HI-TECH NEWS

VIBER МЕССЕНЖЕРИНДЕ "ЖАШЫРУУН ЧАТ" АЧЫЛДЫ


Мобилдик колдонмолор өз колдонуучуларын көбөйтүү максатында улам өзгөртүүлөрдү киргизүүнү улантышууда. Алсак, Viber мобилдик тармагы жаңы функцияны киргизди. Анда Viber`дин колдонуучулары "жашыруун сүйлөшүү" группасын ачып, кайсы бир убакытка чейин деп белгилеп коюшса, ал белгиленген убакытта автоматтык түрдө өчүп калат. "Жашыруун сүйлөшүү" группасынын колдонуучулары жиберилген СМСтерди кайра башка бир колдонуучуга жибере албайт жана аны скриншот да кыла албайт. Скриншот кылар замат башка колдонуучуларга бул тууралуу билдирүү тарап, аталган колдонуучу бул чатка кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.

360 ГРАДУСТУК КАМЕРАСЫ БАР СМАРТФОНДОР САТЫКТА


"ProTruly" кытай компаниясы панорамалык камерасы бар алгачкы телефондорду сатыкка чыгарды. Мындай үлгүдөгү смартфон 13 мегапикселдик камералар менен жабдылып, 360 градусту алуу менен сүрөт же видео тартууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган смартфон Darling деп аталып, алгачкы жолу Кытайдын Шэньчжэнь шаарындагы "China Hi-Tech Fair" көргөзмөсүндө өткөн жылы күздө көрсөтүлгөн. Смартфондун жөнөкөй түрү 500 долларга бааланса, премиум 800 долларга сатылат. Экөө тең Android 6.0 программасында иштейт. Азырынча бул жаңы аппарат Кытайда гана сатыкка чыкты.

ТЕЛЕФОНДОН ШЫБЫРАШЫП СҮЙЛӨШҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН АППАРАТ ОЙЛОП ТАБЫЛДЫ


Америкалык инженерлер телефон менен сүйлөшүп жаткан адамдын үнүн айланасындагыларга угузбай турган "тумшук кап" ойлоп табышты. Hashme деп аталган бул буюм жумушта же тынч жерде отурганда жаныңыздагы адамдарга тоскоол болбой телефондо сүйлөшө берүүгө шарт түзөт. Анын көрүнүшү иттерге кийгизе турган тумшук кап сыяктуу. Ойлоп табуучулар бул укмуштуу буюмду "дүйнөдөгү биринчи мобилдик телефондор үчүн маска" деп аташкан. Аны иштеп чыккандардын пикиринде, бул гаджеттин жардамы менен коомдук жайларда жакындарыңыз менен купуя сырларды бөлүшө берсеңиз болот. Гаджет үндөрдү тандоочу жана анын бийиктигин башкара турган тиркеме менен иштейт. Ойлоп табуу ушул жылдын аягында өндүрүлө баштап, баасы 249 доллар (болжол менен 17 миң сом) болору айтылууда.

«SAMSUNG» GALAXY S8 ЖАРЫККА ЧЫГАТ


Кореялык «Samsung» компаниясы Galaxy S8 жана S8 Plus уюлдук аппараттарынын презентациясын март айынын аягында өткөрмөкчү. Жаңы сериядагы смартфондор апрель айында сатыкка чыгары айтылууда. Бул сериядагы телефондордун кубаты бат толот жана узак убакытка жетүүсү менен өзгөчөлөнөт. Компаниянын максаты – S8 телефондору аркылуу виртуалдык жашоону жаңы деңгээлге алып чыгуу. Аталган телефондордун баасы 1000 долларга чейин турары күтүлүүдө.

Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
NYC
2017-03-27 12:07:13
Ото сонун биз да ошондой онугуп озубуздо чыгара баштасак кандай сонун болмок
+1
omka100514
2017-03-29 17:17:21
Смартфондордун эми эле жанысына жеттим дегенде жыл айланбай эле кайра жанысы чыгып ататго ;-)
+1
№ 751, 24-30-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан