"Француздар, испаниялыктар биздин күү-ыргактардын маанисин түшүнбөсө да, искусствону жогору баалашат. Бизде искусствону кадырлаган күйөрмандар саналуу гана. Бул элибиздин сабатсыздыгы эмес, турмуш шартынын оордугу, ашыкча маселелердин көптүгүнөн. Себеби концертке келсе деле терең ойго чөмүлүп, капалуу отурушат",- деген коногубуз фольклор ырчысы Фарида Өмүрзакова маек төрүбүздө.
"КОНЦЕРТ УУЛУМДУ ЭСКЕРҮҮГӨ АРНАЛАТ"
– 5-апрелде оркестрдин коштоосунда уулум Азамат Акматбековдун жаркын элесине арналган эскерүү концертин өткөрөйүн деп жатам. 2014-жылы балам ырчы болом деп чыгармачылыкка кадам таштаган. Анын репертуарында 5 ыры, 3 клиби бар болчу. Ошол жылдын май айында концерт өткөргөнбүз. Ошондон кийин элдин көзү тийдиби, сөзү тийдиби, бул жарык дүйнө менен коштошуп кете берди. Себебин түшүнбөйм, табышмак бойдон калды. Азамат тууралуу айтсам, жогорку билимдин ээси болчу. Үйлөнгөнүнө 2 ай эле болгон. Аркасында бир кызы калды. Неберем 2 жарым жашта. Азаматтын арбагы ыраазы болсун деп уулумдун төрөлүшүнөн чоңойгон кезине чейинки убагын сахналаштырып көрсөтүп берейин деп чечтим.
"ҮЧ БАГЫТТА МУЗЫКАЛЫК БИЛИМ АЛДЫМ"
– Балалыгым Жалал-Абад облусунун Октябрь айылында өттү. Музыкалык өнөр ата-энемден берилген. Атам комузда кол ойнотчу. Ал эми апам музыкалык билим алса үнү сопрано болмок. Ошондон улам үй-бүлөдөгү 9 бир туугандын бешөөсү комуз черткен, чыгармачыл адамдарбыз.
1985-жылы орто мектепти аяктап, музыкалык окуу жайда 4 жыл билим алдым. Мен анда комуздан сабак алайын деген тилек менен келсем, мени кыл кыякка бөлүп салышты. Анан "өмүрү көрбөгөн аспапта кантип кол ойнотом?" деп баш тартып кетип калгам. Ошентип сабакка бир ай барбай жүрдүм. Анан ойлонуп "айылга барсам баланчанын кызы окуй албай келиптир деп сөз кылышат" деп намыстанып, кайра сабакка бара баштадым. Агайлар дагы биздин кызыгуубузду арттыруу үчүн оркестрдин коштоосундагы концерттерге жиберип турушту. Биринчи көргөндө биздин деле колубуздан келет экен деп кызыгып калдым. Билим алуу эч качан кеч эмес деп, комуз боюнча жогорку билимди сырттан окусам, вокал боюнча билимди өзүмдүн уулумдун курагындагы кыздар-балдар менен тең тайлаша алдым.
"ЧЕТ ЭЛДИКТЕР КЫРГЫЗ ЫРГАКТАРЫН БААЛАШАТ"
– Жалал-Абад облусундагы Барпы Алыкулов атындагы Маданият техникумунда студенттерге кыл кыяктан сабак берип 13 жыл иштедим. Андан тышкары Т.Тыныбеков атындагы облустук филармонияда комуз чертип, кыл кыякта ойноп, ырдап өзүмдү бышырдым. Акырындан өсүү болуп Бишкекке көчүп келип, "Доор" ансамблине комузчу болуп ишке орношком. Ансамбль Францияга эки жолу, Испанияга бир жолу атайын чакыруу менен барып келди. Эмнегедир чет элдиктер кыргыз аспаптарын, ыргактарын аябай баалашат. Андан тышкары "Ак марал" ансамблинде 5 жыл иштеп, кийин К.Орозов атындагы оркестрге келип, бүгүнкү күнгө чейин эмгектенем. 13 жылдан бери комуз чертип, кыякта кол ойнотуп нан табам. Ушул жылдары "Билим берүүнүн отличниги" болууга жетиштим. Бул да болсо менин 26 жылдык эмгегимдин үзүрү.
"КАНЧА ЫР АТКАРСАМ ДА ХИТ БОЛГОН ЖОК"
– Ырдап чыгуума биринчи аяштарымдын сөзү түрткү берди. "Сен деген музыкант болгондон кийин ырдаганды да билишиң керек. Кантип ырдаганды билбейсиң?",- деп намысыма тийип коюшкан. Экинчи нерсе, курбу кызым. Ал "вокалдан сабак алып койбойсуңбу" десе, "бул мага акыл үйрөтүп жатат" деп жаман көргөм. Бирок дос күйдүрүп айтат тура. Ошондо музыкант деген ар тараптуу болуп, ырдаганды да билиш керек турбайбы деп аракет кыла баштадым. Ырды атайын жаздырбайм. Аткаруучу катары эле композиторлор менен иштешем. Эң алгач "Энекем", "Балама" деген ырларды аткарып чыккам. Канча ырды аткарсам да хит болгон жок. Себеби элге клип дагы керек экен. Ушул нерсени эми билип, клип тарттырууну колго алдым.
"ӨМҮР БОЮ ТАЯК ЖЕГИМ КЕЛГЕН ЖОК"
– 1989-жылы музыкалык окуу жайды аяктагандан кийин айылга барып калдым. Ошол мезгилде район аралык жарыш өтүп жатыптыр. Сузак районунун атынан ал жарышка катыштым. Болочоктогу жолдошум менен мааракеден таанышып, 2 ай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, бат эле турмуш курдук. Үй-бүлө болгондон кийин ар кандай кырдаалдар болот экен. Жолдошум мени кызганып "сени тиги карап койду, эмнеге карады?" дей берди. Кайненем да "сен ушинтип ырдап-чордоп эле жүрө бересиңби?" деген сөздөрүн айтып жүрдү. Айылда бир айда бир ирет концерт өткөрүлүп турчу, ошол жакка барганга уруксат берчү эмес. Өзүм мектепте музыкадан балдарга сабак берем. Бир күнү көзүм көгөрөт, экинчи күнү да көгөрөт. Анан окуучуларымдын алдына көк ала болуп баргым келген жок. Өмүр бою таяк жегим келген жок. Келечегимди көрө албадым. Ошондон улам кайчы жолго түшүүгө туура келди.
Жолдошум менен ажырашканда балам курсагымда эле. Аман-эсен көз жарып, жалгыз бой эне болсом дагы татыктуу тарбия берип өстүрдүм. Ооба, Азаматты 5 жашына чейин апам менен атам алаканына салып карашты. Тоодой жардам берди. Андан кийин өзүмдүн колума алдым.Ушул күнгө чейин балам багат деп уулума таянчумун. Бирок арабыздан узап кеткенден кийин жашоомду башка нукка бурдум. Бир адамды сүйүп жүрөм, буюрса, быйыл турмушка чыгам. Ал жакшы күндөрдүн келишине саналуу күндөр калды. Азырынча ал жагы көшөгө артында сыр бойдон кала турсун.
Бактыгүл Момбекова
star@super.kg