«ЖОК ДЕГЕНДЕ БАЛАМДЫН БИР КӨЗҮН САКТАП КАЛСАК ДЕЙМ»

Сурмаш Курманбекованын 14 жаштагы уулу Арзымат көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Өспүрүмдүн апасы "каражат табылса, операция менен баламдын бир көзүн дарыласа болот. Жок дегенде бир көзүн сактап калышым керек" деп чуркап жүрөт.

Сурмаш Курманбекова буларды айтып берди:
– Биз Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо айылынан болобуз. Жолдошумдун мурунку аялынан балдарын кошкондо беш балабыз бар. Балам ооругандан бери үй-бүлөбүз менен борборго көчүп келгенбиз. Арзымат азыр 14 жашта. Жакшынакай эле төрөлгөн, кадимки балдардай болуп эле ойноп жүрчү. 6 жашында балам төшөктөн тура албай ооруп калды. Жаткан ордунан тура албайт. Тургузууга аракет кылсам, бутун бүгүп жатып алат. Ооруканадан боору цирроз деп диагноз чыгарып беришти. Бишкектеги ооруканалардын бирине алып келсек, «балаңардыкы цирроз эмес, болгону уколду туура эмес сайып коюшкан» дешти.
Көп өтпөй балам бир бутунан аксап басып калды. Бир жылдан кийин бир көзү кызарып ооруй баштаганынан айылдын дарыгерлерине алып бардык. Алардын дарыларынан экинчи көзү да кызарып чыкты. Ооруканага алып келип, врачтар айткан дарыны куйсам, биринчи кызарган сол жак көзү жара болуп кетти. Ооруканадан башыбыз чыкпай калды. Дарыгер «башка дары жазып берем, дагы 10 күндөн кийин келгиле» деп узатты.
Бишкек шаарындагы Жал кичи районунун балдар ооруканасынын дарыгери карап «балаңарга операция жасаш керек. Кареги соолуп калыптыр» деди. Жасалган операциядан кийин баламды калтырак басты. Ошентип, ооруканада 20 күн дарыланып жаттык. Бирок андан кийин да баламдын калтыраганы токтогон жок. Жалдагы балдар ооруканасынын дарыгерлери «балаңар жакшы болуп кетет» деп чыгарып салышкан эле. Жүрөгүбүз тынчыбай көз дарыгери Алмазбек Исманкуловго барсак, «балаңарга операция жасатсаңар бир көзү көрөт. Бирок бизде мындай аппараттар жок. Бул жактан жасаганда карек жарылып кетиши мүмкүн» деди.
Азыр Арзымат кадимкидей эле басат, биз ичкен тамакты ичет. Бирок 14 жашта болсо дагы мүнөзү, жүрүм-туруму 5-6 жаштагы кичинекей балдардай. Тили да так эмес, кыска, оңой сөздөрдү сүйлөйт. Уулум оорунун айынан мектептен да билим ала албай калды. 1-классында эле эпилепсиясы кармап, ошондон тарта мектепке жибербей калгам. Көбүнчө ойногондун ордуна ойлонуп отура берет. Кээде маанайы жакшы болгондо кыялдарын айтып калат, «мен чоңойгондо милиция кызматкери болом» дей берет. Мурун балдар менен кошо алаксып ойной берчү, азыр болсо нес болуп эле бир жерди тиктегенди адат кылып алды. «Бир жериң ооруп жатабы?» десең, кыйналып турса да такыр айтпайт. Мени сарсанаа болот дейби, айтор, баарын ичине катып, жашырып жүрө берет. Азыр кыздарым Арзыматка каралашып, зерикпесин деп ойнотушат. Бир тилегим – баламдын операциясына акча чогулуп, аман-эсен айыгып кетсе экен дейм. Анткени башка балдарым кийин өз турмуштары менен кетишет.
Операциядан кийин бир көзү көрөт, ал эми жара болуп кеткен тарабы көрбөйт экен. Уулумдун операциясына баш-аягы 100 миң доллар керек болууда. Жардам сурап мамлекет башчыга чейин кайрылганбыз. Ошондо Түркияда операция жасатуу квотасына илиндик. Бирок операциясы гана бекер болгондуктан, жол киреси, калган майда-чүйдө керектүүсүнө кетчү акча таба албай калдык. Туугандар колдон келишинче жардам беришет. Кайрымдуулук фонддорго да кайрылдык. Алар «биз андайга жардам бере албайбыз» деп баш тартып коюшту. Операциянын акчасына боорукер адамдардан жардам сурап, үмүт менен жашап келе жатабыз. Эне катары балам ушул жарыкты көрсө, ата-энесин, бир туугандарын көрсө деп бассам-турсам тилейм.
Арзымат 2-класста окуган кичүү карындашына өзгөчө жакын, аны жанынан карыш жылдырбайт. Ошол карындашы анын көзүндөй. Ал эмнени айтса, ошонун баарын аткарат. Ал кетти дегенде эле томсоруп отуруп калат. Учурда Арзымат күн менен түндү айырмалай албайт, адамды үнүнөн эле тааныйт. Күндөн күнгө ден соолугунун абалы начарлап жатканы зээнимди кейитет.

Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Nazikbaigazy
2017-03-27 11:37:17
Аллахым сиздерге батасын берсин
+6
momun74
2017-03-27 11:56:44
Аллахвм шыфаасын берсин
+2
saribaeva
2017-03-27 12:00:35
Кудайым сабыр шыпаа берсин
+4
Benazir08
2017-03-27 14:07:36
Каап энеге эле кыйын болду балаңыз айыгып кетсин эми
+3
Beknazar0796
2017-03-29 00:33:27
Айыгып кетсин
0
korea
2017-03-29 13:56:05
Аллахым шыфаасын берсин, оомийн...
+3
Rinat91
2017-03-29 19:57:20
Дартты берген Аллах,шыпаасын да озу берет дейт го.ылайым айыгып кетсин!
+2
zafar.kgz92
2017-03-30 00:45:02
Ээээ АЛЛАХЫМ жаш балада эмне куноо озун шыпаанды берсин оооомин!
+3
Brendi_mega
2017-03-31 16:46:10
АЛЛАХЫМ шыпаасын берсин
0
№ 751, 24-30-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан