Нурзат Токтосунова, алпаруучу: "БАЛАМДЫ БАГЫП АЛБАСАҢЫЗ МУУНУП ӨЛӨМ" ДЕГЕН КЫЗГА ЖАРДАМ БЕРГЕМ. АЛ ҮСТҮМӨН АРЫЗ ЖАЗЫП ООЗУМДУ АЧЫРДЫ"

– Нурзат, кандайсың? Майрамдарда мамлекеттик иш-чараларды алып баруу чылбырын кармагандардын бири элең, быйыл ал иштерге катышкан жоксуңбу?
– Нооруз майрамына арналган иш-чараны 8 жыл катары менен алып барыптырмын. Бул жолу уят деп атайын эле баш тарттым. Негизи эле иштегенимди азайтып жатам. Жолдошум Максат айткандай, адамдар үйлөнүп, төрөлүп-өсүп бүтпөйт экен, жашоо улана берет экен. Өзүмө да көңүл бурчу убакыт келди окшойт. Турмушка чыкканыма 2 жыл болду, ошого чейин тытынып иштеп келдим. Кара жумуш кылбаганым менен, моралдык жактан катуу чарчаптырмын.

– Ишиңдин түйшүктүү жагын айта кетсең?
– Мисалы, ырчы тойго, иш-чарага барып, жаттаган ырын ырдап кете берет. Ал эми алып баруучу 5-6 саат тикесинен тик туруп, кеченин форматына, темасына, ошол жердеги адамдарга, аба ырайына байланыштуу сүйлөшү керек. Каякта эмне кылып жүрбө "баланчасында боло турган жерде минтип сүйлөйүн" дегендей ойлонуп жүрөм. Бир күндө 3 иш-чара алып барган да учур болду.

– Мурун ар кандай кечелерди, тойлорду жалгыз алып барсаң, эми жолдошуң экөөлөп алып барып калдыңар, мунун кемчилиги, артыкчылыгы бар бекен?
– Максат жашоомдо пайда болгону жыргап калдым. Эркектин ийини баары бир эркектин ийини. Анын жашоодо ролу аябай чоң. Мендеги айрым жүктөрдү кадимкидей алып койду. Мисалы, тойго чейинки даярдыктын баарын Максат кылат. Оюндарды дагы өзү уюштуруп, жадакалса соңунда менин көйнөгүмдү дагы алмаштырып, жетелеп кетет. Артыкчылыгынан башка кемчилигин көрө алган жокмун.

– "Алып баруучулукту азайтып, өзүмө кам көрөйүн деп чечтим" деп жатасың, баштадыңбы?
– Жыл жаңырары менен Түркияга эжем менен жездемдикине кетип, 1 айдан ашык жүрүп эс алып келдим. Максаттын бул жакта иштери бар эле, ал барган жок. 20 күн аябай эс алдым, эч нерсени ойлогон жокмун. Калган 20 күндө мээм автоматтык түрдө алдыда кылчу иштерим боюнча иштей баштады. Ошондон улам мен оюмду көзөмөлдөө жагынан алсыз экенимди, ушул жаатта иштешим керек экенин түшүндүм.

– Кайын журт менен чогуу жашаган келиндердин бирисиң, өзүңдү келин катары сүрөттөп берчи.
– Мен көп эле келинди билем, алар "кайненем эмне дейт, жаман көрөт го?" деп каалагандай уктап, эс ала албай келишет. Мен да башында ошентип кыжалат болдум. Бирок мени чын ниетинен жакшы кабыл алышканын түшүндүм. Биздин үйдө ар кимибиз каалагандай жүрөбүз. Кээде уктап жатсак, апам менен атам бизди уктап алсын деп буттарынын учу менен басышат. Эң эле жакшы жери, ашыкча сөз жок. Сөз деген курт сыяктуу. Укпагандай түр көрсөткөнүң менен, мээңде айлана берип жеп салат. Мен сөздөрдөн аябай "үшүгөм".

– Турмушка чыга элек кызга "турмушка качан чыгасың?", чыккандан кийин "качан төрөйсүң?" деген суроону берүү көнүмүш адатыбыз бар... – Көңүлү оорубасын дешет окшойт, мага жакындарымдан эч ким бул тууралуу айтпайт. Сырттагылардан "ай, эмне жүрөсүң, төрөбөйсүңбү?" дегенди угуп калам. "Сиз өзүңүз каалаган учурда төрөсөңүз, бактылуу экенсиз" деп коём. Анткени бул иш биз каалаган учурда боло калчу нерсе эмес экен. Түркияда жүргөндө эжем "дарыланып кет, бул жактын аппараттары, дарыгерлери күчтүү" деп болбойт. Макул деп барсам, менде баары жакшы экен, ден соолугумда маселе жок. "Аябай нерв жукарган, башың ойлорго толуп калган. Балалуу болуш үчүн ошол ойлордон арылыш керек" дешти.

– Бир жыл мурун "буюрса, жакшы жаңылыгым бар, боюмда бар" деп жаттың эле...
– Дарыгерлер боюмда болгондо "көп баспа, жат" дешкен. Кыймылдабай жаттым, бирок ыйлагым эле келет десең. Токтоно албай ыйлай эле бердим. Эмне болуп жатканымды түшүнө албай койдум, сүйүндүм дейин десем ага да окшошпойт. Ошентип жатып боюмдан түшүп калды. Дарыгер аябай урушту. "Ыйлагым келип жатса эмне кылайын?" дедим. Ак халатчандардын айтымында, бул бир нече жылдан берки үстү-үстүнө жыйылып калган депрессия экен. Ошол депрессиядан арылмайынча жан дүйнө тынчтанбайт, жан дүйнө тынчтанса анан баланы көтөрүү оңой болот дешти. Биз карьера үчүн иштеп, кайсы бир деңгээлде ийгиликке жетет экенбиз. Ошол сыяктуу эле жеке жашоодо да ийгиликке жетиш үчүн иштеш керек турбайбы.

– Максат романтикага сараң эмеспи?
– Максатка кээде гүл "намёк" кылганым менен ал романтик, мага сюрприздерди көп кылат. Биз 2015-жылдын 16-июнунда үйлөнгөнбүз. Ар бир айдын 16сында гүл берет. Себеби колумду сураганда "мен сени сыйлайм, мен сага ишенем. Ошол сыйым, ишеничим ушул бойдон калсынчы. Адамдар кийин өзгөрүп кетет экен" деп каршы болгом. "Баары жакшы болот. Мен сени бактылуу кылам" деп сөз берген. Ошол сөзүн 2 жылдан бери аткарып келе жатат. Айрым апалардын келинине карата "тиги уулумдун башын айлантып тийип алды" дегендерин угуп калса, Максат "башын айлантпай эле ал байкуш сүйүп калып, аялынын айтканынан чыкпай калды. "Уулумдун башын айлантты" деп энеси молдого окутуп, баласын өзү келесоо кылып алат турбайбы" деп күлө берет.

– Жакын адамдарыңдан күйүп калган учур болду беле?
– Болгондо да көп, анан ачуу болду. Интернет аркылуу деле жардам сурап кайрылган кыздар болот. Алардын көбү "алданып, боюмда болуп калды, ата-энеме айткандан корком, окуудан чыгып калдым" дешет. Чынын айтсам, мен деле мурун көп нерсени ата-энеме айткандан коркчумун. Ыйлап келгендерге боорум ооруп, айлап, жылдап үйүмдө багып, окуудан чыгып калгандардын окуу акысын төлөдүм. Күйгөндө да ошол адамдардан күйдүм. Мисалы, бир кыз жаңы туулган ымыркайын "көчөгө таштайм, сиз багып албасаңыз муунуп өлөм" деп жатып баласынан баш тартып кеткен. Бир нече ай баккандан кийин кайра менин үстүмөн арыз жазбадыбы. Мен эч нерсе айта албай, жөн гана отуруп бердим. Анткени окуяны таптакыр башкача айтып жатса, оозума сөз кирбей, абийир, адамдык сапат дегендин жоголуп кеткенине ичим өрттөнүп эле отуруп калдым.
Азыркы машинамдын үстүнө акча кошуп башка унаа алайын дегем. Машина сатат деген бирөөнүн телефон номерин алып, аны менен интернет аркылуу бир ай жазыштым. "Биз Германиядан айдап келсек, анан сен албайм деп койсоңчу. Ошондуктан өзүңдүн эле жакындарыңдын бирине акча котор, сенин чын эле акчаң барбы, билели" дешти. Өзүмдүн Орусиядагы эжемдин атына 4000 доллар салдым дагы, салынды деген кагазды анын суранычы менен сүрөткө тартып жөнөттүм. Көрсө, ал шылуун экен. Банктар аркылуу билсем, ал акчамды
Англиядан чыгарып кетишиптир. "Ал жакта паспорт жасоого жарым саат эле кетет" дешти. Ошентип машинамды алмаштыра албай калдым. Башымдан өткөргөн бул окуя элге сабак болсо дейм. Ушундай окуялардан кийин эч бир адамга ишенбей калдым.

– Адамдарга болгон ишеничиң кайтсын. Рахмат маегиңе, тилектериң орундалсын.

"Президенттин атынан Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышым мага чоң сүйүнүч алып келди. Келечекке стимул болду".


"Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон жолдошум жана шакирттерим, кыргыздын аракетчил жаштары".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Максат ар бир айдын 16сында гүл берет" дейт Нурзат Токтосунова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (56)
Zinazima
2017-03-29 11:06:59
Сизге сын журогумдон каалаймын эне болуу бактысыны сизди жакшы коробуз
+2
Jaziko80
2017-03-29 11:15:27
Нурзат Кудайым наристелуу кылсын ылаайым. Бактылуу болгула ылаайым!
+3
balzak
2017-03-29 13:59:26
балалуу,болушунузду, бактылуу болушунузду чын журогумдон каалайм!
+2
Rasul_Rahmanaliev
2017-03-29 17:26:18
Бар болунуз ...Бактылуу болунуз...
+3
ZHaziko
2017-03-30 00:13:10
Baary jakshy bolot men ishenem.
+1
Barynbaev96
2017-03-30 04:55:42
Жараткан колдосун дайыма!.
0
toha
2017-03-30 14:32:37
ЭТЖ беле нигин илгери бактылуу бол!
0
originalkgz96
2017-03-31 00:22:00
ийгилик сизге. бактылуу болунуз
0
Girl1996
2017-03-31 19:11:02
бактылуу бол! Аллах ыймандуу уул кыздарды берсин!
0
DNurgiza
2017-03-31 20:13:53
ал баланы багып алайын деп сүйлөшкөндүр да балким, анткени боюмда бар деп жар салган болсо, .........
0
OAlmaz
2017-04-01 09:51:15
Салам Нурзат, бактылуу бол,көп балалуу болгула, ушул дем күчүңдөн тайбай КР маданият тармагына көп-көп ийгиликтерди жарата бер деп Ноокаттан Алмаз
+1
aik-mili
2017-04-01 11:20:11
Нурзаттын куйоосу азамат экенсин. Кооп балалуу болгула
0
belka
2017-04-01 14:41:11
Жагат мага ушул кыз,наристе жытын жыттап бактылуу бол!
0
adyl_ch
2017-04-02 09:24:03
Нурзат Токтосунова суйлоп жатканда ишенимдуу угуп турасын. Создору ишенимдуу купулуна толот.Сулуулугу менен таланты топ келишкен кыз.Мен абдан сыйлайм. Талантына таазим.Сизге КР маданиятка эмгек синирген наамды эчак бериш керек эле.. Татыктуусуз.
0
Ainagyl
2017-04-02 21:55:34
Нурзат эже бактылуу болунуз!
0
№ 751, 24-30-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан