БИР БҮРКҮМ

  • 2016-жылы август айында Москвадагы «Печатный экспресс» басмаканасында болгон өрт боюнча директору Сергей Москвинге Орусиянын Башкы прокуратурасы 6,6 миллион рубль айып пул салды. Аталган ӨРТ КЫРСЫГЫНДА 14 кыргыз жараны каза болгон. Ишканага чет элдик жарандарды мыйзамсыз ишке орноштургандыгы үчүн айып салынды.

  • Өлкө боюнча 10 600дөн ашуун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана улгайган жарандарды үйүнө барып социалдык жактан тейлөөгө 927 СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТКЕР бөлүнгөн. Аталган маалыматты Социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

  • Ош облусунун Өзгөн районундагы Шагым айылына 18-март күнү ЧАГЫЛГАН түшүп, короодогу чөп, 1 уй жана 30 кой күйүп кетти. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

  • Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ болуп өзгөртүлдү. Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев 18-мартта кол койду.

  • 21-март күнү Нарындын Ат-Башы районунун Казыбек айыл аймагынын 47 жаштагы тургуну мал издеп кетип, КӨЧКҮДӨ КАЛЫП каза болду. Аталган районго ӨКМ аба ырайына байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизген болчу.

  • Бишкек шаарында акыркы 2 айдын жыйынтыгы боюнча КУРГАК УЧУК менен ооругандардын саны 7,2 пайызга өскөн. Маалыматты Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.

  • Кыргыз мамлекетинин Куралдуу күчтөрүнө Кытайдан 1 МИЛЛИАРД СОМ жардам берилет. Республиканын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Кытайдын Коргоо министрлиги менен 100 миллион юань (расмий курс менен 1 миллиард сом) алуу боюнча макулдашууга кол койду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

  • «Азаттык медиа» мекемеси («Азаттык» радиосу) менен «ПроМедиа» коомдук фондунун (Zanoza.kg сайты) БАНКТЫК ЭСЕПТЕРИ камакка алынды. Бул кадам Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде болгонун Бишкектин Ленин райондук сотунан маалымдашты. Эске салсак, Башкы прокуратура аталган эки мекемени «президенттин кадыр-баркына шек келтирди», «так эмес маалымат таратты» деп 6-мартта компенсация өндүрүү талабы менен сотко берген.

  • Өлкөнүн ЕАЭБге кириши менен МИГРАНТТАРДЫН абалы жакшырды. Бул маалыматты Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев президент Алмазбек Атамбаевдин 23-марттагы кабыл алуусунда билдирди.

  • 29-мартта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы менен Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин V ЖЫЙНАЛЫШЫ болот. Анда 2040-жылга чейинки стратегиялык пландар талкууланат.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 751, 24-30-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан