КОРОО РОЗАЛАРЫ. ӨЗҮҢҮЗГӨ РОМАНТИКА ТАРТУУЛАҢЫЗ

Роза – гүлдөрдүн ханышасы. Анын көптөгөн түрлөрү бар. Жаз келер менен көпчүлүк короолоруна гүлдөрдү, анын ичинде розаларды тигип башташат. Аларды кантип өстүрөбүз? Жайы бою гүлдөп көз жоосун алып туруусу үчүн кандай кам көрүү керек?

БОЗОРГОН ДУБАЛДЫ КООЗДООЧУ ДОН ЖУАН


Корооңуз бозоргон дубал менен курчалып турса, аны кооздоо үчүн чырмалып өсүүчү розаларды өстүрүңүз.Суукка чыдамдуу, көп жылдык, кочкул кызыл гүл ачуучу, жаздан кеч күзгө чейин гүлдөгөн, чырмалып өсүүчү роза түрү Дон Жуан деп аталат. Аны күзүндө отургузган туура. Себеби жаз алды менен дароо өсүп бийиктеп баштамак. Бирок жазында апрель айынын орто ченине чейин отургузса болот. Көчөтүнүн башын 15 сантиметрге, ал эми тамырынын учтарын 30 сантиметрге чейин кыскартып, тамырлары кенен жайгашкыдай кылып отургузасыз. Отургузар алдында гүлдүн тамырын бир сутка сууга кармаганды унутпаңыз. Бул гүл жанындагы дубалга же атайын коюлган нерселерге чырмалып өсөт. Демек, аны башка чырмалып өсүүчү өсүмдүктөрдөн жок дегенде 50 сантиметр алыс отургузуңуз. Гүл өсө турган жер күн тийген же бир аз көлөкө түшүп турган болуусу керек. Нымдуу, күн тийбеген жерде гүлдүн өсүшү кыйындайт.Жазында үшүк алуудан коргоо үчүн үстүн жаап коюу кажет. Анткени кар жаап салуу коркунучу бар.
Розанын бул түрү отургузулган жылы эле гүлдөйт. Башкысы аны аптасына бир ирет сугарып турсаңыз болду. Ал эми суук түшкөндө жерге түшүрүп, жыйнап, үстүн мата менен жаап коюу зарыл.
Гүлдөп калган тапта сууну жалбырактарына, гүлдөрүнө эмес, түбүнө чачыңыз. Суу жерге 20-30 сантиметрге чейин сиңиши керек.

КИЧИНЕ ЖОЛ ЧЕТТЕРИН КӨРКТӨЙ ТУРГАН ORANGE JUWEL


Корооңуздун ичинде бетондолгон же болбосо кичинекей таш жолдор болсо аларды бойлой мини розаларды тиксеңиз өкүнбөйсүз. Бийиктиги 40-50 сантиметрге чейин жетчү мини розалардын ичинен Orange Juwel сары-кызыл түстө гүлдөп көз кубандырат.
Аны күн жакшы тийген аянтка отургузуңуз. Албетте, кара топурактуу жерге тигилсе сонун болот. Кумдуу, шагылдуу жерде бул розанын гүлдөшү кыйындайт. Адегенде 60 сантиметрге чейин чуңкур казылат да, анын түбүнө 10 сантиметр калыңдыкта майда таш же шагыл төгүлөт. Кийин анын үстүнө ошондой эле калыңдыкта кык салынат. Көчөттүн тамырынын жабыркаган бөлүктөрү кесип салынып, көмүлүп суу куюлат.
Аталган гүл май-июнь айлары менен гүлдөп башташы керек. Адатта розанын бул сорту абдан көп гүлдөйт. Бирок биринчи жылы анын көп гүлдөшүнө жол бербеңиз, азыраак гүлдөрүн алып калып, калганын кесип салган оң. Бул анын биринчи кышта үшүккө урунбай чыгышына өбөлгө болот.
Гүлдү азыктандырып турууну унутпаңыз. Жаз алды менен азот кошулган, ал эми жайкысын фосфор, калий аралашкан жер семирткичтер менен азыктандырып турасыз. Маал-маалы менен сугарып турууну да унутпаңыз.

ЧЫДАМДУУ ЭЛИНА


Корооңузга көрк берүүчү, анан калса биздин климатка туруктуу боло алчу розанын дагы бир түрү Элина деп аталат.
Апакай түстө гүлдөгөн Элина күн чайыттай ачык кезде да, жамгырлуу күнү да өзгөчө романтикалуу маанай тартуулайт деп ишене бериңиз. Бул гүл ысыкка да, суукка да чыдамдуу экенин эскерте кетели.
Аны 30-50 сантиметр тереңдикте чуңкур казып отургузасыз. Отургузар алдында бир нече саат тамырларын сууда кармаңыз. Сабагынын башын 20-30 сантиметрге чейин кыскартып кесип коюу кажет. Буга катар тамырынын жабыр тарткан бөлүктөрүн алып салуу сунушталат.
Элина жайы бою гүлдөп көз жоосун алат. Жайкысын да кээ бир бутактарын кесип туруу керек. Бул анын жакшы өсүүсүнө өбөлгө болмокчу. Бирок бир гүлдөн 2-3 гана бутагын кыскартуу зарыл. Ошондой эле жер семирткичтер менен азыктандырып, түбүн жумшартып турууну унутпаңыз.

РОЗАГА КАМ КӨРҮҮ БОЮНЧА КЕҢЕШТЕР

Адегенде гүлдүн көчөтүнүн жакшы сакталганын сатып алыңыз. Тамыры топурак менен көмүлгөнүн алган оң.
Жазында жердин жылуулугу 10 градусту түзгөн кезде көчөттөрдү отургузуу туура.
Көчөттү отургузуп жатканда чуңкурга топуракка уйдун же жылкынын чириген кыгынан бир аз аралаштырып салуу ашыктык кылбайт. Буга катар жыгач отундун күлү да гүлдүн жакшы өсүүсүнө өбөлгө болот. Муну да топуракка аралаштырыңыз, антпесе тамырларды жабыркатышы мүмкүн.
Розаны жумасына бир жолудан ашык сугаруу сунушталбайт. Жайкысын күн өтө ысып кеткенде гана эки ирет сугарса болот. Ашыкча сугаруудан гүл саргайып кетет.
Бой керип өсүп баштаган кезде жумасына 1 жолудан 40 грамм соданы 1 литр сууга аралаштырып, гүлдүн жалбырактарына, бутактарына сээп койгон ашыктык кылбайт. Бул мителердин гүлгө түшүп кетишинин алдын алат.
Розанын жанына сарымсак же пияз эгип койсоңуз, аларга курт түшпөйт жана оорудан алыс болот.
Күзүндө же жазында розаларды кыскартып кесүү керек. Розанын тамыры менен үстүнкү бөлүгү бирдей узундукта болушу керектигин эске алуу кажет. Ал эми чырмалып өсүүчү розалардын жабыркаган жана бийиктеп түз өскөн бутактарын бир аз кесип койсо болот.

Мирлан Өмүралиев
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
saribaeva
2017-03-27 10:12:05
Мен остурсом эч оспойт да
+1
Benazir08
2017-03-27 18:38:47
Сонун бизде да укмуш өсөт розалар
+3
Rinat91
2017-03-29 19:17:44
Менин кайненем укмуш остурот гулдорду ,тур туру менен бар
0
Eliza.nurjanovna
2017-03-30 14:17:47
Менин апам остурот да гулдордун тур турун тим эле баласындай карап алат анан
0
Lakyas
2017-03-31 15:12:28
ГУЛ ОСТУРУУда озунчо бир дуйно, ырахат.
0
№ 751, 24-30-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан