БАТЫШ БИШКЕКТЕ ЭМНЕ ЖОГОТТУ?

Бул аптада баш калаага расмий иш сапар менен келгендер көп болду. Алсак, ЖККУ катчысы, Люксембургдун вице-премьер-министри жана Словениянын президенти. Андыктан «Батыш менен Орусия «таасир саясатын» күчөттүбү?» деген суроо туулат.

Апта башында атайын иш сапар менен Бишкекке келген Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ОДКБ) башкы катчысы
Н.Бордюжаны өлкө башчысы Курманбек Бакиев кабыл алды. Жолугушуу учурунда Бордюжа уюмдун июнь айында Москвада өтө турган саммитине даярдыктар тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ЖККУнун чечимдеринин ишке ашырылышы жөнүндө пикир алышуу болду. Бордюжа мырза журналисттер менен болгон маегинде Кыргыз-Орус мамилелеринде салкындоо жок экендигин, кызматташтык өз нугунда өсүп баратканын баса белгиледи.
Бул жолугушуудан 1 күн өткөндөн кийин күтүүсүздөн Кыргызстанга аты анчалык таанылбаган Люксембургдун вице-премьер министри Жан Ассельборн келди. Жан мырзаны да ажо кабыл алып, эки тараптуу мамилелер жөнүндө сөз болду. Айрым серепчилердин баамында, люксембургдук министрдин иш сапары Европа Биримдигинин бир өкүлүнүн сапары катары кабыл алынуусу керек. Тактап айтсак, ЕБ лидерлери Кыргызстандагы басма сөз эркиндигине көрсөтүлгөн кысымдардан тынчсыздануусун Жан мырза аркылуу билдиришти.
Бул министр­ди узатпай жатып 31-мартта Словакиянын президенти Иван Гашпарович расмий иш сапар менен Бишкекке келди. Иван мырза да өлкө башчысы менен жолугушуп, эки тараптуу келишимдерге кол коюшту.
Ал эми 3-апрелде болсо БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мундун келери күтүлүүдө.


КУРМАНБЕК БАКИЕВ ДМИТРИЙ МЕДВЕДЕВГЕ КӨҢҮЛ АЙТТЫ


Президент Курманбек Бакиев бейкүнөө адамдардын өлүмүнө алып келген Москва метросунда болгон жардыруу­ларга байланыштуу Орусиянын президенти Дмитрий Медведевге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Телеграммада ажо трагедияны терең кайгыруу сезими менен кабыл алгандыгын, Кыргызстан эли өз туугандарын жана жакындарын жоготкон боордоштордун кайгы-капасын тең бөлүшөрүн билдирген. Ошондой эле терроризмге каршы Орусиянын саясатын колдой турганын баса белгилеген.


КАЙРА ЭЛЕ ЧЕК АРА, КАЙРА ЭЛЕ ӨЗБЕК ТУГАНДАР...

“Сузак” чек ара заставасында жайгашкан 2027-аскер бөлүгүндө курал колдонулган чыр чыкты. Бир өзбек аял 28-мартта Сузак районунун Найман айылындагы чек ара тосмосунан өтүүгө аракет жасаган. Чек арачылар өткөзбөгөндүктөн Өзбекстан жараны Тешебаева уюлдук байланыш аркылуу туугандарын чакырат. 5 адам келип кыргыз чек арачысынан бул аялды өткөрүүнү талап кылып, аскердин куралын тартып алууга аракет кылышкан. Эскертүүдөн майнап чыкпагандыктан, чек арачы эки ирет асманга ок атып, андан да натыйжа болбогон соң адамдарды көздөй ок чыгарган. Натыйжада Сузак райондук ооруканасына жеткирилген Насиржан Тешебаев каза тапкан. Учурда чырдын чоо-жайын тактоо иштери жүрүп жатат.


ЦЕМЕНТ ЗАВОД АЛГАЧКЫ 1000 ТОННА ТОВАРДЫ БАЗАРГА ЧЫГАРДЫ

Баткендеги “Түштүк-Кыргыз” цемент заводу алгачкы 1000 тонна продукциясын сатыкка чыгарды. Цементтин алгачкы партиясы курулуш компанияларына жөнөтүлдү. “План боюнча үч айдан кийин завод суткасына 2,5 миң тонна цемент чыгара баштайт. Учурда М-400D0 үлгүсүндөгү цементтин килограммы 4 сом 40 тыйын”,- деп билдирди аталган ишкананын башкаруу кеңешинин төрагасы Юрий Усольцев.


“СТАН” ТЕЛЕКОМПАНИЯСЫ МЕНЕН “ФОРУМ” ГЕЗИТИ ЖАБЫЛДЫ

Бишкектеги “Стан” телекомпаниясына 1-апрель күнү Каржы полициясынын өкүлдөрү келип, «компьютер жана башка техникалык жабдуулар лицензиясыз колдонулуп келген» деген айып менен телеканалдын ишин токтотушканы маалым болду. Бул телеканалдын жабылышына нааразы болгон оппозициячы саясатчылар БУУнун кеңсесинин жанында митинг өткөрүштү.
Ал эми “Форум” гезитин жабуу тууралуу Октябрь райондук сотунун чечими аталган гезитке 1-апрелде билдирилген. Гезиттин жабылышына өткөн сандагы “Ата журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга” деген темадагы макаласы себеп болгон.



ФЕРМЕРЛЕРГЕ 34 МИЛЛИОН 421 МИҢ СОМ КРЕДИТ БЕРИЛДИ


2010-жылдын 29-мартына карата Өнүктүрүү фондунун “АUB-Агро” микрокредит берүүчү компаниясы фермерлерге 35 миллион сомго жакын кредит берген. Азыркы учурда Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарынан 418 адам кредит алышкан. Өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылык үчүн каралган бул кредиттер Азия Универсал Банк­тын өлкөдөгү филиалдарында берилүүдө.


ӨКМӨТ БУУДАЙДЫН БААСЫН БЕКИТТИ

Өкмөттүн алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин буйругу менен 2010-жылдын апрелинен тарта республиканын үрөн чарбаларындагы жаздык буудай менен арпаны сатып алуу баасы бекитилди. Ага ылайык, супер-элита сортундагы жаздык буудайдын 1 килограммы 28 сом, жаздык арпанын баасы 24,5 сомго бааланды. Ал эми элита сортунун буудайы 20 сом, арпаныкы 17,5 сом болуп бекиди. Ошентип, өкмөт дыйкандардан жазгы буудай менен арпаны жогоруда көрсөтүлгөн баа боюнча сатып алат.


ОРУСИЯДАГЫ ТЕРРОРЧУЛАР ОЙГОНУШТУБУ?

29-мартта Москва шаарынын “Лубянка”, “Маданият паркы” метро станцияларындагы жардыруулардан улам 39 киши каза болуп, 73 адам жаракат алган. Жардырууну жанкечти 2 аял ишке ашырды деп шектелүүдө. “Алар Түндүк Кавказдын тургундары болушу ыктымал”,- деп билдирди Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси Александр Бортников. Дүйнө лидерлери бул жардырууну айыптап, орус бийлигине көңүл айтышууда. Трагедиялуу жардыруудан 2 күн өткөндөн кийин 31-мартта Дагестандын Кизляр шаарында да эки жардыруу болду. Бул жардыруудан 12 адам каза тапса,
20 жаран жабыркаган. Учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.


БЕЛАРУСЬ БИЙЛИГИ ОППОЗИЦИЯГА­ КУУГУНТУКТУ ТОКТОТОБУ?

Европа Биримдиги 25-апрелдеги жергиликтүү шайлоо алдында бийлик оппоненттеринин куугунтукталышына тынчсызданганын билдирди. Биримдиктин Тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Кэтрин Эштондун айтымында, уюм менен Беларустун келечектеги карым-катнашынын жакшыруусу аталган өлкөдөгү демократия, адам укуктары жана мыйзамдуулукка жараша болмокчу.


CЕРБИЯ ПАРЛАМЕНТИ КЕЧИРИМ СУРАДЫ

30-мартта Серб парламенти атайын резолюция кабыл алды. Анда Серб армиясын “1995-жылдагы Босния согушунда 8 миң мусулман эркекти бейкүнөө кырган” деп айыптады. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнөн кечирим суралды. Бирок резолюцияда бул окуя геноцид катары бааланган жок. Серб өкмөтүнүн мындай иш-аракетин Батышка жакындоо үчүн кадам катары баалагандар болууда. Ал эми парламенттеги улутчулдар партиясы бул резолюцияны адилетсиз жана уят чечим катары кабыл алышты.


ИРАНГА КАРШЫ САНКЦИЯЛАР ЖАКЫНДА КҮЧҮНӨ КИРЕТ

АКШ президенти Барак Обама француз кесиптеши Николя Саркозини кабыл алды. Жолугушуу учурунда Обама АКШ калган шериктештери менен Иранды жазалоо боюнча бир пикирге келип, жаз айларында санкциялардын күчүнө киргизилерине ишенерин билдирди. Обаманын айтымында, Ирандын атомдук курал жасап чыгаруусуна уруксат берилбейт. Өз кезегинде Саркози Иран боюнча катуу чечимдерди кабыл алуу учуру келгендигин белгиледи. Ал эми расмий Тегеран экономикасын өнүктүрүү максатында атом энергетикасын өнүктүрүп жатканын айтып келет.


НЬЮ-ЙОРКТО ГАИТИГЕ ЖАРДАМ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БАШТАЛДЫ

Аталган конференцияга 100дөн ашык өлкө менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Конференциянын максаты жер титирөөдөн жапа чеккен Гаитинин келерки эки жылдык муктаждыгы үчүн 3,8 миллиард доллар чогултуу.
Гаитини кайра куруу үчүн 10 жыл ичинде жалпысынан 11,5 миллиард доллар талап кылынары белгилүү болду. Эскерте кетсек, быйыл 12-январда болгон зилзаладан 220 миңден ашуун киши каза болуп, 1,3 миллион адам үйсүз калган.


Айбек Кочкоров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
almasbek
2010-04-07 01:04:24
"КАЙРА ЭЛЕ ЧЕК АРА, КАЙРА ЭЛЕ ӨЗБЕК ТУГАНДАР..."
бул аял наймандык озбекстанга келин болуп тушкон кыргыз аял дешет чынбы?
0
№ 387, 2-9 апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан