"АВАТАР" ТАСМАСЫНЫН УЛАНДЫСЫ ТАРТЫЛУУДА
"Аватар" тасмасынын уландысын күйөрмандары 2019-жылы гана көрө алышат. Бул тууралуу фильмдин режиссёру Жеймс Кэмерон билдиргенин чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Башында аталган тасманын уландысы 2018-жылы сатыкка чыгары болжолдонгон. "Биз дароо тасманын бир канча бөлүгүн тартып жатканыбызды көрүүчүлөр түшүнүшү зарыл. Бул эң чоң масштабдагы долбоор",- деди режиссёр. Ошондой эле Жеймс Кэмерон "Аватардын" 5 бөлүгү чыгарын билдирди. Бирок алар качан көрсөтүлөрү маалымдалган жок. Режиссёрдун айтымында, кино сүйүүчүлөрдү таң калтыруу үчүн фильм сапаттуу жана дыкат тартылып жатат. Тасмаларынын санына эмес, сапатына көңүл бурган Жеймс мырза бул ирет да мурунку ийгилигин кайталагысы келгендей. Эске салсак, 2009-жылы көрүүчүлөрдүн назарына коюлган "Аватар" тасмасы сатыктан 3 миллиард
долларга жакын чогултуп, дүйнөдөгү эң ийгиликтүү тасма деп табылган.
"ЕВРОВИДЕНИЕ-2017" СЫНАГЫНА ОРУСИЯНЫН АТЫНАН ДЕН СООЛУГУНУН МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН КЫЗ БАРАТ
Быйылкы "Евровидение-2017" сынагына Орусиянын атынан ким катышат деген суроо көпчүлүктү кызыктырып келген. Эми Украинанын Киев шаарында өтүүчү музыкалык сынакка Юлия Самойлова катышат. Сынакта ырчы айым "Flame Is Burning" аталышындагы
англисче ырын аткарат.
Белгилей кетсек, Юлия Самойлова 2014-жылы Алла Пугачёванын "Фактор А"
долбоорунун 3-сезонуна катышып, 2-орунду багынткан. Ошондой эле Сочидеги Паралимпиадалык оюндардын ачылыш салтанатында ырдаган. Ырчы 1-топтогу майып. "Менин бала кездеги кыялымдын ишке ашып турганына бактылуумун. Азыр деле ишенбей кетем",- деди ал маектеринин биринде. Орусиянын атынан барган катышуучу чүчү кулактын негизинде 11-майда өз күчүн сынайт.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg