УЭЙН ГРЕТЦКИ

РЕКОРД КОЙГОН ХОККЕЙЧИ
1999-жылдын 8-апрелинде 1962-акыркы натыйжалуу пас берүүсү менен Уэйн өзүнүн 21 жылдык спорттук карьерасын аяктаган. «Улук» же «Улуу хоккейчи» деген наамды Америкада башка бир да адам алган эмес. 21 жылдык карьерасында Гретцки 60тан ашуун рекорд коюу менен ийгиликтерге жете алган.
Хоккейде өткөргөн 21 жылдын ичинде дээрлик бардык рекорддорун койду. Анткени, ага чейин рекорддор 20 жылдан ашуун убакыт бою Горди Хоуга гана тиешелүү болуп келген. Упайлар боюнча Хоу мырзанын рекордун (1850 балл) Гретцки 1989-жылдын 15-октябрында жаңырткан. Жалпысынан Гретцкинин эсебине 894 гол жана 2856 балл жазылган. Рекорддордон тышкары Гретцки жыл сайын сезондун мыкты хоккейчилерине берилчү лиганын көптөгөн жеке сыйлыктарын алган. Айтсак, ал эң баалуу оюнчу катары беш ирет, мыкты чабуулчу катары да ушунча жолу трофей алган.

СПОРТКО ТАШТАЛГАН АЛГАЧКЫ КАДАМДАР
Гретцкинин ата-энесинин спорт менен эч кандай байланышы жок болчу. Бирок, ал хоккейчи болбой коё алмак эмес. 1960-жылдардын башында Канадада хоккей катуу дүркүрөп өскөндүктөн, Онтарио жана Квебек шаарындагы ар бир өспүрүм бала НХЛге кирүүнү тилек кылчу. Балдардын ата-энелери да ушундай эле тилек кылышкан. Анткени, хоккейчи профессиясы эң жогорку акы төлөнүүчүлөрдүн катарына өткөн. Ал кезде НХЛде болгону алты команда ойночу жана НХЛдин курама командасына алынган оюнчулар бир сезондо 100 миңден ашуун каражат табышаар эле.
Уэйн үч жашка келгенде Уолтер Гретцки кышында үйүнүн артына чакан хоккей аянтчасын жасап койгон. Атасы кийинчерээк эскергендей, оюн баласына жакканы дароо эле сезилген. Беш жашында Гретцки өзүнүн туулуп-өскөн Брендфорд шаарынын командасында ойноп калат.

«ЭДМОНТОНДУ» АЛГА СҮЙРӨГӨН ОЮНЧУ
10 жашында ар бир оюнда 7-8 гол киргизип, баарын таң калтырган. Ал тууралуу канадалык гезиттер көп жазып, Уэйнди дайыма Хоу менен теңеп келишет. 1970-жылы Хоу НХЛден Бүткүл дүйнөлүк хоккей ассоциациясына (ВХА) кетүүнү чечет. Ал мурунку мезгилдегидей улуттук кумир боло албай калган. Буга анын жашы да, ВХАга кетип калуусу да себеп болгон. Канадалыктар жаңы кумирди күтүп жатышкан.
Гретцки Онтарио шаарындагы Хоккей лигасынан «Су Грейхаундс» аттуу жаштар командасы үчүн жалгыз гана сезон өткөрүп, 70 гол киргизүүгө жетишкенден кийин дал ошол кумир Гретцки болоору айдан ачык болуп калат. Анын спорт кийиминин артындагы «99» номери дал ушул мезгилде пайда болгон жана аны менен Гретцки эч качан коштошкон эмес.
Гретцкини профессионалдык клубдардын ар бири өзүнө алгысы келген. Бирок, ал жаштар менен келишим түзүүдө эч кандай чектөөсү жок BХАга барып калган. (НХЛге болсо 18 жаштан кийин гана алынчу). 1978-жылы «Индианаполис Рэйсерс» клубу 17 жашар Гретцки менен ал кездеги чоң суммага 100 миң долларга келишим түзөт. Дебютант өзүнүн алгачкы профессионалдык командасында жаңы эле лидер болуп чыкканда жетекчилик аны ВХАнын башка мүчөсү «Эдмонтон Ойлерс» клубуна берүүнү туура көрөт. Анда салттан тышкары, Гретцкини башка оюнчуга алмаштырбастан, накталай акчага сатып жиберишет. «Индианаполистин» ээлери бул макулдашуудан канча акча тапканы азыркыга чейин белгисиз. Эмнеси болсо да бул алмашуу Гретцки үчүн тагдыр эле. Кийинки сезондо атаандаштыкка туруштук бере албай ВХА кыйрап калат. «Эдмонтон» болсо автоматтык түрдө НХЛге кабыл алынган бактылуу клубдардын катарында калат.

КҮЙӨРМАНДАРДЫН КУБАТСЫЗ КУМИРИ
Бул мезгилде лигага кумир эки эсе керек болчу. Хоккей интеллектуалдары, мыкты делингендер калбай калган. Сары чачтуу, бою жагынан хоккейге чакан келген Уэйн башкаларга таптакыр окшобойт болчу. Мыкты форварддын бою жок дегенде 190 см. болгондугуна көнгөн адистер: “Гретцки “гиганттар лигасында” ойноп кете алабы?” деп күмөн санашкан. Уэйн ойноп кете алды.
«Индианаполисте» жүргөндө эле ал ассоциациянын мыкты бомбардири болуп калат. «Бул – фантастика! Ылдамдыгы жок, кубатсыз, бирок ал баарынан күчтүү!» деп гезиттер таң калып жазышат.
Андан соң «Эдмонтондо» мыкты сезондор өтөт. Гретцки жыл сайын бир нече рекорддорду: гол эсеби боюнча натыйжалуу пас берүү жана хет-триктердин саны боюнча рекорд коёт. Муну менен катар эле супержылдызды таанытуу аракеттери күчөйт. Бул жөнөкөй бала жаш фанаттар эле эмес, хоккейге таптакыр кызыкпаган үй кожойкелери үчүн да «кудай» боло алаарын НХЛдин чоңдору эрте эле түшүнүшкөн.

КЕЛИШИМДЕН ЖОЛУ ЖОК ЖИГИТ
Баары жакшы болгону менен келишим түзүү жактан Гретцки жолдуу эмес эле. Анын гонорарлары НХЛде эч качан эң чоң болгон эмес. Мисалга алсак, соңку жылдары Уэйн сезонуна 4,2 миллион доллар алчу. Ушул эле мезгилде Сергей Федоров 1998-жылдын ичинде эле 28 миллион доллар тапкан. Кызыктуусу, экөөнүн тең: Федоровдун да, Гретцкинин да агенти Майкл Барнетт болгон. 80-жылдардын 1-жарымында НХЛдеги маяна орточо болчу. «Кара жумушчулар» 250-300 миң, жылдыздар 1 миллион долларга чейин алат эле. Команда ээлери тапкан пайда андан көп акы төлөөгө жетмек эмес. Анткени, хоккей бейсбол, баскетбол же америка футболу сыяктуу популярдуу боло алган эмес. Хоккей профсоюзу да бүгүнкүдөй күчтүү эмес болчу. Натыйжада, лигадагы абсолюттук мыктылыкты алган Гретцки «Эдмонтондогу» досу Марк Месье менен тең акча алчу. Ал мезгилдеги эң чоң үч миллион долларлык келишими менен да Гретцки 2-болуп калган.

РЕКЛАМА КОМПАНИЯЛАРЫНЫН СҮЙМӨНЧҮГҮ
Гретцки мыкты реклама берүүчү­лөр­дүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Алар дайыма Гретцкиге сунуш менен кайрылып, анын имиджин идеалдуу деп эсептешкен.
Хоккей ойногон таяктарды чыгаруучу компания “Easton” менен болгон келишиминен эле Гретцки жылына 1 миллион долларга жакын акча алчу. Андан азыраак киреше “Habana Club” сигараларынын рекламасынан түшчү. 1994-жылы анын кирешеси 13,5 миллион,1996-жылы 11,5 миллион долларды түзгөн.

ЭЧ КИМ АЛМАШТЫРГЫС “УЛУУ” ОЮНЧУ
«Эдмонтон» командасы менен Уэйн беш ирет Стэнли Кубогун алат. 1984-жылкы алгачкы Кубоктон кийин ал “Улуу” деген титулга ээ болот. НХЛдин эрежеси боюнча Кубогу жок эң мыкты оюнчу да “Улуу” деп атала албайт болчу. Көпчүлүктүн пикиринде, «Эдмонтон» ондогон жылдар бою НХЛде падышалык кылмак. Бирок, эч ким көрө билбеген нерсе болот.
1988-жылдын жайында Гретцки Голливуд жылдызы Жанетт Джонс менен баш кошот. Ошону менен бирге эле эс оодарган кабар угулат. «Эдмонтондун» ээси Питер Поклингтон аны лигадагы эң начар командалардын бирине сатууну чечет. Муну менен Питер өзүнүн иштерин оңдоп алам десе керек. Үч оюнчудан тышкары ал өзүнүн кесиптеши Брюс Макноллдон чоң суммадагы акча алмак. Уэйн болсо жетекчиликке нааразылыгын билдире алган эмес. Ал мурдагыдай эле мыкты оюнчу бойдон калганы менен НХЛде эми эч нерсе ута албастыгын көрө билген.
Гретцкинин укмуштай популярдуулугу Америкада хоккейге болгон кызыгууну арттырган. Буга чейин бул жерде хоккейчилер 2-сорттогу спортчулар катары каралчу. Улуу спортчу Канада үчүн эле эмес, АКШ үчүн да символ болуп калган. Бүгүнкү күнгө чейин Гретцки сымал “Улуу” деген атакка ээ болгон жан чыга элек.

Даярдаган Медер Тентимиш уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 223, 9-15-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан