АҢЧЫЛЫККА ТЫЮУ САЛУУНУ ДЕПУТАТТАР КОЛДОШКОН ЖОК

Жогорку Кеңештин депутаттары 2016-жылы "жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга 2030-жылга чейин тыюу салуу керек" деген демилгени көтөрүп чыгышкан. Бирок ал мыйзам долбоору колдоо таппай, артка кайтарылган.
Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири депутат Жанар Акаевдин айтымында, чет өлкөлүк аңчыларга жапайы жаныбарларды аттыруудан 2016-жылы 52 миллион сом түшкөн. Ошондой эле демилгечилердин тобу көптөгөн жаныбарлар азайып бара жатканына жана аңчылыкка уруксат берүүдөн түшкөн каражат мамлекеттин казынасына пайда алып келбей жатканына нааразы болушкан.
Демилгечи эл өкүлдөрү тыюу салуу мөөнөтүн 2025-жылга чейин кыскартышып, кайрадан 16-мартта добушка коюшту. Талкуу кызуу болуп, добуш берүүгө чейин 2 мүнөттүк видео көрсөтүү да сунушталды. Бирок депутаттар ал сунушка каршы чыгышты. Жыйынтыгында мыйзам долбоору 3 жолу добуш берүүгө коюлганына карабастан, демилге колдоо тапкан жок. Тагыраагы, 108 депутаттын 56сы 2025-жылга чейин аңчылыкка тыюу салууга каршы болушту.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 750, 17-23-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан