СЫЙКЫРЧЫНЫН СЫРЛАРЫ

Фокусчу, сыйкырчы болууну канчалык самаса да, баары эле өздөштүрүп кете албайт. Мүмкүн, бул кесиптин ээсинде табият тартуулаган өзгөчөлүк бардыр. Бүгүн биз иллюзионист же көз боочу тууралуу сөз кылгыбыз келип турат.

Иллюзия “illusio” деген латын сөзүнөн алынган. Которгондо «адашуу, чаташуу, жаңылышуу, алдануу» дегенди түшүндүрөт. Иллюзионист алдоонун негизинде чыныгы нерсени буруп көрсөтөт. Ал эми фокусчу – колдун тез кыймылы менен укмуштуу, таң калтыруучу көрүнүштү тартуулай алган адам.

ФОКУСЧУ МЕНЕН ИЛЛЮЗИОНИСТТИН АЙЫРМАСЫ

Фокусчу менен иллюзионисттин айырмасы өтө деле чоң эмес. Фокусчу акырындап иллюзионист болушу мүмкүн. Ал эми иллюзионист опоңой эле фокусчу боло алат. Мисалы, фокусчу — майда буюмдар (карта, акча, тыйын жана башкалар) менен иштеген сыйкырчы. Башкача айтканда, интерактивдүү маг. Иллюзионист болсо түрдүү чоң аппаратура менен иштеген адам. Мисалы, адамды жок кылып, кайра бар кылып же учуруп койгон көз боочу.

ТАРЫХТА КАЛГАН ФОКУСЧУЛАР

Фокус байыркы мезгилден бери таанылып келет. Тарыхта фокусчулардын изи биздин заманга чейин 1700-жылдары калган. Байыркы Египеттин папирустарында Дедснефудан чыккан Деди аттуу фокусчу таанымал болгондугу сакталып калган. Ал фараондун алдында көптөгөн фокустарды жасап таң калтырган. Чоң-чоң храмдардын эшиги өзүнөн-өзү ачылып-жабылган, шарап кармап турган адамдын шарабы өзүнөн-өзү көтөрүлүп, төгүлгөнгө чейин барган. Муну көргөн фараондор таң калышып, ооздорун ачып эле калышкан.
Орто кылымда Европада фокусчунун иш-аракети алдамчылык деп эсептелинип, көз боочу өлүм жазасына буюрулган.
1584-жылы Реджинальд Скотт аттуу англис жазуучусу “Сыйкырдын сырынын ачылышы” деген китебин жарыкка чыгарган. Анда фокустун көптөгөн түрлөрүн, фокусчулар аны кантип колдонушарын жазган. Автор фокус деген балекетти жок кылуу максатын көздөгөнү менен, ою тескери чыгып, фокусту үйрөнүүчүлөргө жакшы курал болуп калган.
XVIII кылымда фокусчулар менен сыйкырчылар коомдо сыйлуу орунду ээлеп алышкан. Ал доордогу атактуу фокусчулардын катарын Айзек Фоукс толуктайт. Айзек кичинекей нерсени чоң өлчөмдө көрсөтүп бере алчу.
XVIII кылымдын аягы XIX кылымдын башында фокусчулардын саны бир топко көбөйгөн. Ал учурда фокустарды заманбап илимий иш деп, аны аткаруучуларды доктор же профессор деп аташчу. Француз Жан-Эжен Робер-Удэн атактуу адамдарды абага эч нерсенин жардамы жок көтөргөн трюгу үчүн таанымал болуп калды. Кийинчерээк Робер-Удэн “Заманбап фокусчулардын атасы” деген атка ээ болгон.
Дүйнөдөгү улуу иллюзионист деп 1874-жылы туулган Гарри Гудини эсептелинет. Ал турган жеринен жок болуп кете алчу укмуштуудай күчкө ээ эле. Гарри дайыма полиция кызматкерлерине тийишип, анан темир торго түшкөндө оңой эле качып кетчү.

ФОКУСЧУ ИЛЬДАР ЯГОФАРОВ: “ФОКУС – АЛДОО ЭМЕС, ТАҢ КАЛТЫРУУ”

Кыргызстан да бул өнөрдөн артта калбайт. Бүгүн биз таланттуу жана ийгиликтин артынан ийгилик жаратып келген “Престиж” магия тобунун жетекчиси, фокусчу Ильдар Ягофаров менен маек курдук.
– Ильдар, редакциябызга куш келипсиз. Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.
– Рахмат. Мен Ильдар, улутум – татар деп аябай олуттуу баштабаймынбы, ха-ха-ха. 13 жылдан бери иллюзия дүйнөсүнө аралашып келем. Буга менин жеке кызыгуум себеп болгон. Кичинемде атамдын иниси ширеңкенин талын мурдуна салып, кулагынан чыгарганын көрүп, абдан таң калгам. Муну көргөн менин жанымдагы бир нече адамдын көзүндөгү таң калууну, кызыгууну байкап, мен да элди ушинтип таң калтырсам деп кыялдангам. Кыялданып эле тим болбостон, мунун үстүндө иштөөгө кириштим. Китепканалардан фокус тууралуу китептерди алып окуй баштагам. Анан Кыргызстандагы мыкты фокусчу, менин устатым Александр Балбекинге тагдыр жолуктурду. Ушул адам мени көп нерсеге үйрөттү.
– “Престиж” магия тобу тууралуу айтып берсеңиз.
– Топтун түзүлгөнүнө 3 жыл болду. Курамында мен, Алексей Гуцев жана жардамчы кыздарыбыз Ольга Вялова, Елена Берхтольд, Ольга Дегтяренко бар. Биз бир гана Кыргызстанда эмес, чакыруу менен Казакстанда жана Орусияда да иштейбиз.
– Анда көп каражат тапсаңар керек?
– Аз деп айтсам калпычы болом. Чындыгында, биздин кызмат кыргыз эли үчүн эмес, чет өлкөлүктөр үчүн аябай кымбат. Кыргызстанда чакырылган кечелерден 8000 сомдон жогору алабыз. «Чет өлкөлүктөргө эмнеге кымбат?» деген суроо туулушу мүмкүн. Топтогу бешөөбүз тең балдарды аябай жакшы көрөбүз. Акча топтоп, өлкөбүздөгү балдар үйлөрүнө жана реабилитациялоо борборлоруна жардам берип турабыз.
– Ильдар, чыныгы фокусчу кандай сапаттарга ээ болушу керек?
– Эң башкысы, эмгекчил болушу керек. Бир жерде отура бербей изденип, күнү-түнү иштөөсү шарт. Талыкпаган эмгектин аркасы менен түрдүү трюктарды үйрөнүп, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болосуң. Болбой жатса эч качан кол шилтеп кетпей, чыдаш керек. Анан да психологияны терең өздөштүрүү зарыл.
– Фокусчуларды таң калтыруу оор болсо керек? Мисалы, сиз акыркы жолу эмнеге таң калгансыз?
Жакында эле чет жактан аквариумга кызды салып коюп, анан жок кылып, кайра бар кылып койгон иллюзияны көрдүм. Муну кантип жасаганын билем, бирок бул чыныгы сыйкыр деп таң калдым.
– Башка сыйкырчылардан эмнеңер менен айырмаланасыңар?
– Биздин топтун өзгөчөлүгү – микро, макромагиядан баштап чоң иллюзияга чейин жасай алгандыгында. Башкача айтканда, акчаны тытып кайра бүтөгөндөн баштап адамды абага учурган сыйкырларга чейин жасайбыз. Албетте, мындай кызмат көрсөтүүнүн акчасы микронуку микродой, макронуку макродой (күлүп).
– Фокусуңарды үйрөнүүгө болобу?
– Албетте, болот. Негизи, фокусту үйрөнүү тууралуу китептер толтура. Аны ар бир эле адам окуп түшүнсө болот. Бирок баары эле үйрөнө алышпайт.
– Окурмандарыбызга жок дегенде бир фокустун сырын айтып берсеңиз эң сонун болор эле...
– Мисалы, туулган күндү кантип билсе болот? Туулган күндүн датасын 2ге көбөйтүп, ага 5ти кошуш керек. Суммасын 50гө көбөйтүп, туулган айдын катар номерин кош. Чыккан суммадан 250нү кемитсең, үч же төрт орундуу сан келип чыгат. Акыркы эки сан – айдын катар номери, биринчи сан – күндүн датасы.
– Ильдар, чынын айтсаңыз, сыйкыр касиетиңизди жеке кызыкчылыгыңызда колдонгон күндөрүңүз болду беле?
– Албетте, кантип болбосун (күлүп)? Тамаша. Жок, эч качан болгон эмес. Тескерисинче, биз көпчүлүккө, мисалы, акча алмаштырган жерлерде кантип алдап коёрун үйрөтүп келебиз. Алар атайы майда акчаны камдап коюшат да, эгер 1000 сом бериш керек болсо, 200 сомдуктан төрттү алып, беш жолу санашат. Алардын колунун ыкчам кыймылы – алдоонун куралы. Ошондуктан айта кетерим, акчаны өтө майдалатып алуудан алыс болуш керек. Акча алмаштырууда иштегендер атайын үйрөтүлүшөт. Бул да фокустун бир түрү.
– Фокусту алдоонун бир түрү деп эсептейсизби? Негизи эле фокусту кандай максатта колдоносуз?
– Алдоо эмес, таң калтыруу максатында колдонобуз. Капчыгы калыңдар фокусту аябай жакшы көрүшөт. Бул көрүнүштү түшүндүрүп бере алам. Жакында эле бир ишкердин колундагы 47 миң долларлык сааттын жебесин токтотуп койсом, ал онтолоп, жаман болуп кетти. Колдун бир шилтеми менен кайра иштетип койгондо таң калып, бир маалда эсине келип, катуу күлдү. Мына биздин негизги максатыбыз. Көрүүчүнү таң калтыруу менен эргүү да, акча да алабыз.
– Кызыктуу маегиңизге чоң рахмат. Элди ишиңиз менен таң калтырып, рахат алып да, тартуулап да жүрө бериңиз.

Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Адам
2010-04-06 00:46:48
– Мисалы, туулган күндү кантип билсе болот?... degen suroogo bergen joobu emne ozu? Chyndap ele tuulgan kundu bilse bolobu je oshentip bash ailantyp fokus jasap jataby???
0
Kyrgyzzz
2010-04-06 15:06:17
Ozunun tuulgan kunun eseptep 4yk uwul menen,tuura ele eken.Birok,bul "fokus" emes ta.Baardyk ele fokustun jandyrmagyn bilgen son onoy ele bolup kalat.
0
kuppher
2010-04-06 23:16:49
tuura ele deysin. sen datani aytip jatsan, eseptep emne kerek ?
0
temirlan
2010-04-07 01:35:57
owonu aitamda mendele.......anun emnesi focus bilveim......
0
№ 387, 2-9 апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан