«Арман, арман, арманым ичке батпады,
Тай-тайлап эшикте баспадым.
Балдай таттуу сөзүңдү укпадым,
80-90 деген жашка неге чыкпадың?..
Ак халатчандардын кайдигерлигинен улам 1 жашка толо элек наристемден айрылып отурам»,- дейт Кемин шаарынын тургуну Нуржамал Супабаева.
– 2016-жылдын 10-февралында кенже уулубуз Адилет төрөлгөн. Андан улуу 4 жана 8 жаштагы 2 уулубуз бар. Өткөн жылы 25-декабрда Адилеттин дене табы көтөрүлүп баштады. Улуу балдарымдын парацетамол дарысына аллергиясы бар болчу. Адилетте да аллергия болуп жүрбөсүн деп ага ибуфен бердим. Дене табы түшүп ойноп калган, 26-декабрь күнү кечинде кайрадан дене табы көтөрүлдү. Эртеси Кемин шаарындагы аймактык дарыгерге алып бардым. Ал «ОРВИ жана балаңыздын өңү саргыч тартып турат» деп шаардагы жугуштуу оорулар бөлүмүнө жиберген. Балам 27-31-декабрь аралыгында
ОРВИ деген диагноз менен жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыгер Шарипа Абласованын карамагында жатты. Такыр көңүл бурбай койду десем алдаган болом, ал карап текшерди. Бирок баламдын абалы күндөн күнгө начарлап жаткандыгынан дарыгерден «өңү саргайгансыйт, балким, сарык эмеспи» деп сурасам, «билбейм, азыр вирус ушундай» деп гана койгон. Нөөмөттөгү медайымдар «1 жума, 10 күндөп дене табы түшпөй жакшы болуп кеткендер бар» десе жаным жай алып калат.
Мени ызалантканы, Шарипа Абласованын карамагында болгон 4 күн аралыгында «ичи шишип жаткандай» десем да эч ким текшерип же анализ алып көрүшкөн жок. Ошондо көңүл бурушса, Бишкекке эртерээк алып келмекпиз. Дарыгерлер билет деп мен ак халатчандарга ишендим. Ошол күндөрү балам пенициллин деген укол менен парацетамол эле алып жатты. 30-декабрдан 31ине караган түнү балам кан чычып кыйналып чыкты, эртең менен дарыгерге ушундай болду деп айтканымда гана ызылдап чогулуш кылып башташты. Чогулуштан келип «25 литр бензин куюп бересиңер, азыр унаа келет» дешкен, бирок унаасы келбей калыптыр. «Өзүңөрдө унаа болсо борборго жөнөй бергиле» дешти. Жолго чыгып жатканда баламдан анализге деп кан ала башташты, ошол ийне сайылган жерлеринен борборго чейин кан токтобой агып келбедиби.
Өз наристесин мындай акыбалда көрүүнү итке да каалабайт элем. Бишкекке келерибиз менен дарыгерлер баламды оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткызышты. Бирок мени менен кошо келген абысыныма «аябай кеч алып келиптирсиңер, колубуздан келген аракетибизди жасайбыз, бирок үмүт аз» деп дароо эле айтышкан экен. 1-2-январь күнү дарыгерлер кан куюшуптур, андан эч кандай жардам болгон жок. 3-январь күнү баламдан айрылып кала бердим. Баламды дарыгерлер «эки өпкөсү тең пневмония, башында шишиги бар жана боору парацетамолду көтөрө албай калган» деп айтышты. Кан кеткени дагы ошондон экен. Ушундай жагдайда наристемди жоготом деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Уулумдун алдында өзүмдү күнөөлөп жатам. Анын сүрөттөрүнөн, кийимдеринен кечирим сурап күнүм өтөт. Азыр 2 улуу балам кичине жөтөлүп калса дагы жүрөгүм түшөт. Кайда алып барам, кимге көрсөтөм деп ойлоном.
Ымыркайыбыз чарчап калгандан кийин адилеттик издеп Саламаттыкты сактоо министрлигине чейин арыз жаздым. Бул окуя боюнча кабардар болгон Кемин шаарынын ооруканасынын башкы дарыгери «мага бул окуя боюнча маалымат кеч жетти. Дарыгерди ишинен алып жатам. Эми жазган арызыңды ал» деп жатпайбы. «Иштей берсин, мен арызымды албайм, эл мындай иштер болуп жатканын билсин» дедим. Менин баламды дарылаган Шарипа Абласова «Бишкекке барып келген жол киреге кеткен акчаны төлөп берейин» деп айттырып жибериптир. Мага бул дарыгерлерден эч нерсе керек эмес, болгону өз милдеттерин так аткарышса. Мындан кийин ушундай кайдигер мамиле жасаган ак халатчандардын айынан башка энелердин дагы жүрөгү сыздабасын деген ой менен мунун баарын айтып жатам.
Саламаттыкты сактоо министрлигине жазган катымдын жообу жакында колума тийди. Анда аталган оорукананын дарыгери Шарипа Абласова тарабынан кемчиликтер кеткенин, жетекчилиги аны көзөмөлгө албагандыгы тууралуу айтылыптыр. Эми эксперттер кандай чара көрүлө тургандыгы тууралуу баа беришет экен. Ушул кадамдарымдын баары текке кетпей, башка дарыгерлерге дагы сабак болсо экен дейм.
Нуркыз Курманбек кызы
koom@super.kg