СОТКО ЖЕТКЕН ТИРЕШ

Башкы прокуратура "президенттин ар-намысына шек келтирди" деп 6-март күнү "Азаттык" менен "Занозаны" сотко берген. Акыркы 10 күн ичинде арыздардын саны өсүп, "24.kg" сайты да жооп берүүчү ЖМКлардын катарына кошулган. Өлкө башчынын жана КСДПнын аброюна шек келтиргендиги жана такталбаган маалымат жазгандыгы үчүн деп аталган ЖМКлардан 5 арыздын негизинде жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү талабы коюлууда.

Атамбаев: "ЖУРНАЛИСТТЕРДИН БАШКЫ МИЛДЕТИ – ЧЫНДЫКТЫ ЖЕТКИРҮҮ"

11-мартта президент Алмазбек Атамбаев жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу билдирүү тараткан эле. Анда акыркы жылдарда өлкөнүн бутуна туруп келе жатканын көрө албаган айрым адамдар коомго булганыч ушактарды жайып жатканы айтылат. "Журналисттердин, ЖМКлардын эң башкы милдети жана укугу – бул адамдарга жалган маалыматтарды жана ушактарды эмес, чындыкты жеткирүү экенин эске салгым келет",- деп жазылат президенттин билдирүүсүндө.
Ал эми экинчи тарап, анын ичинен "Азаттык" радиосунун башкы редактору Ненад Пейдж: "Коомдук жыйындарда жасалган айыптоо фактыларын кабарлаганбыз. Президенттин администрациясынын комментарийлери да анын артынан берилип турган",- деп айтууда. Журналисттик коомчулук коомдук жыйындарда жасалган билдирүүлөрдү сөзмө-сөз берүүгө мыйзам жол берерин эске салууда. "24.kg" сайтына карата КСДП тарабынан
1 миллион сомдук моралдык компенсация төлөтүү боюнча сотко арыз берилген. Сайттын тараткан маалыматына караганда, "жергиликтүү кеңештин депутаттары бийликтин партиясы (КСДП) тарабынан мэрликке көрсөтүлгөн талапкерди колдобой жатат" деген маанидеги макаласы сотко берүүгө себеп болгон. Учурда "24.kg" сайты "ЖМК менен бийликтин соту кандай аяктайт?" деген сурамжылоо жүргүзүп жатат. "Заноза" болсо медиа эксперттеринин билдирүүлөрүн таратып, азырынча жеке комментарий бере элек. Аталган кырдаалга байланыштуу Көз карандысыз журналисттер союзу да тынчсыздануу менен баа берип, эки тарапты соттошууга эмес, ачык сүйлөшүүгө чакырган. 16-мартта Бишкек шаарында аталган маселе боюнча көз карандысыз журналисттердин бирикмеси жыйын өткөрдү.
Эске салсак, Башкы прокуратура "Азаттыкты" 20 миллион сомго, "Занозаны" 6 миллион сомго, ал эми КСДП "24.kg" сайтын
1 миллион сомго сотко берген.

Акаев: "САЯСАТЧЫЛАР ДА СӨЗҮНӨ ЖООП БЕРСИН"

ЖМКлар менен бийликтин ортосундагы тиреш 15-мартта парламент жыйынында да талкууга алынды. "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек
Бабанов
"депутаттар да аярлап сүйлөп, айткан сөзүнө жооп бериши керек" деп чыкты. КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаев: "Журналисттер асмандан алып жазбайт. Саясатчылар, сүйлөгөнүбүз ушак, интрига болуп жатса, ошону журналисттер жазып жатат да. Биринчи кезекте саясатчылар сөзүнө жооп бериши керек",- деди. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов ЖМК үчүн да, бейөкмөт уюмдар үчүн да атайын мыйзам бар экенин айтып, ошол талаптардын так аткарылуусу керектигин белгиледи.
Ал эми президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов АКШда ушак маалымат жазганы үчүн 10 жылга камап же 250 миң долларга чейин айып пул салынарын эске салды. "Мен мындай кадамдарды журналистиканын тазалыгы, чындык жана адилеттүүлүк үчүн күрөш деп эсептейм",- дейт Ниязов. Алмазбек Атамбаев 14-мартта бир нече өлкөнүн элчилерин кабыл алуу иш-чарасында бул маселеге дагы токтолду. Ал: "Арызда көрсөтүлгөн миллиондордун көлөмү өтө чоң деп жактоочулар ыйлабай эле коюшсун. "Азаттык" менен "Занозанын" чет өлкөлөрдөгү демөөрчүлөрү төлөп бере алышат",- деди. Президенттин кебине караганда, ал аталган басылмалар ушак жазып жатканы сотто далилденерине, соттон утуп чыгарына ишенимдүү.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 750, 17-23-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан