Баястан, рэп ырчысы: "ТЕКЕ" ДЕГЕН ЫР ТЕКЕБАЕВГЕ АРНАЛГАН ЭМЕС"

–Баястан, Бегиш экөөңөрдүн "Теке" деген ырыңар жаштар арасында популярдуу болуп жаткан учуру. Алгач бул ырыңарга түшүндүрмө берип кетпейсиңби?
– "Теке" деген сөз – бул биздин сленг. Америкада рэп ырчылардын өзүлөрүнүн сленгдери бар. Биз дагы өзүбүздүн сленгдерди өнүктүрүшүбүз керек. Теке – эң жакшы, эң сонун дегенди билдирет. Ошондуктан эл жаман кабыл албайт деп ойлодум. Арасында "Эмне эле "текеленип" жатасыңар? Жаныбарларды жөн эле койбойсуңарбы!" дегендер болду. Америка, Орусиядагы рэп ырчылары чыгармаларына жаныбарларды колдонушат. Desiigner деген америкалык рэп ырчы бар. Ал "Панда" деген ыр чыгарып, ошону менен популярдуу болду. Мен аларды деле туураган жокмун. Кичинекей кезимде бул сөздү көп колдонгондуктан, аталган ырды жараттым. Эмнеге текени алдык? Теке деген тоонун үстүндө жашап, эң жакшы чөптөрдү жейт, ошондуктан баары "теке" болсун дедик.

– SUPER.KG порталынын айрым колдонуучулары "сонун болуптур" дешсе, кээ бири негативдүү билдирүүлөрдү калтырып жатышат...
– Бизде "Snovadvoe" юмордук долбоорунун жигиттери менен ушул ырга карата видео тартканбыз. Ошондон кийин сайттардын бири "Өмүрбек Текебаев камалып жатса мазактап, муну менен өзүлөрүн пиарлап жатышат" деп жазышыптыр. Аны угуп жаман болуп кеттим. Биз атайын бир адамга арнап жазган эмеспиз. Текебаев байкебизге мунун эч кандай тиешеси жок. "Текени" Текебаевди камай электе эле жазгам. Ошондуктан жаман көрбөгүлө.

– "Биз клиптерибизди өтө заманбап кылбайбыз. Ал менталитетке туура келиши керек" дедиң эле. Акыркы "Теке" деген клибиңде кыздын бийлегени да катуу талкууга алынды. Өзүңө деле айтып жатышса керек?
– Ооба, көп эле айтышты. Атам дагы "жөн эле койсоң болмок" деди. Бул болгону тверк деген бий түрү катары эле кетет. Андыктан жаман ой болбош керек. Бирөөнүн "пятая точкасын" көрсөтөйүн деген оюм жок болчу. Уялчаак балдарбыз да, кыз бийлеп жатканда аябай уялдык. Ал бийлеп бүткүчө көзүбүздү жаап турдук (күлүп).

– "Бизди да тойго чакыра баштады" дедиң эле, көбүнчө кайсы ырды көп сурашат?
– "Эне тил", "Айтчы" деген ырларыбызды суранышат. "Теке" деген ырды бир эле жолу ырдап көргөм, жаштар жакшы кабыл алышты.

– Киреше алып келген негизги булагыңар кайсы?
– Каражатты клуб, концерттерден ырдап табабыз. Тойлорго күнүгө чыгабыз деп айта албайм, той бизнесинде эмеспиз. Акчанын артынан жүрө берсең инсан катары жоголуп кетесиң. Акчага көңүл бурбай, алдыга умтулуш керек. Рэп көтөрүлсө киреше да көп болмок.

– Дарегиңе айтылган сындар өсүүгө жардам береби?
– Кичинемден чыгармачылыкка аралашып, агам менен клиптерди көп тарткандыктан сын-пикирге бышкам. Азыр сындар мага өсүүгө деле түрткү болбойт. Кээ бирөө "жаман ойлорду жазып жатышат, мен кантип жакшы болом?" деп кыжалат болушат. Мен андайларга көңүл бурбайм, күлүп эле коём.

– Башка жанрда ырдап чыгууну каалабайсыңбы?
– Чынын айтсам, вокалдан сабак алгым келет. Тилекке каршы, убактым тар. Бирок попса жанры мага жакпайт. Мен Мирбек Атабеков, Омар агалардай укмуш ырдай албайм деңизчи. Бирок кээ бир "ча-ча, па-ча" деген ырчыларга караганда үнүм жакшы деп эсептейм (күлүп).

– Бир ырчыны жек көрүп, чыгармачылыгын жактырбаган мыйзам-ченемдүү эле көрүнүш. Сага жакпаган ырчылар барбы?
– Биздин эстрадада 2-3 адам бар. Алардын ким экенин айтпай эле коёюн. Аларды адам катары жаман көрбөйм, болгону чыгармалары жакпайт. Алардын чыгармалары, менин оюмча, кыргыз шоу-бизнесине жарабайт. Анткени кыргыз шоу-бизнеси алдыга жылыш керек. Кээ бир ырчылар ошондой ыры менен артка тартышат. Үнү жок, ырынын маанисине көңүл бурушпайт.

– "Заманбап" деген альбомуңда 3 рэп ырчыларынын чыгармалары камтылган. Бегиш, Баястан жана Каспер. Каспер эмнеге көп чыкпайт?
– Бегиш экөөбүз кыргыз шоу дүйнөсүнө рэп эмне экенин түшүндүрүп жатабыз. Биз эмне үчүн ырчылар менен көп дуэт жаздырабыз? Себеби кечке эле рэп окуй берсең эл тажап кетет. Ошондуктан попса менен кошкондо жакшы экен деп көнө башташат. Менин оюмча, биздин эл ага көндү. Рэптин багыттары көп. Каспер андеграунд рэптин дүйнөсүндө. Анын сахнада 2 лакап аты бар. Балташ деген ат менен кыргызча, Каспер деген ысымы менен орусча ырдайт. Көбүнчө орусча ырдап, кыргызча ырларды жаратпайт. Ошондуктан Кыргызстанда көп элге таанылган жок деп ойлойм. Казакстандык Скриптонит, Jah Khalib деген рэп ырчылары КМШ өлкөлөрүнө ыр жазып жатышат. Каспер дагы "ошолордой болгум келип жатат, орусча жазсам көп адамдар угат экен" деп ойлонот. Ошентип өзүнүн убактысын күтүп жүрөт. Биз болсо патриотпуз да, өзүбүздүн элге жазып жатабыз.

– Чыгармачылыкка аралашканыңа канча жыл болду?
– 2008-жылы биринчи жолу "Сага" деген ырга клип тартып чыккам. Ал клипти көргөндө азыр күлкүм келет, башка деңгээл экен. Ага салыштырсам, азыр өсүптүрмүн. Баары өзүңдөн көз каранды. Сапаттуу жасасаң баары жакшы болот. Бир жылдын ичинде көтөрүлүп кетесиң.

– Чыгармаларыңарды 5 жаштагы балдар жаттап алып угушат. Силерди кумир тутуп, шакирт болууну каалагандар барбы?
"Мени шакирт кылып алыңызчы" дегендер аябай көп. Тилекке каршы, аларга жол көрсөтүп, таптаганга убактыбыз жок. Көбүнчө балдар таарынып калышат. Кудай буюрса, убакыт кенен болуп, өзүбүз мындан да жакшы деңгээлге жетип алалы, анан жардам беребиз. Имангазы аттуу 1-класста окуган таланттуу бала бар. Ошону өзүбүзгө алалы деп жүрөбүз. Ал биздин ырларыбыздын баарын жатка билген азамат бала.

– Буюрса, келечекте дарыгер кесибин аркалайсың. Окууңду качан бүтөсүң?
– Врачтар өмүр бою окушат экен. Мен да жашоомду медицинага арнайм. Анткени бул адамдын ден соолугуна жооп берген кесип. Акча берип бүтүрө албайсың. 1 жарым жыл мурун "Заманбап" деген концерт бергенде жетишпей калып, 1 жыл академиялык тыныгуу алгам. Азыр 4-курста окуп жатам.

– Жоопкерчиликтүү кесип деп калдың. Өмүрүңдү медицинага арнасаң, чыгармачылыкка убакыт табылабы?
– Чыгармачылык менин жүрөгүмдө, аны жан дүйнөм самап турат. Аны менен өзүмдү эркин, бактылуу сезем. Медицина болсо бул менин кесибим. "Ийгиликтүү адам бош жүрбөгөн адам" дегендей, бардык жумуштарды график менен жасайм, баарына жетишсе болот.

– Көпчүлүк мырзалар "үйлөнгөндөн кийин эркиндигим чектелип калат" деп үйлөнүшпөйт. Сен кандай ойдосуң?
– Биздин менталитет рамка коюп коёт, ошондон чыгыш керек. Бири-бириңди түшүнүш керек. Ошондой болгондо эркиндик болот го. Бирок көбү "үйлөнгөндөн кийин түшүнөсүң" деп айтышат. Чын эле үйлөнгөндөн кийин көрөбүз го. Буюрса, максимум 2-3 жылдан кийин мен дагы элден калбай үйлөнөм.

– Маегиңе рахмат, тилегиңе жет!

"Имангазы аттуу 1-класста окуган таланттуу баланы өзүбүзгө алалы деп жүрөбүз".


Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (42)
Aikan1966
2017-03-28 14:28:01
Азаматтар,Имангазы дагы коп талантуу жаштарга комок корсото бергиле,сахнага чыгарууга,туура ырдоого жол уйроткуло
0
admin_superstan
2017-03-28 15:06:19
akuna.matata, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
Beka84
2017-03-28 17:35:26
Реп бул батыштын жанры бизде онуго елек онукпосо да жакшы кыргыздын менталитетине туура келбейт
0
defne15
2017-03-28 20:40:13
Жакпайт и все.
+1
gulu-91
2017-03-28 21:10:42
Комментариилер ха ха гоо
0
Kleopatra01
2017-03-28 23:47:08
Репти силер укпасанар,суйбосонор жакшы коруп уккандар бар.Эптеп эле бироону шыбай бербей унчукпай отуп кете бергиле. Дагы жок жерден Дания экоону уруштуруп салгыла
+1
Meerman
2017-03-29 01:17:02
uialchaak baldarbyz biilep butkoncho kozubuzdu jaap turduk. anan dele ech kim jokto telefondon korup dele alabyz deppi
+1
beki2001
2017-03-29 11:08:22
Теке тоодо журот дебей,теке оорубайт бир гана котур болот дебептир
0
Кайрат
2017-03-29 18:34:51
Теке деген сөз мыкты дегенди эми угушум. Эртең ушуларды окуган жаш балдарга кандайсың десең "бул жагы Теккее" десе таң калбай эле турган болуп калыптыр.
+1
buboli
2017-03-30 01:36:36
эми суйуу пуйуу жонундо ырдап тажашты да ырчылар дагы бироо эчки деп ырдаса тан калбайм бегиш айткандай жаныбардын атын атап ырдаса жаманбы ыр калбай калса ырдашатда
+1
munduz2016
2017-03-30 22:22:05
Мен бул репердин ырларын укпагам.Эми клибин коройунчу "теке"би же жокпу)
0
aiko30
2017-03-31 10:08:50
КЫРГЫЗДАР калп эле беш секундук кыздын бийлегенин коруп алып ар кандай келжирек созунорду койгулачы, Керек болсо жашоонордо андан жаман нерселерди кыласынар. Биз алдыга карай умтулушубуз керке. Рамкадан чыгалычы.

0
Ilgiz97
2017-04-02 22:42:38
Теке деген ыры мага жаккан эмес жакбайт ошо кантип ыр болсун.. Андай ырдан кунуно 1ди жазсан болот
0
joni_91
2017-04-03 08:50:16
2-3 ырчы жакпайт дейт. Сен озун кимге жагасын? Ырларындын мааниси жок рептин баркын кетирип атасын.
0
rustamov.com
2017-04-14 02:57:59
билбейм булардын ыры мага аябай жагат...
0
№ 751, 24-30-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан