Өткөн жылдын апрель айында Балыкчы шаарында 30 жылга жакын бирге түтүн булатып келген аялын күйөөсү сабап өлтүрүп салган. Сот аялын өлтүргөн күйөөсүн 13 жылга эркинен ажыратты. Жубайлардын артында калган 2 кызы азыркы тапта ата-энесинин үйүндө күн кечиришүүдө.
АЯЛЫН ӨЛТҮРГӨН АДАМ 13 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ
2016-жылдын 2-апрелинде болжол менен кечки саат алтылар чамасында Орозбек Стамов үйүнө мас болуп келип, 1969-жылы туулган жубайы Таалайкүл Жунушованы катуу сабап салган. Сабалгандан алган оор жаракаттан улам жубайы ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин аракети акталбай, жабырлануучу 10 күндөн соң өзүнө келбей ооруканада каза болгон. Бул боюнча Балыкчы ШИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор жаракат келтирүү) боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал эми Балыкчы шаардык соту 2016-жылдын 25-июлунда Орозбек Стамовду күнөөлүү деп таап, 13 жылга эркинен ажыраткан. Эми ал жазасын түзөтүү абагында күчөтүлгөн тартипте өтөмөкчү.
"КАЙЫН СИҢДИМДИ ДАЙЫМА САБАЧУ"
Маркум Таалайкүл Жунушованын жеңеси Бактыгүл Карынова окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Кайын сиңдим Таалайкүлдү күйөө балам Орозбек ала качып алган. Ырым-жырымдарга ишенип биз дагы "таш түшкөн жеринде оор" деп отургузуп койгон элек. Экөөнүн түтүн булатып жашагандарына 27 жыл болгон. Күйөө балам Кочкордон болот, кийин Балыкчы шаарына көчүп келип жашап калышкан. Экөө Балыкчынын базарында соода кылышып, жашоо шарттары да жакшы болчу. 2016-жылдын октябрь айында Акылай деген кайын сиңдим телефон чалып, "жеңе, Таалайкүлдү ажыраштырбасак болбой калды. Күйөөсү аны дагы сабап салыптыр" деди. Биз барсак кайын сиңдимди күйөөсү көк ала кылып катуу сабап койгон экен. "Эмнеге урушуп жатасыңар?" деп кайын сиңдимден сурасак, "күйөөм бир аял менен жүрүп алыптыр. Күндө мас болуп келет. Мунусунда ал "биринчи сени өлтүрөм, анан өзүмдү өлтүрөм" деп бычак сайып салайын дегенде араң качып кутулдум. Кайсы күнгө ажалымды жазды экен" деп ыйлаганынан "анда дарыланып, бир аз эс алып кел" деп үйгө алып кетип калдык. Бирок көп узабай эле жолдошу келип, "экинчи арак ичпейм, балдарымдын апасын эми кор кылбайм" деп жалынып-жалбарып кайра алып кеткен.
"КАН БАСЫМЫ КӨТӨРҮЛҮП АСФАЛЬТТАН ЖЫГЫЛДЫ" ДЕП КАЛП ТАРАТЫП ЖАТЫШАТ"
– Ошондон бир нече ай өткөндөн кийин Таалайкүл катуу таяктан улам тилден калып, эс-учун билбей оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түштү. Биз барсак, бети-башы таанылгыс болуп жатыптыр. Көрсө, күйөөсү аны балдары окуудан келгиче сабаптыр. Ошол түнү Таалайкүлдүн башы чыдатпай ооруп чыгып, эртеси ооруканага барыптыр. Аны текшерген дарыгерлер таяк жегенин билип, "милиция чакырабыз" дешиптир. Бирок ал күйөөсүн аяган окшойт, макул болбой жумушуна кетип калыптыр. Жумуштан башы чыдатпай ооруп, аягында эсин жоготуп, "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилиптир. Каракуш мээсине катуу бир нерсе менен чапкан окшойт. Балыкчы шаарынын врачтары Бишкектен дарыгерлерди чакыртышып, алар кайын сиңдиме операция жасашты. Врачтар бир аз күндөн кийин Бишкекке өздөрү алып барып, кайра томографияга башын тартып, дагы операция жасашты. Бирок, тилекке каршы, кайын сиңдим 3 күндөн соң өзүнө келбей каза болуп калды.
Биз ыйлай-сыктай аза күтүп жатсак, күйөө баланын эжелери бизге айтпай базардагы контейнерлерин сатып, өздөрүнчө эле бөлүштүрө башташты. Жок дегенде кыркылыгы өткүчө чыдай турушса эмне болот?! Андан кийин келип үйүн талашып жатышат. Күйөө баланы болсо 13 жылга эркинен ажыратышты. Кызыбыздан айрылып чыркырап жатсак, кайын журту ар кандай ушактарды таратып жатышат. Таалайкүл кан басымы көтөрүлүп асфальт жолдон жыгылган эмес.
"АТАМДЫН БУЛ КЫЛЫГЫН ЖАШЫРГЫМ КЕЛГЕН ЖОК"
Апасынан ажырап, атасы абакта жаткан 24 жаштагы кызы Шарапат окуя болгондон бери алар үчүн абдан оор мезгил болуп жатканын айтып буларга токтолду:
– Атам менен апамдын ортосундагы уруш атамдын аракты көп ичкенинен чыкчу. Акыркы бир жарым жылда атам аракты абдан көп ичип калган. Кошо ичкен эркектер менен ар нерселерди сүйлөшүп, алардын ар кандай маселелерин угуп алып, жинин үйгө келип чыгарат эле. Апам бир жолу бизге "бир аяшыбыздын аялынан атаңарга "кутман таң", "сүйөм" деген СМСтер келип жатат" деп айткан. Муну кийин ошол аяш апабызга айтса, ал "тамашалап гезиттерге чыккан сөздөрдү кетирип коюп жүрөм" деп айтыптыр. Апам "өзүм кармап албагандан кийин каяктагыны айтып жатам" деп кайра өзү жаман болуп жүргөн.
Акыркы жолу атам апамды сабаганда мен жок болчумун. Апам эртең менен мага телефон чалып, "атаңар кечээ сабады. Каракуш жакка катуу чапкан окшойт, башым чыдатпай ооруп жатат, жумушта отурам" деди. Андан кийин ооруканага жеткиришиптир, анан эле апабыздан айрылып калдык...
7-класста окуган сиңдимдин айтканына караганда, ал кечки саат бештерде сабактан үйгө келе жатса, апамдын жоолугу дарбазанын сыртында жерде жатыптыр. Үйгө кирсе апам ыйлап отурган экен, атам болсо ошол замат сыртка чыгып кетиптир. Анан атам үйгө кирип, апам ага чай берип жатса, атам чай ичкен столду көңтөрө тээп, кайра уруш баштаптыр. Кичинекей сиңдим чырылдап ортого түшсө дагы болбой каракуш жагына 5-6 жолу чааптыр. Муну медициналык экспертиза дагы далилдеген.
Апамдын катуу сабалгандан улам каза болгонун врачтар айткандан кийин атамдын бул кылыгын жашыргым келген жок. Кандай болсо да ал менин атам, мага абдан оор болуп жаткан кез. Кечиришти же кечирбешти билбейм. Атам камалгандан бери бир да жолу барып жолуккан жокпуз. Өздөрү иштеп сатып алган чоң үйдө ээнсиреп эки кызы жашап жатабыз. Атамдын бир тууган эжеси Созул "карыздарын базардагы павильонун жана үйдү сатып төлөгүлө, мага ата-энең 35 миң сом карыз, аны да бер" деп жатат.
"СОТТО КӨП НЕРСЕЛЕР АЙТЫЛБАЙ КАЛДЫ"
Орозбек Стамовдун эжеси Асбүбү Стамова буларга токтолду:
– Иним менен келиним отуз жылга жакын бирге жашашты. Эч кандай уруш-талашы жок эле жүрүшчү. Кошуналары деле "экөөнүн урушканын көргөн эмеспиз" деп тергөөчүлөргө көрсөтмө беришиптир. Иним 3-топтогу майып, бирок ошого карабай иштеп, үй-бүлөсүн багып келген. Келинимдин кан басымы көтөрүлүп ооручу, аны өзү деле айтчу. Ошол күнү жумушка жакшынакай эле кетиптир. Ал жакка барганда кан басымы көтөрүлүп, асфальтка чалкасынан жыгылып башы жерге катуу тийиптир. Аны ал жерде иштегендердин баары көрүшүптүр. Жолдон өтүп бараткан врачтар көрө калып биринчи жардам көрсөтүп, анан ооруканага алып барышкан экен. Келиним эсине келгенде бардык туугандары ошол жакта болчубуз. Өзүнүн жеңесине "Ороздо күнөө жок" деп айтыптыр. Ошол учурда жеңеси "Бактыгүл Орозду сурап жатат" деп айтып жаткан. Куда тарап кызынын айтып кеткен керээзин аткарышкан жок.
Бул жерде көп адамдардан окуя тууралуу суралбай, сотто дагы көп нерселер айтылбай калды. Жактоочу жалдап күнөөнү инимдин моюнуна илдирип, каматып жиберишти. Биз инибиздин мүлкүн талашкан жокпуз. Өздөрүнүн карыздары бар экен, контейнерин ошолор алып алышкан. Орозбек мурдатан ооруп жүрчү, түрмөдө ага жакында эле операция жасалды. Келиндин туугандары сөөк коюлгуча эле "биздин прокуратурада тааныштарыбыз бар, иниңерди түрмөдө чиритебиз" деп кыйкырып жатышкан.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg