КЫТАЙДЫ БАГЫНДЫРГАН ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕНОВ

2013-жыл, Чолпон-Ата шаары. Кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн "Мейкин Азия" эл аралык музыкалык фестивалы. Казакстандан келген арык, чап жаак, бою узун, келечеги кең жаш жигит булбулдай мукам үнү менен көрүүчүлөрдү таң калтырып, баш байгени эңип кетти. Айрымдар калыстардын чечимине нааразы болгону менен, Димаш Кудайбергенов деген ысымды көпчүлүгү эстеп калышты.

Толук аты-жөнү – Кудайбергенов Динмухамет Канатович
Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 24-май
Туулган жери – Казакстан, Актөбө шаары
Аткарган белгилүү чыгармалары – "Көркемүм", "Дайдидау", "Джамайка", "SOS d'un terrien en d'tresse" жана "Еркелетейүн" (ред.: Нурлан Насиптин "Эркелетсемби?" ырынын казакчасы) жана башкалар
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

ЫРЧЫЛАРДЫН ТУН УУЛУ

Димаш Кудайбергенов Казакстан Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкерлери, ырчылар Канат Кудайбергенов менен Светлана Айтбаеванын тун уулу. Раушан аттуу карындашы жана Абилмансур аттуу иниси бар. Ырчы чоң ата, чоң апасынын улуу небереси болгондуктан алардын колунда тарбияланган. "Алма шагынан алыс түшпөйт" демекчи, 5 жашында ата-энеси уулунун талантын байкап, аны балдардын музыкалык студиясына жетелеп барышып, фортепиано жана вокал классына тапшыртышкан. 2014-жылы Актөбө шаарындагы Ахмет Жубанов атындагы музыкалык окуу жайды аяктап, Казак улуттук искусство университетине тап шырган.

Ырчы ата-энеси менен.


СЫНАКТАР ЖАНА СЫЙЛЫКТАР

Дээринде ырчылык таланты бар Димаш кенедейинен эле сынактарга баймабай катышып, келечектен көптү үмүттөндүрөт. Алсак, 6 жашында "Айналайын" аттуу республикалык сынактын фортепиано багытында 1-орунду багындырган. 10 жашынан тарта ар түрдүү маданий иш-чараларда алпаруучу боло баштайт. Ал эми 2010-жылы "Звонкие голоса Байконура" аттуу эл
аралык фестивалынын лауреаты аталып, 2012-жылы "Жас канат" аттуу жаш аткаруучулардын конкурсунда баш байгени утуп алган. Андан көп узабай, тактап айтканда, 2013-жылдын июль айынын соңунда Кыргызстанда өткөн "Мейкин Азия" эл аралык фестивалынын жеңүүчүсү болуп, чыгармачылыгында чоң секирик жасайт. Чыныгы атак-даңкты ага 2015-жылы Беларустун Витебск шаарында өткөн "Славянский базар" эстрада ырчыларынын XXIV эл аралык фестивалы алып келет. Димаш фестивалдын баш байгесин утуп, 20 миң доллар сыйлык алган. Ошол эле жылы ырчы Түркиянын Стамбул шаарында өткөн "ABU TV song" ("Азия-Тынч океан") аттуу телефестивалга катышып, Казакстандын желегин желбиреткен.

Белгилүү кытай актёру Жеки Чан каарманыбыздын ырдаганын "I am a singer" теледолбоорунан көрүп, жолугушууга чакырган. Жолугушууда 2 талант бири-бирине арналган белектерин беришип, андан соң актёр Димашты ырдатып, мактаган. Дүйнөгө белгилүү ырчы Лара Фабиан да Димаштын ырдаганын интернеттен көрүп таң калып, жолугушууга кызыкдар экендигин айткан.


ДИМАШ, "ТӨРГӨ ӨТ", ВИТАС, "ПЕНСИЯГА КЕТ"

2016-жылы маданият тармагындагы лидерлиги үчүн президенттик стипендияга арзыган Димаш бир топ мамлекеттик сыйлыктарга да ээ болгон. Чыгармачылык үчүн төрөлгөн ырчы муну менен гана чектелбестен, 2017-жылдын башында Кытай Эл Республикасынын "Hunan TV" телеканалы өткөргөн "I am a singer" аттуу теледолбооруна катышууга бел байлайт. 14 этаптан турган аталган теледолбоор апрелде аяктайт. Учурда Димаш долбоордун лидерлеринин бири. Мындай сынактан соң ырчынын жылдызы жанып, тез эле популярдуулукка жетип, кытай эстрадасын багынта алды. Табият берген таза үнү, келбети менен кытай жаштарынын жүрөгүнөн орун таап, күйөрман кыздары күн санап өсүүдө. Ал сахнага чыгып ырдаганда айымдар гана эмес, мырзалар да көзүнө жаш алып, мукам үнүнө, тубаса талантына баа беришүүдө. Айта кетчү нерсе, Димаш жогорудагы долбоордун 2-этабында орусиялык ырчы Витастын "Опера №2" аттуу ырын аткарган. Мындан соң Витастын продюсери Сергей Пудовкин Димашты "ууру, пародист" деп атап, уруксат сурабай ырдагандыгы үчүн сотко кайрылышарын билдирген. Бирок Витас өзү ар бир чыгармачыл инсанга сый мамиле кыларын жана сотко кайрылбай тургандыгын айтып, чырга чекит койгон. Чындыгында Витастын продюсеринин чычалоосунун себеби бар. Анткени Витас кытай элинин сүймөнчүгүнө ээ болуп, буга чейин ал жакка байма-бай концерттерди уюштуруп, капчыгын кампайтып келген. Эми Димаш анын ордун басып, Витасты "пенсияга" жиберсе, ким эле жеген нанын тарттыргысы келсин?..

Димашты Кытайдагы күйөрман кыздары аниме каарманына айлантышууда.


Димаштын кыргыз ырчылары менен достук мамилеси бар, Бишкекке бат-бат келип турат.


Димаштын апасы Светлана Айтбаева менен байланышканыбызда ал: "Мейкин Азия" фестивалына өтө ыраазыбыз. Уулумдун элге таанылуусуна так ушул фестиваль таасирин тийгизди. Ошондон кийин Димаштын популярдуулугу өстү. Негизи эле кыргыз элин өтө жакшы көрөбүз",- деген ыраазычылыгын айтты.


Асхат Субанбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Aitun
2017-03-20 18:54:00
Бир жума биринчи турда ырдаган ырын кайра кайра коруп журдум. Укмуш уну.
+3
Kiossaki
2017-03-20 20:35:51
Димааш))))
+1
meili
2017-03-20 23:53:15
Кудай Димаштан эч нерсе аябаптыр,унду,келбетти,бойду,муноз.Кудай колдосун.
+3
meili
2017-03-20 23:53:53
9 турда ырдаган Селин диондун ырын мыкты аткарыптыр
+1
Guliii
2017-03-21 10:26:28
Тубаса талант десе да болот. Ийгилик.
+2
Rasul_Rahmanaliev
2017-03-21 13:50:03
Өтө сейрек кездешчү үндүн ээси Димаш! Баракелде! Ырчыга көз тийбесин!
+2
pixduel1
2017-03-21 18:11:39
Димашка окшоп живой голос менен ырдаган ырчыларды ырчы десе болот фонограмма менен эмес!
+3
Floweriza
2017-03-21 19:02:06
Ооба аябай сонун ырдайт азамат!!!
+2
bond02
2017-03-22 07:44:54
Кыргыз окшойт десе.
+1
Benazir08
2017-03-22 11:01:21
Тааныбайт экенмин үнүн угуп көрүы керек го...
+1
jaskaaa
2017-03-22 11:59:44
Соонуунгоо! Гүлдөй коркемиң деген ыры өзгөчө жагат. Витастын ырын укмуш ырдаган
+2
muratova04
2017-03-22 12:35:47
Уну соонун таза жеткирип ырдайт екен
+2
ayjan_90
2017-03-23 01:58:54
Ой жанындагы Аселго жуксун Аселге да таланты
+3
Janar1109
2017-03-23 16:08:42
ayjan_90 жарыпсын
+2
altyw555
2017-03-26 02:57:08
Соз жок...Укмуш ырдайт экен...мындай бар деп ойлогон эмесмин
0
№ 750, 17-23-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан