбүрөөк чыгымга дуушар болушуңуз ыктымал. Түгөйлөр ортосунда таарынычтар орун алат. Бирок ички жылуу сезимдер ошол бойдон кала берет.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бул жуманын алгачкы күндөрүн өнөктөштөрүңүз жана үй-бүлө мүчөлөрү менен өткөрөсүз. Баарына убакыт табылат. Аптада жеке иштериңиз ойдогудай ишке ашат. Жума күндөн тарта жубайлар ортодогу мамилеге көңүл бөлүүлөрү керек. Антпесе, бул күндөрү үй-бүлөдө казан-аяк кагышып кетүүсү мүмкүн.


АРСТАН (23.07-23.08)
Аптанын соңку күндөрү жумушуңузга, ден соолугуңузга көңүл бурганыңыз оң. Ооруканада жаткан тааныш же туугандарыңыз болсо кабар алып коюңуз. Аптанын аягында жолго чыгууга туура келет. Алыскы шаарлардан, жакын туугандарыңыздан жагымсыз кабар угушуңуз мүмкүн. Алар менен сүйлөшүү учурунда сабырдуу болуңуз. Курч айтышуулар болуп кетиши мүмкүн.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бейшембиге чейин убактыңыздын көп бөлүгүн үй тиричилиги менен өткөрөсүз. Бойдоктор сүйүктүүлөрүнө көп убакыт бөлүшөт. Жума күндөн тарта балдарыңызга көбүрөөк көңүл буруп, аларга акча жумшашыңыз мүмкүн. Эс алуу учурларында өзүңүз ойлогондон ашыкча чыгымдарга дуушар болосуз. Андыктан алдын ала ойлонуңуз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Үй тиричилик маселелерин чечүү аптанын биринчи жарымында алдыңкы орунга чыгат. Ата-энеңизди же жашаган үйүңүздү бир эстеп койсоңуз да жаман болбойт. Жуманын акыркы күндөрүндө үй-бүлөңүзгө аяр мамиле кылыңыз. Чыр чыгып кетиши мүмкүн. Буга айрым бир идеялар, маалыматтар себепкер болот. Өнөктөштөр менен көп сүйлөшүүлөр жүрөт.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Жуманын соңку күндөрү туугандарыңыз менен көп баарлашасыз. Кыска мөөнөттүү жол жүрүүлөр күтүлөт. Бейшембиден баштап өзүңүздүн жумушуңуз жөнүндө көбүрөөк ойлонууңузга туура келет. Анткени дал ушул күндөрү сиздин жумушуңуз үзүрүн берип баштайт. Жумушуңузда, жолдо жүргөн учурларда ден соолугуңузду абайлаңыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Шаршембиге чейин акча маселелери менен алектенесиз. Аларды туура бөлүштүрүү сизден көз каранды. Бейшембиден апта соңуна чейин балдарыңыз менен көңүлдүү убакыт өткөрөсүз. Достор менен акча жаатында түшүнбөстүктөргө туш келүүңүз мүмкүн. Чыгымдар да болбой койбойт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бейшембиге чейин жеке көйгөйлөрүңүздү чечүү менен алектенесиз. Жума күндөн тарта жумушуңузга жана үй чарбасына байланыштуу маселелерди чечүүдө айрым бир тоскоолдуктарга дуушар болосуз. Пикир келишпестиктерден сак болуңуз. Жумушка тиешелүү документтерди тактап, даярдап койгонуңуз жакшы, текшерүүлөр жүрүшү мүмкүн.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптанын соңку күндөрү бирөөлөрдүн курмандыгы болбос үчүн өзүңүздү бир сырдуу алып жүргөнүңүз оң. Кыска мөөнөттүү сапарга чыгуу күтүлөт. Жолдо абайлап жүрүңүз. Достор менен көңүл эргиткен сүйлөшүүлөр болот. Өз ара жакшы түшүнүшкөн бир туугандарыңыз менен пикир алышуулар жүрөт.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Бейшембиге чейинки убактыңыздын көпчүлүк бөлүгүн досторуңуз менен өткөрөсүз. Жума күндөн апта акырына чейин каржылык көйгөйлөр келип чыгат. Бул айрым бир ишканалар аркылуу дос же өнөктөштөр менен акчаны туура эмес бөлүштүрүүдөн улам болушу мүмкүн. Андыктан мамилени бузуп албоо үчүн эки тарап чынчыл болуусу зарыл.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 750, 17-23-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан