ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (27-марттан 2-апрелге чейин)

Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат



КОЙ (21.03-20.04)
Апта башында зарыл маселелерди ийгиликтүү чечүү менен бирге колуңузга акча тийиши күтүлөт. Апта ичинде өнөктөштөр, түгөйүңүз, мыйзам өкүлдөрү менен мамиле кылууда өтө сабырдуу болуңуз. Тирешүүлөр орун алышы мүмкүн. Кийинки жумадан тил табышууга ниеттенсеңиз туура болчудай.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бул жуманын башында көптөн бери күтүп жүргөн үмүттөрүңүз ишке ашат. Аны ишке ашырууда сизге досторуңуз жардам бермекчи. Бирок медалдын да аркы бети болот дегендей, апта ичинде жумушуңузга байланыштуу текшерүүлөр болушу ыктымал. Жок эле дегенде кагаз иштери менен узак убакыт бою аргасыздан иштөөгө туура келет.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жумушуңуздагы негизги маселелерди дүйшөмбү, шейшемби чечип үлгүрүп калыңыз. Антпесеңиз, балдарыңыз жана акча маселелери боюнча апта бою жүгүрүп калышыңыз мүмкүн. Сиздин мындай тынчы жок абалга түшүшүңүзгө балдарыңыз же сүйгөн адамыңыз себепкер болот. Кайсы бир учурда аларга каржылык жардам керек болушу мүмкүн.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жуманын башында алыста жашаган адамдар жана досторуңуз менен максат кылып койгон маселелерди чечесиз. Эртерээк аракет кылыңыз. Негизи аптанын бардык күндөрү үй-тиричилик көйгөйлөрүн пландаштырууда түгөйүңүз менен аяр мамиле кылыңыз. Бир топ түшүнбөстүктөр келип чыгат. Буга акча маселелери да себепкер болушу мүмкүн.


АРСТАН (23.07-23.08)
Жумушуңузга, каржыга байланыштуу маселелериңизди жуманын соңку күндөрү бүтүрүүгө аракет жасаңыз. Ансыз да бул жума сизге жумушуңузга, жолго, документтерге байланыштуу жагымсыз сюрприздерин даярдап турат. Ошондуктан сак болуңуз. Керектүү документтерди, унааңыздын оң экендигин алдын ала бир текшерип коюңуз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бул аптанын башы өнөктөштөр менен көйгөйлөрдү активдүү чечсеңиз туура болот. Бирок аптанын дээрлик бардык күндөрү каржылык жактан түйшүк алып келет. Чыгымдар болуп, бул балдарыңызга же жактырган адамыңызга байланыштуу болот. Эс алууга чыксаңыз, сиз ойлогондон бир топ көп чыгаша болушуңуз турган сөз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жуманын соңку күндөрүндө жумушуңузда каржы маселелерин оң чечүүгө болот. Берген насыяңыз болсо сурап көрүңүз. Апта ичинде өздүк көйгөйлөрүңүздү, үй-бүлөлүк, чарбалык, кыймылсыз мүлк маселелерин чечүүдө бир аз чыңалуу абалына дуушар болушуңуз мүмкүн. Зарыл болгон жана каржылык документтерди көз алдыңыздан бир өткөрүп коюңуз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Сиз бул аптанын башын үй-бүлөңүз менен жагымдуу маанайда өткөрөсүз. Бирок жума бою туугандарыңызга, унааңызга байланыштуу айрым бир маселелер көңүлүңүздү алагды кылат. Кээ бир жашыруун, же байкалбай келген иштер калкып чыгышы мүмкүн. Бир туугандар менен чырдашпоого аракет кылыңыз. Унааңызга техникалык кароо жүргүзүп коюңуз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Үй-бүлө жана жумушуңузга байланыштуу маселелерди дүйшөмбү, шейшемби бүтүрүңүз. Ансыз да жуманын көпчүлүк күндөрүн досторуңуз, өнөктөштөрүңүз менен келишпөөчүлүктө өткөрөсүз. Бул көрүнүш акчаны туура эмес бөлүшүүдөн келип чыгышы мүмкүн. Баары туура бөлүнсө да, достор менен бул күндөрү чоң чыгымдарга дуушар болосуз. Андыктан ойлонуңуз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Башка шаарда жашаган туугандарыңыздын келиши күтүлөт. Эгер баары сиз менен чогуу болсо, алардын жакшы ийгиликтерин угуп кубанасыз. Апта ичинде айрым иштериңиз түрдүү тоскоолдуктарга дуушар болот. Жумушта да түшүнбөстүктөр орун алат. Каржылык көйгөйлөр да келип чыгышы мүмкүн. Ошондуктан бул аптада күтүү позициясында болгонуңуз оң.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптанын дүйшөмбү, шейшемби күндөрү үй-тиричилик, каржы маселелерин чечүүгө аракет кылыңыз. Андай кылбасаңыз, бул жума сиз үчүн бир топ түйшүктүү болушу мүмкүн. Бул жагдайлар, негизинен, түрдүү текшерүүлөргө байланыштуу болот. Жумуштан алагды кылуулар көп болот. Алыскы шаардан келген адамдар менен мамиле кылууда да абайлаңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул жуманын башында кыска мөөнөттүү жол жүрүү күтүлөт. Физикалык активдүүлүктү көрсөтө аласыз. Негизинен, аптанын бардык күндөрү каржылык жактан сак болгонуңуз оң. Келе турган акчанын кечигиши же чыгымга кириптер болушуңуз мүмкүн. Мындай көйгөйлөргө туш болушуңузга айрым ишканалар же пайдасы жок жолдошторуңуз себепкер болушат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 751, 24-30-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан